(Башталышы өткөн сандарда)
– Чарчадыңбы?- деди Диана жанына келип.
– Жок, балдар эмнеге чарчатсын? Торт жеп алып короодо ойноп турушсун, анан ар бирин үйүнө өзүм жеткирем.
Сыртынан караган адамга Алибек эң бактылуу адам эле. Жубайы менен талашып-тартышып мен-сен деп көрбөгөн, көз карашынан түшүнүшкөн адамдар эле. Бирок көңүлүндө бир жара турганы турган. Эч издебегенге, эстебегенге аракет кылса болбогон бир нерседен улам эсине түшөт. Бул көңүл жарасына ал көнүп да калды. Болгону анын оордугу жанын кейитчү. Ал анын ажырагыс бир бөлүгү эле.
ххх
Тапырап чуркап келген кызы Керемди колунан тарта берди.
– Ата, сен мага эмне убада кылдың, эсиңдеби?
– Эсимде жок.
– Айла, атаңды жайына кой. Бүгүн эс алчу күнү.
– Эне, бирок ал мага бактын башына чыкканды үйрөтөм деди.
– Уфф, кызым, бир жолу атаң эс алсын. Башка жолу...
– Атам экөөбүздүн өз ишибиз бар, эне, сен бизге киришпе.
Эки колун бөйрөгүнө алып тирмийип турган кызын көрүп Керем аргасыз күлүп жиберди.
– Кимдин кызы?
– Атасынын,- деди кыз моюнунан кучактай. Айла өтө шок, эрке кыз болуп чоңойду. Керемди бармагынын учунда ойнотчу. Атасы Айла кааласа Айды да алып бергенге даяр эле. Мына бул жолу да бакка чыгам деп өжөрлүгү кармады эле, жок дей албады. Улам өйдөлөй берди.
– Айла, жетет, кызым, болду, ошол жерге токто.
– Жок, ата, бир аз дагы өйдө чыгам.
– Кызым, токтот, жыгылып түшүп энеңден экөөбүз тил угабыз...
Керемдин айласы кетип калды. Аркасынан чыкса ого бетер арылачудай.
– Токто дейм,- атасынын коркуп кеткен үнүн угары менен кыз кылчайып карай берди. Коңгуроодой күлкүсү тыйыла калып сестейе түштү.
– Ата-а...- бутун алсыз бир бутакка койгондо ал карс сынып кетип, кызы бийик жерден учуп кетти.
– Айла!
Бакырып жиберген Керем кызынын жанына чуркап барды, ал эсин жоготуп койгон экен.
ххх
– Менден алгыла, мен атасымын!
Жамиля эч нерсени ойлоно албады. Жүрөгү кабынан чыгып бара жаткандай согуп бара жатты.
ххх
– Эмне-е?
– Кызыңызга каныңыз туура келбеди. Энеси кана?
– Эмне деп жатасың сен? Кантип? Ал менин кызым!
– Ишибизге тоскоол болбоңуз!- жанынан доктор шашыла өтүп кетти.
Керем эч нерсени түшүнө албай коридордо турду. Денесин майда калтырак басып, азыр уккан сөзүн акылына сиңире албай турду. Бул эмне деп жатат? Айла? Шектенүү пайда болду. Аптыгып кетти. Дубалды койгулап жиберди.
– Жок, мүмкүн эмес!
Жамиля ичинен «баары бүттү» деди. Болгону кызына тийбесе болду, өзүн бышырып жесин. Сырткы бөлмөгө чыкты. Керем аны тиктеп турганын сезди. Өйдө карай албады. Мына баарынан оору ушул эле. Жүрөгү мыкчыла түштү. Күйөөсү анын ар бир кыймылынан көзү өтүп турганын сезсе да башын көтөрө албады. Керем жакын келди. Ээгинен өйдө көтөрүп көзүнө тике карады.
– Айла менин кызымбы?
– ...
– Айт деп жатам! Ал менин кызымбы?
Жамиля башын чайкады. Эки тамчы жаш анын колуна тамып кетти. Керем анын көздөрүнө тиктеп туруп суроосуна жооп алды.
ххх
Тизелеп жыгылды. Аркасынан келе жаткан Эге колтуктай калды.
– Мырза, жакшы элесизби?
– Жалгыз калтыр мени. Ооруканада бол.
Ал басып кетти. Эге эч нерсени түшүнбөй ийинин куушуруп кала берди.
Ххх
– Жалгыз калгысы келди.
– Мени ага алып бар. Эмрени үйгө алып бар дагы, анын жанында бол.
– Мырзам эч кимди алып келбе деди жанына.
– Анда машиненин ачкычын бер.
– Керем мырза...
– Бер дедим ачкычты!
