Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга жыл сайын бюджеттен 500 МИЛЛИОН СОМ кетет. Бул тууралуу “Учкун” ишканасынын директору Дайыр Кенекеев билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри УЛУКБЕК КОЧКОРОВ муктаж жарандарга жардам берүү боюнча мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады.
Азербайжан соту Бакуда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ ӨТКӨРҮП берүүгө уруксат берди.
Токтогулдун Торкен айылында маданият үйү өрттөнүп, андагы китепканада 11 МИҢ КИТЕП күйүп кетти.
Таластын Кызыл-Адыр айылында 7-класстын окуучусу МУГАЛИМ ТАРАБЫНАН САБАЛГАНЫН айтып, кыздын апасы милицияга арыз жазды.
Экс-президенттерди КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН ажыратууну караган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда карады.
Депутат Исхак Масалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жер-жерлерге барууда ЖОЛДОРДУ ТОСТУРУП жатканы үчүн сындады.
"Ата Мекендин" лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ абактан Улуттук кардиология борборуна которулду.
Бишкекте "Берекет" базарындагы өрттөн жабыркаган 312 СООДАГЕРГЕ январь айында жаңы имараттан орундар берилет. Бул тууралуу "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов билдирди.
Жумгалда Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарынын БАЛДАРЫ МУШТАШЫП, 8-класстын окуучусу каза болду.
Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын директоруна өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабаганы үчүн 200 МИҢ СОМ АЙЫП салынды.
Бишкекте табып ХАШИМ ЗАЙНАЛИЕВге “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши ачылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.