1-июль күнү Бишкек шаардык сот залынан курмандыгын 13 жолу бычак сайып өлтүргөн аял эркиндикке чыкты. Кызыгы, анын эркинен ажыратылышына журналист себепчи болгон. Жана тагдырдын буйругу менен акталып чыгышына да башка бир журналист түрткү болуп отурат. “Коркунучтуу кылмышкер” аталган айымды сот жообунан бошотууга эмне себеп болду?
ТИЛ КАТ КАПКАН БОЛЧУ
2009-жылдын 3-ноябрында “Жылан” аттуу гезиттин ээси, журналист Сейит Мураталиев өз үйүндө жан таслим болгону жөнүндө гезитибизге жазган элек. Сейит Мураталиев кылмышка күнөөкөр деп шектелген Тахминанын күйөөсү Эркинди каматып жиберген. Ал мындайча болгон эле.
Журналист Мураталиевдин машинасын Эркин сатып алып, акысын аз-аздан төлөп берип кутулууга макулдашат. Машина тууралуу чыр улам күчөп отурат. Бир жолу Сейит Эркиндин үйүнө бастырып барат да, балдардын көзүнчө экөө мушташа кетишет. Натыйжада, Сейит Мураталиев арыз жазып, Эркинди каматып салат. Андан кийин сүйлөшүүлөр жүрүп, Сейитке 1000 сом төлөп беришип, ал сотко барып өз арызынан баш тартмак болгон. Бирок акчаны ортомчулар аркылуу алып алгандан кийин Сейит сотко келбей коёт. Күйөөсү же акталбай, же соту болбой, төрт ай СИЗОдо жатканына чыдабаган Тахмина аны бошотууга киришет.
3-ноябрь күнү Сейит өз арызын жокко чыгара турган тил кат жазып бермей болуп Тахминаны үйүнө чакырат. Анан тил катты алуу үчүн төшөккө жатууну сунуштайт. Көздөгөн максатына жеткенден кийин тил катты жазып берүүдөн баш тартат. Ошол учурда Тахминанын үйдө калган эки баласы телефон чалышып, “апа, ачка болдук” деп ыйлап жиберишет. Алардын ыйына чыдабай кеткен Тахмина колуна илинген бычак менен Сейитти 13 жолу саят.
АДАМДЫН ТАГДЫРЫН ӨЗГӨРТКӨН ЖУРНАЛИСТ
Ошол каргашалуу окуядан кийин Тахмина Амантаева өзү милиция бөлүмүнө келип, күнөөсүн мойнуна алат. Тергөө учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча “атайын адам өлтүрүү” күнөөсү коюлган. Ошентип, күйөөсүн түрмөдөн бошотууну көздөгөн аял өзү анын артынан эркиндигинен ажыроо коркунучу астында калат. Мында баары ушинтип аяктамак, эгер Жаркын Темирбаева деген журналист болбогондо.
Жогоруда аталган айым окуя тууралуу уккандан кийин өз иликтөөсүн жүргүзө баштайт. Ал окуя болгон жердеги чакан дүкөндөргө барып, ошол жерде иштеген жигиттерден иштин чоо-жайын сураштыра баштайт. Бирок эч майнап чыкпайт. Акыры СИЗОдо жаткан Тахминага жолугуп, иштин кандай болгонун билет. Жаркын эже бул тууралуу: “Мен өзүм укук коргоочу жана журналистмин. Эгерде укук коргоо органдары аялдын укугун коргоп берсе, бул каргашалуу окуя болбойт эле. Колундагы эки чиедей баласын багып, түрмөдө жаткан күйөөсүн бошотуп алуу үчүн Мураталиевдин бардык сунушун көтөргөнү көрүнүп эле турбайбы. Ошол учурда намысын кордогон адам жылаңачтанып жатып алып “я люблю ласки” деп жатса, көзүнөн чаар чымын учуп, ааламы аңтарылып кетти да байкуштун. Келиндин чарасыз абалын көргөндөн кийин жардам берүүгө белсенип кириштим. Коомчулукту, жогору жакта отургандарды бул көрүнүшкө кайдигер карабасын өтүндүм. Талап кылдым. Ошентип, жакшы жыйынтыкка ээ болдук”,- дейт.
Тахминанын кылмыш ишинен кийин гана анын жолдошу Эркин Айжигитов сот залынан бошотулган. Жасаган айыбына тергөө изоляторунда отурган күндөрү эсептелип, аялынын камалышына, эки баласынын кароосуз калганына байланыштуу абактан чыгарылган.
Кезектешип сот залында отурган жубайлардын тагдырына коомчулук, журналисттер киришпегенде иштин кандай чечилерин эч ким билбейт эле.
Тергөө аяктап, Тахмина Амантаеванын иши Биринчи Май райондук сотунда каралды. Амантаеваны адам өлтүрүүгө түрткөн жагдайлар, анын психологиялык абалы соттук экспертизадан өтүп, күнөөсүн моюнуна алып өзү келгендиги, үй-бүлөлүк абалы эске алынып, 1 жыл 7 айга эркиндигинен ажыратылган.
«АДИЛЕТТИК БОЛОРУНА ИШЕНГЕН ЭМЕСМИН»
Бул иш 30-июнь күнү кайрадан каралып жатканын угуп, Бишкек шаардык сот имаратына бет алдык. Экинчи жолу тагдыры чечилип жаткан Тахмина бул окуя тууралуу бардык чындыкты айтып берди. Телмирип, тагдыр ташы кайсы жагына оой турганын билбей турган Тахмина менен бирге биз дагы соттун чечимин чыдамсыздана күтүп отурдук. Акыры бардык жагдай эске алынып, Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде мунапыс берилип, Тахмина Амантаевага эркиндик чечими чыгарылды. Эки колунан кишен чечилип, эркиндикке чыккан Тахмина дубалга башын жөлөй буркурап ыйлады. Ыйын токтоткондон кийин биз ага суроолорубуз менен кайрылдык.
– Тахмина, адилеттик болорун күттүңүз беле?
– Чынын айтсам, буга ушул мүнөткө чейин ишенген эмесмин. Көрсө, ааламда жакшы адамдар да бар тура. Мага жардам берген Жаркын эжеге, адвокат Канат Хасановго, адилет өкүм чыгарган сотко ыраазычылык билдирем. Булар болбогондо 10 жыл жөн эле мойнума илинип калмак.
– Күйөөңүздүн эркиндикке чыкканын уктук. Негедир сизди тосуп келбеди го...
– Мындан ары укмуш бактылуу жашап кетерибизге деле көзүм жетпейт. Бул окуя баары бир биздин мамилебизге таасирин тийгизсе керек. Ошентсе да уулдарым Чыңгыз жана Ильгиз мени күтүп жатышат. Андан ашкан бакыт болобу? Тиги жакта жатканда балдарымдын туулган күндөрү да өтүп кетти. Кудай буюрса, эмдиги туулган күндөрүн чогуу тособуз.
– Бул окуяга өкүндүңүзбү?
– Алакандай кагаздын айынан ушундай болуп кетти. Бул ишке мен күйөөмдү сактап калуу үчүн эле эмес, тепселген намысым үчүн бардым.
Адвокат Канат Хасанов Тахмина Амантаеваны коргоого анын оор тагдыры түрткү болуп, жактоочулук милдетти акысыз өтөгөн.
– Тахмина Амантаеванын жасаган кылмышы боюнча угузулган айып бир топ эле оор болчу. Анын себеп-жайларын териштирип, жактоочу катары тагылган жаза беренесин башкага алмаштырууга көп күч жумшалды. Акыры эмгегибиз жакшы натыйжа берип, Тахмина эми балдарынын жанына бара алат. Эркиндикке эки кадам калганда...
Тахмина колундагы кишенден бошонуп, сүйүнгөндөн ыйлап жатты.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg