ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк). ЖАҢЫ СЕРИАЛ

(Башы өткөн сандарда)

ххх

Эч нерсе болбогондой телефон чалгансың. Уйкусурамыш болуп...

– Уктап калыпмын. Чалган турбайсыңбы.

– Хе, сен эмне кишини жинди ойлойсуңбу?

– Токтосоң, сен эмне Бишкектесиңби? Номуруң бул жактыкы го? Муня-я, айтып койбойт белең? Кайдасың? Келчи азыр... Өл-лө сагындым.

– Эй, акмак! Сен эмне мени көк мээ ойлоп жатасыңбы?! Чалба мага!- кыйкырып сөзүмдүн аягына чыкканча телефонуңду коюп салдың. Кайра чалдым, албадың. Ашата сөгөйүн дегем. Кайра чалдым, дагы албадың... Уф, Жози, мынча шүмшүксүң! Акыркы чекитти мен койбой калганыма арданып кайра-кайра чалып, же сен албай, ичим бышып жинди болуп кетейин дегем.

– А-аа!- бакырып туруп телефонду дубалга бир чаптым. Сенин айыңдан канча телефон талкаланды?

Эртеси керебетте мас бойдон ойгондум. Башыма биринчи болуп эле сен келдиң. Ошол бойдон кетпей койдуң. Өзүмдү тааныбай турдум. Ачуумду, сезимдеримди башкара албай калган жинди болуп калыптырмын да... Ал кезде байкаган эмесмин. Азыр жылдар өткөндөн кийин аңдап отурам. Бирок ал окуядан кийин 1 жума ичип, сени сөгүп жүрүп, экинчи жумада кайра эле мээси айланган койдой болуп сага чалып баштагам. Же сен алсаңчы! Күйгүзөсүң да, күйгүзөсүң...



ххх

Бул күндөлүк... Сен тууралуу жазуу... Билбейм, эмне деп жазышты? Өткөн күндөрдү санап берүү мени канчалык жеңилдетет? Мен жеңемби? Же дале лох бойдон каламбы? Жашооңдон ушунчалык оңой эле чийип коёсуң адамдарды. Сүйбөгөн адамды ошентип чийип койсо болот. Мен деле Айгеримди ошентип чийип койгом. Бирок... Сен мени сүйөм дечү эмес белең? Сенин тизмеңден чыгып калыш канчалык азап экенин билсең го.



ххх

Сенин толтура кылыктарыңа көз жумуп салгам. Сүйүү сокур кылат. Сенден кемчилик көрө албай койгом. Оо, көк мээ! Өзүмдү-өзүм ушинтем. Баары көрүшкөн, “Эй, токто! Токто-о!” деп кыйкырышкан. А мен көргөн эмесмин, уккан эмесмин. Анан акыры эмне болду? Шөлпөйүп, сакалым өсүп, мусапыр болуп отурам. Токтот, Мурат! Сен акыры бир күнү турушуң керек! Балким, бүгүн туруу керектир. Эсиңе келсеңчи, Мурат. Жашсың, жашоо али алдыда го. Жыгылган жерден күч таап, таянып туруп жашаш керек го!

– Кантип? Жашоо болобу? Тээтиги акмак кыз бүтүндөй өлкөгө шерменде кылып бүткөндөн кийин жашаппы? Жок! Жок! Жок!

– Анан эмне кыласың? (Башымда өзүм менен өзүм диалог кылып баштадым. Көк мээмин...)

– Өлөм!

– Оо, сонун идея! Өл, анан эртең чуу болот! “Жозефинанын мурунку күйөөсү асынып өлдү” деген жаңылыктар чыгат. Элестетип жатасыңбы? Баары Жозефинаны сөгүшөт. Анан сени дагы сөгүшөт. Эркек аттуунун баарын ушул кеңкелес уят кылмай болду деп шыпшынышат далай эркектер. А сен өлүп жаткан болосуң. Баарынан күлкүлүүсү эмне болот билесиңби?

– Эмне болот?

– Биринчи болуп сенин Жозефинаң интервью берет. Ыйлап. Жакшы киши болчу деп. Тилекке каршы, тагдыр ушундай экен деп... Ха-ха-ха-а... Элестеттиңби? Өлөсүңбү?

– Ооба, шылдыңда! Өзүңдү-өзүң ошентип шылдыңда. Өзүң менен сүйлөшкөнүң көк мээлик болчу. Эми өзүңдү биротоло шылдыңда. Эй, сенде шизофрения жокпу? Бар, күзгүгө барып каранчы!