Анын жаалы күчтүү эле. Эге аргасыз Жамилянын колуна ачкычты карматты.
Жамиля өзүнө же кызына зыян келтире электе таап, аны менен сүйлөшүүсү керек эле. Бирок таба албады. Чарчап үйүнө кайтып келди. Кызынын бөлмөсүнө баш бакты. Керем ошол жерде отурган экен.
– Келдиңби? Мени көпкө издедиң го.
– Керем, мен...
– Сен мени эч бир жерден таба албайсың. Анткени мен жокмун. Өлдүм! Көмүлдүм.
Жамиля анын муздак чыккан үнүнөн коркуп кетти. Кетенчиктей берип бөлмөдөн чыкканга аракет кылды.
– Токто!
Аял токтоп калды.
– Кел бул жакка!
– ...
– Кел деп жатам!- деп айкырды.
Жамиля жанына жакын келди. Көзүнө тике карады. Эгерде азыр бүжүрөп жан соогалап турса Керем чын эле бир нерсе кылмак болсо керек. Аялынын көзүндөгү жан кечтиликти окуй калды.
– Кимдин кызы?
– Сенин эмес, башкасын айтпайм.
– Акмак катын, акылсыз катын. Сен айтпай койсоң эле баары бүтүп калабы?
– Мени өлтүрсөң өлтүр. Кызыма тийбе. Мени баары бир өлтүрөсүң, билем. Кана, узартпа!
Аялын таң кала тиктеп алды. Анын жаалы, өжөрлүгү, өлүмдүн оозунда туруп да кайрат кылышы тан берип турду.
– Сен кимсиң да, мен киммин?! Сени өлтүрүп койсом артыңдан издеп келе турганың да жок, түшүндүңбү?!
– Билем, өлтүрүп, сөөгүмдү ыргытып ийсең да, эч ким сенден эч нерсе сурабайт. Сенин даражаңды билем.
Керем алкымдан алып муунтуп кирди. Анын кекиртегине жабышкан колдорун чыгара албай алсыраган Жамиля өлүп бара жатканын сезди.
Колунда деми буулуп өлүп бара жатат. Бир саамга кармап турса эле өмүрү түгөнчүдөй.
– Эне?- деп бөлмөлөрдөн апасын издеп келген Эмренин үнү аны реалдуулукка алып келди.
Колун бошото берди. Жамиляны керебеттин үстүнө ыргытты.
– Эмне болду, уулум?- деди ал эшикти толук ачпай туруп.
– Энем кайда билесиңби?
– Ооруканада болчу, азыр келдик. Бир аз эс алып алсын...
Эмре аны тиктеп турду. Ишенбегендей, бир нерсени сезгендей бир топко карады.
– Сага эмне болду?
– Жүзүң купкуу болуп кетиптир.
Керем алдында турган уулун кучактай калып ыйлап жибергиси келди. Өзүн араң кармады да, далысынан таптай берди.
– Сен жат, уулум. Мен Айланын жанына барайын. Билесиң, ал жалгыз.
Машинесине отурду да, ооруканага жөнөдү. Кызынын палатасына кирип жүзүн тиктеп көпкө отурду. «Меники эмес» деп жатты акылы. «Жок, ал сеники, сенден башка атасы болушу мүмкүн эмес анын. Мейли каны башканыкы болсун, анын сага күлө караганы, сүйүп тиктегени, алакандагы жылуулугу сеники. Аны эч ким, дүйнөдөгү эч бир ДНК тести сенден ала албайт. Анын сага болгон сүйүүсүн жокко чыгара албайт. Айла сеники!» деп жатты жүрөгү.
Телефонун алып чыкты, аны менен түшкөн 1000ден ашуун сүрөтү бар болчу. Ар бир сүрөттөн ал Алибектин жүзүн көрүп жатты. Мурун байкабаган майда-чүйдө нерселердин баары жанын сыздатып жатты. «Акмакмын, көз алдымда эмне болуп жатканын байкабаган акмакмын. Кантип эле мени көрөргө көзү жок Жамиля өз эрки менен келди? Демек, тигиниси боюнда кылып туруп албай койгон же үй-бүлөсүн таштай алган эмес. Анан мени тузакка түшүргөн».
Айла ушул кезде эсине келген эле.
– Ата-а...- деп кызынын шыбыраган үнүн укту. Тик багып карай албады.
– Мени кечирип кой, ата.Экинчи тентектик кылбайм. Сен коркпо, мен тез эле айыгам. Экөөбүз бирге деңизге чыгабыз. Бирок сен сөз бердиң, экөөбүз эле. Макулбу?
Керем башын шарт көтөрдү.
– Жок, Айла, мындан ары экөөбүз бирге эч нерсе кылбайбыз...
(Уландысы кийинки санда)