Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилиги, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун милдети, тышкы карыздан кутулуу жолдору боюнча пикирин билдирди.
“КОНСТИТУЦИЯДА “УЗУРПАЦИЯ – ӨЗГӨЧӨ ООР КЫЛМЫШ”
– 2010-жылкы Конституцияга “узурпация – өзгөчө оор кылмыш” деген норма киргизилген. Тилекке каршы, бул норма мурунку Кылмыш кодексине да, жаңы Кылмыш кодексине да кирбей калган. Атамбаевдин иш-аракеттери узурпацияга дал келет. Атамбаев Конституцияда көргөзүлбөгөн реалдуу бийликке ээ болуп, өкмөттү гана эмес, Башкы прокуратураны, Эсеп палатасын, сотторду жана башка мамлекеттик органдарды түздөн-түз көрсөтмө берип, түздөн-түз жетектеп алды. Өзү эле эмес, жан сакчылары, шоопурлары, жардамчылары да өкмөт мүчөлөрүнө, башка мамлекеттик орган жетекчилерине түздөн-түз көрсөтмө берип, жетектеп турушту. Буга далилдер жетишерлик. Ошентсе да Атамбаевди узурпацияда айыптап, жоопко тарта албайбыз. Анткени мурунку Кылмыш кодексинде дагы, бүгүнкү Кылмыш кодексинде дагы бул норма көргөзүлгөн эмес. Конституцияда көргөзүлгөндөн кийин бул сөзсүз түрдө жаңы Кылмыш кодексине киргизилиш керек. Мен "Супер-Инфо" гезити аркылуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына кайрылат элем. Кылмыш кодексине “узурпация” деген жаңы берене киргизип, аны өзгөчө оор кылмыш катары сыпаттасаңар. Бул Конституциянын талабы. Мен ойлойм, бул мыйзамдын кабыл алынышы, кабыл алынбашы учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн да сыноо, өзүнчө тест болот.
“АТАМБАЕВДИ КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА ЖООПКО ТАРТСА БОЛОТ”
– Атамбаевди коррупция беренеси менен жоопко тартса болот. Атамбаев жана анын айланасындагы адамдар узурпация жолу менен өкмөткө, өкмөттүн алдындагы структураларга таасир этип, аларды мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгына каршы, Кытай компаниясынын жана башка жеке компаниялардын кызыкчылыгында аракет кылганга, ал эми кээ бирлерин, тескерисинче, аракет кылбай койгонго мажбурлашкан.
Мына, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону алалы. Атамбаев ыйгарым укуктары боюнча ЖЭБди реконструкциялоо ишине тиешеси жок. Бирок ал жакка өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн, мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин түздөн-түз тиешеси бар. Аларга "коррупция" беренеси менен иш козголсо, Атамбаев ошол топтун катышуучусу, демилгечиси жана жетекчиси катары бул берене менен жоопко тартылат.
“ЖЭБди ЖАҢЫЛООДО КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯН КЕМИНДЕ 111 МИЛЛИОН ДОЛЛАР”
– Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо эң негизги нерсе – мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына келтирилген зыян. Бул зыян минимум 111 миллион доллар болду. Экинчиси – Кытай компаниясынын кызыкчылыгында иш болду. Үчүнчүсү – бул иштерди мамлекеттик бийлик укуктары бар бир нече адамдар жасашты. Беренеде “материалдык же материалдык эмес кызыкчылык үчүн жасаса...” деген жери бар. Пара алганы – бул материалдык кызыкчылык. Пара алганы далилденбесе дагы, Атамбаев жана башка адамдар саясий кызыкчылыктарын канааттандырышты. Алар өздөрүнүн саясий рейтингин, авторитетин көтөрүш үчүн кызыл ленталарды кесишип, “биз Кыргызстан үчүн ат көтөргүс кызмат кылып жатабыз, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын сактап жатабыз” деп саясий дивиденд алышты. Бул сөзсүз түрдө “кылган аракетинин үзүрүн көрдү” дегенге жатат.
“ТЫШКЫ КАРЫЗДАН КУТУЛУУНУН ЖОЛУ – ТАБИГЫЙ БАЙЛЫКТАР”
– Кытай – биздин коңшубуз. Анын дүйнөдөгү экономикалык, саясий, аскер таасири күндөн-күнгө өсүп отурат. Кытай дүйнөнүн биринчи экономикасы болоруна аз эле калды. Биз Кытай менен коңшу болгонубузду өз пайдабызга, өз кызыкчылыгыбызга колдонушубуз керек. Кытайдан алган карыздан кутулуш үчүн Кудай берген табигый ресурстарыбызды эл үчүн иштетишибиз керек. Мисалы, 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү Суу кодексине өзгөртүү сунушун Жогорку Кеңешке алып кирди. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп берип, ошол кездеги президент Атамбаев кол коюп, бул мыйзам долбоорун өткөрдү. Ошонун негизинде “Центерра” мөңгүлөрдү бекер талкалоо жолу менен алтын өндүрсө боло берет” деген мыйзам иштей баштады. Бул экоцид, геноцидге тете кылмыш. Макул, биз өзүбүздүн үлүшүбүздү көбөйт деп талап кыла албайт экенбиз. Ал келишимде 2009-жылы кабыл алынып калган экен. Бирок жаңы кырдаалда, “мөңгүнү бекер талкалай бер” деп уруксат берип жатканда, “бул биздин байлыгыбыз, силер талкалаганы жатасыңар, жылына 200-300 миллион доллар үнөмдөп жатасыңар, жок дегенде ошонун жарымын бизге берип тургула” десе, 100-150 миллион доллар пайда алганга толук укугубуз бар эле го. Бул жаңы келишим менен бекитилсе болот эле. Эгер “Кумтөр” дагы 10 жыл иштей турган болсо, 1,5 миллиард доллар Кыргызстанга түшө турган акча эле. “Кытайдын карызынан кантип кутулабыз?” деп башыбыз маң болуп жатат, ушул акчаны карызды төлөгөнгө жумшасак болот эле го.
“МӨҢГҮНҮ ТАЛКАЛООГО ЖОЛ АЧКАН МЫЙЗАМДЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ КЕРЕК”
– Мен Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына сунуш катары кайрылам. Сиздер Суу кодексине, Атамбаевдин өзгөртүүлөрүнө каршы добуш бергенсиздер. Ошол позицияны карманууну мындан ары улантып, ошол мыйзамды жокко чыгаруу боюнча жаңы мыйзам киргизгиле. Бул мыйзам долбоору Сооронбай Жээнбековду сынаган экинчи тест болуп калат.
(Маекти алууга жардам берген адвокат Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)