ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Зирек ыйлап жиберди. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган аялды кантип соороторун билбей Жаныбек туруп калды.

– Элинага капа болбоңуз, ал балдарына кантип үзүлүп түшүп мамиле кылат билесиз. Ал сизге ишенбегенден эмес.

– Мен кызыма капа болбодум. Болгону мына бул жерим күйүп жатат. Эне болуп туруп эне боло албагандан өткөн оор нерсе барбы? Сен жараткан перзент сени жек көрүп турушунан, же сенден коркуп турушунан өткөн кордук барбы? Мен тагдырга таарынам, башка кимге таарынайын?

– Баары жакшы болот.

– Жок, эч жакшы болбойт. Элина мен энеси экенимди билсе ого бетер менден алыстайт.

– Башында ошентиши мүмкүн, бирок ал сизди түшүнөт. Сиз кызыңыздын жүрөгүн билбейсизби, аныкынан өткөн мээрман жүрөк жок. Сизге бир сыр кылып айтайын. Мен бир кызды таптым. Кыйын журналист. Эч нерседен коркпойт. Элина менен жолуктурдум. Бир аз чочулап тургандай, бирок мындан башка жолубуз жок экенин да билет. Менимче, Элина баарын айтып берет.

Зирек көз жашын сүрттү.



ххх

Азизанын телефонуна чалуу келди. Элина экен.

– Салам.

– Мен макулмун, баарын айтып берем. Болгону мага балдарымдын аман-эсен болуусунун кепилдиги болсун. Седеп эжеге, балдарыма алардын колу жетпегендей болсун. Макулбу?

– Макул.

– Анда күтөм сени.

Азиза телефонун коюп ойлуу отуруп калды. Ишти эмнеден баштаарын ойлоп жатты. Алдында турган жазып жаткан материалынын даамы кете түшкөндөй сезилди. Бул жолу тагдырлар кылдын учунда. Эгерде бир жаңылыштык жасай турган болсо бул аялдын да, анын балдарынын да убалы моюнунда. “Мен бул ишти аягына чыгарам. Менин өмүрүмдүн баасында болсо да Сыялы Тумановдун чыныгы жүзүн көрсөтөм” деди оюнда. Ошол эле күнү бир айлык эс алууга уруксат сурады.



ххх

Азиза тааныштары аркылуу түрмөнүн начальнигине чыкты. “Бизге ээн, камерасы жок, бош бөлмө берсин” деди. Айтканындай кылышты. Анан башташты.

– Аман Алымбеков Кыргызстандагы алтын кенинде көп жылдар бою иштеген, кийин Казакстандагы алтын кенин бутуна тургузган. Ал көп тилди билчү. Бишкектеги Тоо-кен институтун бүтүрүп, 20 жашынан иштей баштаганын айтчу. Каза болгонуна 3 жылдан ашты.

Элина эриндери дирилдеп токтой калды. Камеранын алдында сүйлөгөн ал үчүн оор эле.

– Элина, сен азыр телевизорго чыгып жаткан жоксуң. Бир аз эс ал. Бардыгын башынан баштап айта бер, мен керек жерин гана алам.

– Уф, эмнеден баштаарымды билбейм.

– Таанышканыңардан башта...

Элина көзүн жумду. Терең дем алды. Башы эмнеден башталган эле? Башы чоң сүйүүдөн башталган...


ххх

– Анык бомба болот. Силердин каналдын рейтинги учат.

– Эй, эй, акырын, сенин материалың менен менин башым кошо учуп түшпөсүн.

– Эмнеден коркосуң?

– Эй, элестет, сен ажыдаардын өзү болгон Тумановго согуш ачып жатасың. Түшүнүп жатасыңбы?

– Ал азыр ажыдаар эмес. Чал,- деп күлүмсүрөгөн Азиза тигини жооткотуп койду. – Мага ишен. Сен үчүн рейтинг керек, туурабы?

– Керек.

– Прайм-тайм учурунда бересиң эфирди, макулбу?

– Сен такыр жиндисиң, Азиза.

– Баары жакшы болот.

– Эмнеге менин каналым?

– Анткени сен коркпойсуң. Жаңыча иштегенди билесиң. Мени дагы билесиң. Айтчы, сени качан уят кылдым эле?

– Ойлоном, азырынча убада бере албайм.

– Ойлон. Юридикалык жактан менден сабаттуусун таба албайсың. Мага деле материалым бүткөнчө бир ай керек.

Азиза шаардык телеканалдын бирине келип ушинтип сүйлөштү. Нуржигит алдыңкылардан болуп ойлонгон, өз ишин мыкты билген жигиттерден болчу. Экөө эл аралык сайттардын биринде таанышып калышкан. Азизанын аркасынан карап туруп башын чайкады. Бул баары бир айтканын кылат. Коркпойт. Ичинде бир чоң ыза бар. Туманов сыяктуу бирөөнүн тагдыры менен ойногондордун сазайын берет. Бул ушундай кыз...