– Жап жаагыңды, экөөбүз бир адамбыз! Бирок мен сенин күчтүү тарабыңмын. Баягы Жозефина менен картаң режиссёрдун үндөрүн укканда, ашата сөгүп театрдан чыгып кеткен болчумун! Андан кийин мээң болсо кайра кайрылып барба деп ичиңден ач айкырык салган мен болчумун. Бирок сен мени уктуңбу? Сен алсыз тарапка оодуң! Сен Мураттын жеңиле бергенге көнүп алган, алсыз тарабысың. Тебелеп-тепсеп жатса деле чыдай берген, көк мээсиң... Силер мени жашатпай койдуңар! Басып, тумчуктуруп отурдуңар! Эми дагы ушу караңгы бөлмөдө, шөлпөйүп отур деген турасыңарбы? Өл деген турасыңарбы? Болбойт, тургула!

– Жапчы жаагыңды!

– Өзүң жап жаагыңды! Тургула! Өч алабыз! Өлтүрөбүз!

– Омей, кимди?

– Сени анан Жозефинаны.

– Оорулуу могу чындап...

– Турчу, Мурат, өзүңдүн алсыз тарабыңды өлтүр! Күчтүү Мурат гана калсынчы. Чыныгы эркек Мурат калсынчы! А тиги “подкаблучникти” тебелеп-тепсеп ташта! Өлтүр, анан Жозефинаны өлтүрөбүз.

– Жозефинаны эмнеге?

– Атаңдын башына! Эмнеге дейт дагы. Биз эмне Жозефинанын түбөлүк кулу белек?

– Эй, биз дегениң ким?

– Сен алсызсың! Колуңдан күндөлүк жазган, ыйлаган, Жозефина деп шөлбүрөгөн гана келет. Сага чала! Ойгончу, Мурат, турчу! Сен эркексиң го, энеңдурайын!


ххх

Күндөлүктү жазбасам жинди болуп кетмекмин. Жинди болуп баратып эле жазгандарымды кайра окуп, муздак суу куюнгандай соолуга түшөм. Кечээки жазгандарымды окуп чыктым... Мына менин кейпим. Моюнума алайынчы, балким, чынында эле мен күчтүү тарабымды басынтып жаткан болсомчу. Менде күчтүүлүк, өжөрлүк бар эмес беле? Мен ушинтип караңгы бөлмөдө депрессияда отуруп кала турган киши белем? Жок, ойгонушум керек!


ххх

Сакал-мурутумду алып, кечээ көптөн бери биринчи жолу эшикке чыктым. Машинамдын от ала элегине канча болуп кетти? Унаа токтоткон жайды көздөй жөнөдүм. Маңдайымда 2 жаш кыз келе жаткан. Жанымдан өтүп эле кобурашып башташты. Кулагыма чак эле дей түштү.

– Мурат го, ээ?

– Чын эле Мурат экен. Жозефинанын күйөөсү... Байкуш шалбырап калган го

– Ии, өллө арыктаптыр.

Демим кысылып, кадамым шилтенбей калбадыбы. Алдыда дагы 5-6 киши келе жатат. Баары тааныйт азыр. Баары сөөмөй менен көрсөтүшөт. Баса албай калдым. Кудай жалгап капюшонумду эстедим. Капюшон менен дүйнөдөн жашынып алууга болорун билбедимби. Чүмкөнгөн бойдон машинама эптеп жеттим.



ххх

Шаар кунарсыз. Жол чыракка токтогондо эки тарабымды карабайм. Кокус бирөө эле тааныса сөөмөй менен көрсөтчүдөй.

ЦУМга жеттим. Телефон алдым. Орус сатуучудан. Кыргыздар дароо тааныйт да. Ысып-тердеп жатканыма карабай капюшонумду чечпей койдум. Телефон колума тиери менен Инстаграмга кирип эле сенин сүрөттөрүңдү караганы жатам... Рефлекс болуп калыптыр. Токтот! Токтот, Мурат! Күчтүү болчу!

– Күчтүү боло албайбыз? (Кайра диалог башталды.)

– Эмнеге?

– Антип өзүңдү-өзүң алдабачы. Жозиң жыргап жүрсө башка менен... Сен күчтүү болуппу?

– Ошондуктан аны өлтүрүү керек дебедимби?

– Көк мээсиң го! Ал алсыздык! Дагы күчтүү болом дейт. Эсиңе кел, түрмөдө чирийсиң.

– Анда баары бир жооп алыш керек андан? Кантип ушуга барды? Тизелетип кечирим суратыш керек.

– Эмне-е?

– Ооба. Тизелетебиз, кечирим суратабыз.

– Анан ошентсең эле баары жай-жайына келип калабы?

Токтот! Диалогду токтот! Жинди болуп баратасың...



ххх

Түшүмдө күзгүдөгү элесим менен сүйлөшүп жатыптырмын. Менде шизофрения башталгандай... Кудай сактаса экен! Баарынан дагы күзгүдөгү элесим кыйкырып-өкүрүп мени сөгүп жатат. А мен жүрөгүм лакылдап коркуп турдум. “Бул шүмшүк Жозефинаны бир балээ кылбаса экен” деп санаа чеккенимчи. Карачы, түшүмдө да сени ойлойм, сен деп санаа тартам... А сен жыргай түш. Жыргай берсең... Улам жинге тийип.


ххх

Инстаграмга кирбегенге, сүрөтүңдү карабаганга канча аракет кылдым. Бирок... Мен ушунчалык алсызмын.

Менин сүйүүм, менин тозогум, менин бейишим... Жозефина! Мен сени сүйөм! Сүйөм, жек көрөм! Мен эмес, сени далайлар сүйүшөт. Бөтөнчө жансың. Өжөрсүң, акылдуусуң, көрөгөчсүң, көк бетсиң, күчтүүсүң. Далайлардан күчтүүсүң. Күчүң сулуулукта, күчүң кумарда, күчүң өзүмчүлдүгүңдө! Билем, мени көп эркек сөгөт. Бирок алар сенин ким экениңди билбей сөгүшөт. А эгер билишкенде... Айтылуу Троя согушу Еленанын айынан башталган. Бир сулуунун, бир аялдын айынан. Сенин ким экениңди билген эркек да сүйүүңө татыш үчүн далайын садага чабар.

Мурат, ушинтип мыжыгыланганды токтотсоң болмок. Дагы ыйлап жатам. Күндөлүктү жазып, көзүмдөн жаш тамып, күчтүү боло албаганыма, өткөндү коё бере албаганыма жинденип, өзүмдү-өзүм сөгүп... Жозефина, мен сенден жооп алышым керек! Сен акыры мага жооп беришиң керек...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Baiana2017
2018-12-25 10:13:51
Барган сайын кызыгы кетип жатат.толковый окуя жок
+17
Dilbaranurdinova
2018-12-25 13:59:04
Baiana2017,кошулам ар серясында бирле создору
+4
vikidiki
2018-12-25 10:18:17
Уряяя деп эркелетчу го ээ?
+6
Kenai
2018-12-25 11:07:43
Каймы актриса жонундо соз болуп жатат
Айтып койгулачы жеке баракчама?
-4
Nargiz-8784
2018-12-25 13:04:01
Kenai, ХХХХХ жонундо го сыягы
0
glaz_almaz
2018-12-25 11:45:17
Ошол "актрисанын" жеке киносундагы терс каарман очошуп "актрисага" каршы, анын атын булгагысы келип чыгарма жазгандай туйултат болушунча жаман корсотуп...
0
originalkgz96
2018-12-25 15:25:17
Комментарийлерди эле окуш керек окшойт
+4
adidas
2018-12-25 15:29:02
чыгарма ким жонунда экенсин Магадан личкама жазылачыы . . . менда билип алайын
+1
Bazana
2018-12-25 16:11:24
Кайсы маалда уйлонууго жетишти эле, чындап эле маанисиз.
+1
Surotchu-kyz
2018-12-25 18:34:37
Окурмандарын өзүнөн түртө баштады чыгарманар. Кийинки санда "Крутой поворот" жасабасанар окубай койобуз))
+9
Birimdik5555
2018-12-25 19:43:32
Муну жозефина озу эле жазган окшойт,озун-озу мактап. Мактанганды аябай жакшы корот го
+3
Gulem
2019-01-25 02:42:40
Birimdik5555,ооба.ким билет.мумкун чон апасы....
0
Asel1994
2018-12-25 19:53:08
Кызыгы кетип баратат. Мааниси жок чыгарма экен. Жакшы кызыктуу чыгарма кутобуз.
+5
Avrora2017
2018-12-25 23:59:35
Чын эле бул жерде чыгармадан да комментер кызыктуу экен, мага лох болдум дегени жакты)))))) Чын эле Айгеримди жон эле чийип койбоду беле, даже тушундуруп соз айтпай, эми озу чийилип лох болуп, жооп алгысы келгенин кара жозефинадан, жашоо бумеранг, жозиден ХХХХ жок эми сага))))))))))))))))
+5
alibekovna
2018-12-26 00:04:01
Лично мага башында кызык болуп бироону элестетип окуп баштагам. Бирок акыркылары диалог менен бутуп кызыгы кете баштады.
+3
Siren.ms
2018-12-26 01:32:30
Мурат бул ХХХХ тамгалар аябай дал келет экен Жозофина ХХХХХ дал келет кутом аягын
+2
Aiko.94.03.23
2018-12-28 20:12:25
Siren.ms,суранам купуя кат кылып жөнөткүлөчүү ким экенин ойлонуп таппай атам
+2
amirrus
2018-12-27 14:18:04
чыгармага караганда коменттер кызыктуу болуптур бул санында
+2
Sirimo1988
2019-04-26 14:09:43
Вааау Жозефен
0
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан