(Башталышы өткөн сандарда)
– Иниңиздин аялына үйлөнгөнүңүздү айтып жүрүшөт. Бул чынбы?
– Туура, иним Ахмед каза болгондон кийин бир топ убакыттан соң үйлөндүк.
– Жубайыңыз менен кайсы жерден таанышып калгансыз?
Керем менен Жамиля тиктеше түштү. Экөөнүн тең жарасына тийди.
– Менимче, бул суроолор ашыкча.
– Бул суроого мен жооп берсем болобу?- деди Жамиля акырын.
– Болот.
– Инсандардын кайсы жерден таанышканы, же бири-бирине болгон мамилесинин башталышы менен бүтүшү маанилүү эмес. Менин оюмча, Керем экөөбүздүн азыр жашап жатканыбыз, үй-бүлөбүздүн биримдиги, таза мамилебиз маанилүү. Ошентсе да өтө кызык болсо жооп берейин. Мен Ахмедге жолуга электе анын агасы Керем менен таанышкам. Бирок тагдырдын буйругу менен Ахмедге турмушка чыгып, биздин уулубуз жарык дүйнөгө келди. Керем экөөбүздүн тең жоготуубуз чоң эле. Бири-бирибизди аяп, көңүл жарасын айыктырганга жардам берип жүрүп сүйүүбүз ойгонду. Баш кошо турган болдук. Бул жерде чоңойто турган, сөз кыла турган эч нерсе жок. Биз бактылуубуз! Интернетте жазылып жаткандай менин улутум, жашым, өткөн күндөрүм маанилүү эмес. Келечек бактыбыз маанилүү. Мен келечегимди күйөөмдүн колуна тапшырдым, демек, ага ишенем.
Керем аялын оозун ача тиктеп калды. Өмүр бою интервью берип жүргөндөй токтоо, ынанымдуу сүйлөдү. Жамиля эфир бүткөндө гана денесин майда калтырак басып турганын байкады.
ххх
– Барганда эмне чечилет?
– Чече турган нерсе жок. Тигинин кучагында жатканына да эмес, ага бала төрөп бере турганына да эмес, аны мени карагандай караганына чыдай албайм. Жок дегенде сен түшүнчү, мен өлүп баратам. Мен кеткенде ага барбай турганына ишенгем. Аны менен кайра жашабай турганына 100 пайыз ишеним бар болчу. Анткени ал душманынан да артык душманы болчу. Ал мага, ага, баарыбыздын тагдырыбызга балта чапкан кара ниет эле. Эми ага бала төрөп берет. Анын аялы! Түнү жанында, күндүз колунан тамак ичет, балдарын кучагына кысат. Мен өзүмө сөз бердим. Токтотом, эч ким залал көрбөсүн дедим. Бул Жамиля деген оорудан айыгам дедим. Эч кимге билдирбей күйдүм. Бирок бул видео мени өлтүрдү. Мен андан айыга албасымды сездим.
– Сен да бир аялдын коюнундасың. Алибек, өзүңө келчи. Эмне айырмасы бар, ал аны кантип караганынын? Баатыр, кой, жараны ырбатпа. Баары бир бул нерсенин артка кайтышы жок.
– Сен да түшүнбөйсүң.
– Түшүнүп турам абалыңды, бирок барганда эмне кыласың? Дагы жанын кыйнайсың кыздын. Анын жарасы бүтүп калды деп ойлоп жатасыңбы? Кайра-кайра эле жарасынын картын сыйрый бергениңден эмне чыгат?
Алибек муюдубу, үн каткан жок. Ордунан турду да, машинесине отурду.
– Алибек, бул абалыңда рулга отурба. Бир аз кызып калыптырсың. Мен жеткирип коём.
– Жок, кабатыр болбо, могу турган жерге өзүм эле жетем.
Терезесинен ошентип айтты да, от алдырып жөнөдү. Даниярдын айткандарын ойлонду, Нурилянын жүзүнө тиктеп туруп айткандарын эстеди. Чындап эмнени өзгөртө алат? Баары бүтпөдү беле? Ойлонуп бара жатып ылдамдыкты жогорулатып баратканын сезди. Төмөндөтөйүн деп баратып тим койду. Көңүлүндө бир эрегишүү пайда болду. Балким, кайдыгерлик дагы... «Тойдум баарына» деди тиштене. Акыркы мүнөттө гана өзүнө келе калып рулду бурганга аракет кылды. Бирок кечигип калган болчу. Машине жолдон чыгып барып даракты сүздү.
ххх
– Эмне болду?
– Жөн эле. Сен кандайсың?
– Эртең доктурга барам. Менимче, баары жакшы эле. Алты ай болдук туура.
– Менимче, беш.
Жамиля эмне дээрин билбей калды. Оңтойсуздана кетти.
– Аа, ошондойбу?
– Мен кызымдын ар бир айын санап жүрөм. Аны чыдамсыздык менен күтүп жатам...
(Уландысы кийинки санда)