ххх

– Кечириңиз, мен сизди капа кылайын деген эмесмин. Болгону эмнеден улам түрмөдө жатканыңызды билейин дегем.

– ...

– Седеп эже, бул жерде отуруп алып балдарым эмне болду деп жаным чыгып жатканын жакшы билесиз.

– Билем, Элина.

– Бул сизге ишенбегенден эмес...

– Аны да билем. Сага капа болбодум. Мен... Мен дагы түрмөгө түшкөндө 4 жаштагы кичине кызым бар эле. Алгачкы күндөрү жинди болуп кете жаздачумун. Таң атканда ойгонуп кетсем, ар дайым сүт жыттанган жыты мурдумда. Карасам боз дубалдын арасында жалгызмын. Ар таңда кара терге түшүп ошентип ойгончумун. Мен сенин абалыңды жакшы түшүнөм.

– Кийин кызыңызга жолуктуңузбу?

– Жок.

– Издеген жоксузбу?

– Издедим. Таптым. Бирок...

– Анан?

– Ал мени өтмүшүм менен кабыл албай турган абалда экен. Турмуш куруптур. Күйөөсү да даражалуу адам экен. Мен барып кызымды уят кылгым келген жок. Ал болсо менин тирүү экенимден кабары жок.

Элина кучактап калды. Үн-сөзсүз жөн гана кучактай берди.

– Кечириңиз мени...

Зиректин мурдуна тааныш жыты урду. Чачтарынан, моюнунан жыттап алды.

– Эч нерсе эмес,- деди ал муңайым.

– Эми мени угуңуз. Жаныбек сиз жана балдар үчүн бир жай даярдашты. Айылда. Ысык-Көлдө. Эч бир муктаждык болбойт деди. Сиздер ошол жакта болуп турушуңуздар керек. Дайым Жаныбек менен байланышып туруңуз. Алим байке да бар. Эгерде иш тескери кете турган болсо... Алия мектепке барарына аз убакыт калды. Ал убакка чейин жыйынтыкталбаса, ошол айылдын мектебине бериңиз. Суранам, эгерде мага бир нерсе болсо...

Коркунучтуу сөздүн аягына чыга албай токтоду.

– Сага бир нерсе болсо мен сага эч нерсе убада бере албайм. Анткени мен сенсиз жашай албайм,- деди Зирек.

– Ал эмне дегениңиз?

– Ал сага эч нерсе болбойт деген кеп. Сен бизге келесиң!

Зирек Элинаны дагы бекем кучактай берди. “Сенсиз жашай албайм, кызым” деп жатты ичинен.



ххх

– Аа, сенби? Кел,- деп Нуриза сүйүнүп кетти.

– Салам!- деди күлүмсүрөгөн Азиза.

Колундагы боёкторду фартугуна сүртө берди.

– Өтүп баратып тие кетейин дедим. Жаңы сүрөттөрбү?

– Ооба, эл аралык көргөзмөгө даярданып жатам. Көп жылдан бери мындай эргүү менен иштей элек элем.

– Хм, ийгиликке жетишесиз деп ойлойм.

– Мен дагы.

– Москвадан кийин Бакуга барабыз,- деди кубанычтуу күлүңдөгөн Нуриза.

– Аа, жакшы, өткөндө сүрөттү жакшы карай албаптырмын. Бул депутат Аман Алымбеков эмеспи?- деди Азиза бир сүрөттү карап.

Нуриза кубарып кетти.

– Жок, ал Аман эмес...

– Аман Алымбековду тааныйсызбы?

– Мен...

Нуризанын көздөрү чоңоюп кетти. Кыздын капкара тикенектей сайылган көздөрүнөн кайда качарын билбей турду.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Baiana2017
2018-12-18 09:21:45
Оттоле аз го
+2
mahabat.
2018-12-18 09:30:24
Москвада 6:29,мен биринчи окудум окшойт
0
Jetigen99
2018-12-18 15:47:45
mahabat.,мүйүз чыктыбы
-2
Paprikafm
2018-12-18 10:09:25
Үчүнчү дейинби
0
Aigesha1511
2018-12-18 10:20:40
Ооба точна бул мама деген турк сериалынын озу.
0
Jetigen99
2018-12-18 15:48:19
Акыры не болот экен ошону эле жазып койгулачы
0
originalkgz96
2018-12-19 00:39:07
Ии
0
Kenai
2018-12-24 11:33:35
Мен канчанчы
0
vip.aidan96
2018-12-25 09:04:07
Жаңы саны качан чыгат
0
admin_portal
2018-12-25 14:36:18
vip.aidan96, саламатсызбы! Кийинки шейшемби күнү чыгат.
0
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан