АТАКТУУЛАР СҮЙҮКТҮҮСҮН ТЕЛЕФОНУНА КИМ ДЕП САКТАШАТ?

Сизди сүйүктүүңүз телефонуна ким деп сактаган? Ушул нерсеге кызыгып көрдүңүз беле? Бүгүн биз ушул суроо менен элге төбөсү көрүнүп калган шоу-бизнес өкүлдөрүнө кайрылдык.

НУРЛАН НАСИПТИН «ЗОЛУШКАСЫ» «ЖЕНАГА» АЙЛАНДЫ

– Асел менен жаңы таанышканда Аселя деп эле сактап койгом. Өзүнүн аты эле сонун да. Кийин «Золушка» дегем. Үйлөнгөндөн кийин «жена» деп өзгөртүп койдум.

АЙПЕРИ КУЛБАЕВА ЖОЛДОШУН АТЫНАН САКТАЙТ

– Жолдошум менен жаңы таанышып, телефон номерлерибизди алышканда атынан эле сактагам. Чогуу түтүн булатканыбызга 6 жыл болуп калды, ошондон бери эле атынан сакталып турат.

АКБАР СҮЙҮНБАЕВДИН «ЖАРЫМ ЖАНЫ»

– Жаңы үйлөнгөндөн тарта эле Кундуздун номери «жарым жаным» деп сакталып турат. Жубайым жашоомдун жарымы, жүрөгүмдүн жарымы, үйүмдүн жарыгы эмеспи. Балдарым да билишет, апасы телефон чалса «жарым жаным» чалып жатат» деп мага телефонду көтөрүп чуркап келишет.

АКТАН РЫСКЕЛДИЕВ ЖИНИ КЕЛГЕНДЕ ЖУБАЙЫН МЕДУЗА КЫЛАТ

– Жубайымдын ысымы Феруза, учурда телефонумда ал Ферузахоным деп сакталып турат. Маанайыма жараша өзгөртө бермей адатым бар. Жинге тийгенде жөн эле Феруза, Феруза Медуза деп салам. Ферузочка деп сакталган да номери бар. Жаңы таанышканда ушинтип сактагам, ал ошол боюнча турат. Ал мени «пушистик» деп сактайт, менимче. Эмнеге пушистик билбейм.

ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВА «АЛТЫНЫМ, ЖАНЫМ» ДЕГЕНДЕН УЯЛАТ

– Телефонго бири-бирибизди атыбыздан эле сактайбыз. Биздин убакта алтыным, жаным деген сыяктуу сөздөр уят болчу. Ошол мүнөз калып калат экен. Мен «Саадат жарым» деп сактагам.

ДОБРДУН КЕЛИНЧЕГИ

– Мурда "жёнушка" деп сактап койчумун, кийин ошол сөздүн эле кыргызчасы – "келинчек" деп сактаганга өттүм. Келинчегим мени «муженёк» деп сактап алган.

ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ ЖУБАЙЫН «КАЧАН КЕЛЕСИЗ?» ДЕП САКТАГАН

– Аялымды «качан келесиз?» деп сактап алгам. Менин аялым гана эмес, аялдардын баары эле жолдошуна чалганда эле «качан келесиз?» дешет го.

АЙНУРА САЛАХИДИНОВАНЫН ЖОЛДОШУ 6 ЖЫЛДАН БЕРИ «МАМАЛАК»

– Үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болду. Ошондон бери «мамалагым» деп сакталып турат. Урушуп кеткенде өзгөртүп салгым келет, бирок дит барбайт. Үйдөн да атынан айтпай, мамалак дейм. Азыр балдарым да мени туурап атасын мамалак дей башташты.

АДИЛЕТ ЭРКИНБЕК УУЛУ ИЛИМАНЫ «ТОМПОШКА» ДЕЙТ

– Башынан эле «томпошкам» деп эркелетем. Башында «томпошкам» десем, элдин көзүнчө уялчу, азыр көнүп калды. Илима мени телефонуна «муж» деп сактап алган.

ШИРИН САРЫГУЛОВА ЖОЛДОШУН «АЮУ» ДЕП САКТАЙТ

– Сүйгөнүмдү, жанымды телефонума «аюу» деп сактап алгам. Ал мени «мамалак» деп сактаган. Гастролдоп эле жүрө берет эмесминби, ошого тийишип, «мамалашка мамалак, жүрөсүңбү талаалап?» деп калат тамашалап.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
fanatka19
2018-06-27 09:02:47
жаштарга боло берет эмне деп сактаса дагы бактылуу болушсун. Дилшат эжебиз жакшы жооп бериптир, Ширин эжекебиз токтоно албай кеткен го жаным,суйгонум деп))). Тынар брат издениш керек бироонун айтканын кочуро калбай.
+3
aikokul14
2018-06-27 11:22:52
Мен,My Boss деп сактап койгом,анткени чын эле ал менин боссум,жашоомдогу жөлөнөөр тоом,өйдөдө өбөк,ылдыйда жөлөк болуп,сый урмат менен уул-кыздарды тарбиялап жатабыз.
+2
Meer
2018-06-27 12:30:03
Биз да атыбыздан эле жазып сактайбыз. Куйоомдун аты Нурбек, бир жолу жаны номер алган экен Нурик деп сактап койсом контакттарды текшерип атып мобул Нуригин ким деп мени акырайып карап калды, менда жинине тийип суйгонум деп койдум. Анан номерди коруп аа деп унчукпай калган
+3
nuri00
2018-06-27 15:44:36
Феруза медуза дегени соонунго))пушистик дегени да)
+2
Jakjakynas
2018-06-28 00:39:25
Жан билайн
Жан ошк
Деп сох эткем, ал менин номеримди балам кызымдын атын жазып алган. Романтичная болсо мага жагат. Жарым жаным - жарым - бул менин келинчегим, а.э. жаным ....
0
Benazir08
2018-06-28 06:38:16
Биз деле озубузчо айтып баштабайлыбы?булардан эмнебиз кем...?
+2
Eli.91
2018-06-28 13:46:20
Мен жолдошумдун атынан сактап койгом,жолдошум да менин атымдан сактаган,уят кором алтыным жаным деген создор менен сактагандан.Мен уялам заманбап Келин болушдан,шаарда жашасамда уятт экенин жакшы билем коп нерсенин кобунон озумду тыйып турам.
+2
Bobina
2018-06-29 12:49:47
Жолдолум мени #кампуша# деп сактаган)))
-1
Bobina
2018-06-29 12:50:00
Жолдошум))
-1
nureles70
2018-06-29 15:11:13
Менин курбумдун куйоосунун 2 симкасы бар экен.аны муж1, муж2 деп жазып койгонун коргом
-1
nura74
2018-06-30 15:36:53
Ал эми бизде жолдошум менин Кымбаттуум деп, ал кишинин уюлдугунда Ханышам деп сакталган!
-1
marmiladka9
2018-06-30 23:17:38
жолдошумда былтык ..
менде атынан сакталуу
-1
n.nurzina
2018-07-01 15:07:11
Менде атынан эле сакталып турат. Ал Нур деп жазыптыр. Бир авсыным акамди жаным деп сактаган экен, кайн энем а суйун кучобой кал дейт коруп калып.
0
Arminka00
2018-07-01 16:54:05
Мен Любимый деп сактап койгом)))
-1
NuraidaNuraiErlan
2018-07-10 10:18:13
My деп сактап койгом
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан