Садыр Жапаров: «БИЗДИ 2020-ЖЫЛДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШТЫРБАШ ҮЧҮН ЧЫГАРБАЙ ЖАТЫШАТ»

Кыргыз бийлиги трибуналардан дайыма «коррупционерлердин, уурулардын орду түрмөдө» деп жалындуу сүйлөгөнүнө карабай, элдин ырыскысын уурдаган чоңдордун акчаны казынага кайтарып берип, өздөрү түрмөдө отурганы чанда кездешет. Тескерисинче, абакта бийликти тайманбай сындагандар, бийликтин терс иштерине каршы күрөшкөндөр отурушат. Ар кандай шылтоолордун негизинде. Алардын бири – Жогорку Кеңештин 2 жолку депутаты Садыр Жапаров. Биз жактоочусу аркылуу абакта отурган саясатчы менен кенен маек уюштурдук.

– Садыр мырза, кыйынчылыктар адамды курчутат дейт. Сиз мындай кептин төркүнүн өз жон териңиз менен сезип жатасыз. Кыйынчылыктан сынбай өтүү жеңил болбосо керек?

– Кыйынчылык ар бир адам баласынын башына сыноо катары келет экен. Бирок сыноолор ар түрдүү болот. Оор, жеңил. Алардан сынбай өтүп кетүү ал адамдын өзүнө жараша болот. Болор-болбос кыйынчылыкта өзүн таштап жибергендерди көрдүм. Аларга жылуу сөз менен өзүмдүн башымдан өткөн кыйынчылыктарды айтып берип, "бул убактылуу нерсе, чыдап койсоң өтүп кетет" деп дем берсең кадимкидей кайратына келишет. Кыскасы, адам баласынын башына кыйынчылык түшкөндө тегерегиндегилер дем берип, колдоп турбаса сынып калат экен.

Ал эми менин башымдан оор сыноо, өтө оор сыноо өттү десем болот. Үй-бүлөсүн, бала-чакасын, бир туугандарын аялдары менен кошуп камаган тарыхта болбосо керек? Баш-аягы 120 кишини камашты. Алды беш күндө, арты алты айда чыгышты. Азыр эми үчөөбүз калдык. Чыдадык, чыдап жатабыз. Албетте, сынбай өтүү жеңил болбойт. Өткөндө теледен Өмүрбек Чиркешович сүйлөп жатат: "Артыңда жалпы элиң колдоп, дем-күч берип турса өлүмгө деле кете берчүдөйсүң",- деп. Туура айтты. Эл колдоп, дем-күч берип турса сынбайсың, кайра курчуйт экенсиң.

– Сиздин СИЗОдо канга чыланган сүрөтүңүздү көрүп бүткүл кыргыз кабатыр болгон. Азыр кандайсыз, акыбалыңыз жакшыбы?

– Жакшы. Кудайга шүгүр. Ден соолугум мурдагыдан да жакшы. Сыртта жүргөндө убакыт тар болгондуктан ден соолукка көңүл бура албай каласың го. Бул жакта болсо бошпуз. Бекерчилик. Спорттун бардык түрлөрү менен машыгууга шарттар бар. Спорт залыбыз, футбол, волейбол аянтчаларыбыз бар. Жайды-жайлай футболдон башыбыз чыккан жок. Күндө кечинде футбол, волейбол ойноп жаттык. Кар түшкөнү ойнобой калдык. Кыскасы, акыбалым Кудайга шүгүр.

– Сот чечими менен 11 жарым жылга кесилип, камакта отурасыз. 2017-жылы өлкөгө келбей эле койсом болмок экен деген ойлор келеби?

– Жок. Андай ойлор келбейт. 2011-жылы «Кумтөр» маселесин көтөрүп баштаганда эле ушундай тагдырга туш болорумду билгем. Анткени бул дүйнөлүк масштабдагы мафия экенине ошондо эле көзүм жеткен. Жети өлчөп, бир кескенмин. Ар кимибиз өз керт башыбыз үчүн коркуп же жакындарыбыздын кызыкчылыгын ойлоп, чолок акылдык кылсак, анда биз мамлекетибизди сактап кала албасыбызга көзүм жетип, толук алдыга кеткем.

Эл арасында мени колдогон тарапташтарыма карата «кел, биз колдоп алабыз деп чакырып жатып силер каматтыңар» деген сөздөр айтылат экен. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздердин гезитиңиздер аркылуу элге жана тарапташтарыма айтып коёюн. Мен бирөөлөрдүн чакыруусу менен келген жокмун. Ар бир адамдын алдына койгон максаты, планы болот. Менин да алдыга койгон максатым, пландарым бар. Ошол максатымды ишке ашыруу үчүн келгем. Эки максатым бар эле. Биринчиси – өлкөгө келип, уюштуруу иштерин жүргүзүп, «Кумтөрдү» иштеткен чет өлкөлүк компанияларды эл аралык сотко берип, бизге коррупциялык зыян келтирген
3,5 миллиард долларды төлөтүп алуу. Ал үчүн эл аралык юридикалык компания менен келишим түзгөм. Алар эл аралык сотто биздин кызыкчылыкты коргомок. Экинчиси – 2017-жылкы президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу болчу. Тилекке каршы, эки максат тең ишке ашкан жок. Азырынча…

– Сизди, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов өңдүү камакта отурган саясатчыларды эл саясий туткун деп кабыл алат. 2005-жылы Акаевдин бийлиги куулган соң Феликс Кулов, 2010-жылы Бакиевдин бийлиги куулган соң Исмаил Исаков түрмөдөн баатыр болуп чыккандай сиздер эркиндикке чыгарылган жоксуздар. Эмне үчүн соттон акталып чыгууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат деп ойлойсуз?

– Бизди баатыр кылып чыгаргыдай 2017-жылы революция болгон жок да. Бийлик шайлоо жолу менен, тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди.

Феликс Куловду 2005-жылы, Исмаил Исаковду 2010-жылы революциянын шары менен чыгарышкан. Эртең үчүнчү революция болуп кетсе камактагы саясий туткундардын баары токтоосуз чыгарыбыз талашсыз.

Азыркы абалда соттон акталып чыгыш үчүн бийлик менен тил табышыш керек. Соттор бийликтен толук көз каранды. Ак үйдөн кандай команда келет деп карап отурушат. Эгер бизде соттор көз карандысыз болгондо камалмак түгүл, соттун босогосун аттамак эмеспиз. Эми суроо берип калыпсыз, сөзүм куру болбос үчүн ачыгын айтайын. Бишкек кичинекей да. Баары тез эле угулуп калат. Былтыр жайында Жогорку Сот ишимди карабадыбы. Мага маалымат келди. «Президенттен буйрук кетти, чыгаргыла деди» деп. Эми бул мага жеткен маалымат. Канчалык деңгээлде чындыгы бар, бир Кудай өзү билет. Соттор деле «чыгарып жиберсек жакшы болот эле» деген ниетте турушту. Ишти карап баштаар алдында соттон жакындарымды жашыруун жолугушууга чакырышып, «Асылбек менен сүйлөшкүлөчү, ошол каршы болуп жатат» дейт. «Эртең сот, бир күндө кантип үлгүрөбүз?» дешсе, «сотту эртең бүтүрбөйбүз, бир жумага жылдырып, силерге мүмкүнчүлүк берели, сүйлөшүп алгыла» дейт. «Макул» деп Асылбекке барышат. Ага кириш кыйын да. Ошентип, соттор сүйлөшүп алгыла деп бир саатта бүтчү ишти үч жолу жылдырып, команда күтүшөт. Сотторго ишенбейин десең бир саатта бүтчү ишти үч жолу кайра-кайра жылдырып, үч жума күтүп турушпайт эле да. Ал «ооба, мен айтып коёюн» демек беле? «Мен кийлигишпей эле турам» деп коёт. Акырында «тез бүтүргүлө» деп жатат» дешип, мурдагы эки соттун өкүмүн күчүндө калтырышыптыр. Мунун баарын мага кийин айтып келишти. Эгер соттордун өз оюна койгондо актап жиберишмек.

Эмнеге акталууга мүмкүнчүлүк бербей жатышканынын эки себеби бар. Биринчиси – бул чыкса кайра «Кумтөр» жана өлкөдөн уурдалып жаткан кен байлыктар маселесин көтөрүп, митингдерди баштаса, бизге баш оору болот деп коркуп жатышат окшойт. Экинчиси – 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбаш керек деген максат. Кол бала депутаттарды алып келип алышса кулак-жандары тынч болот да?

– 2017-жылы бийлик алмашып, атамбаевдик бийликтин негизги өкүлдөрү камакка алынып, азыркы бийлик мурунку бийлик менен күрөшкөнүн демонстрациялап жатат. Бирок саясий негизде камалгандардын абалы өзгөрбөдү. Бул – азыркы бийлик сизди, аты аталып жаткан бир нече саясатчыны мурдагы бийлик адилеттүү соттоду деп эсептейт дегенди билдиреби? Дегеле сизде бийлик алмашса акталып чыгам деген үмүт бар беле? Азыр кандай жыйынтыкка келип жатасыз?

– Бийлик алмашып, Сооронбай Шарипович баш-учун жыйып, Алмазбек Атамбаевден көз карандысыз болуп алгандан кийин акталам деген үмүтүм болгон. Себеби Сооронбай Шарипович менен 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп чогуу иштегенбиз. Сегиз депутат бир фракцияда болгонбуз. Бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө каттап, чай ичишип жүргөнбүз. Кийин ал Ошто губернатор, мен депутат болуп турганда да катташып турчубуз. Кыскасы, бири-бирибиздин сырыбызды жакшы билебиз. Менин Жээнбековдорго жаман оюм жок экенин жакшы билчү. Бирок адамды айлана-чөйрө, кресло деген балакет бузат окшобойбу?

– Партиялаштарыңыз «үй-бүлө, жакындарыңыздын көңүл тынчтыгы үчүн президенттен ырайым сураңыз» деп сиздин атыңызга кайрылуу жолдошту. Бул боюнча пикириңиз кандай? Ырайым сурайсызбы?

– Ырайым сурагыдай мен кылмышкер эмесмин. Мени кандай адилетсиз, мыйзамсыз камашкан болсо, ошондой чыгарып коюшсун. Президент Сооронбай Жээнбековдун сотторго айтканын уктум эле. «Эгер мыйзамсыз, адилетсиз чечим чыгарсаңар жалпы эл шайлаган президент катары ишиңерге сөзсүз кийлигишем» деп. Бирок сөзү менен иши дал келбей калды. Менин ишимде адилетсиздиктин жеткен чеги турат. Эмне, президент укпай, көрбөй жатат дейсизби? Макул, соттордун ишине кийлигишпейм десин. Прокуратура өз колунда турат. Бир эмес, үч жолу «жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш кайра каралсын» деп прокуратурага арыз бердик. Үч жолу тең «жаңы жагдайлар жок» дешип артка кайтарды. Жаңы ачылган жагдай менин ишимде 100 эмес, 200 пайыз бар. Күбөлөр тараптан мурдагы соттордо териштирилбей калган жаңы көрсөтмөлөр чыкты. Азыр эми адвокатым Башкы прокуратурага кайрылыптыр. Бирок мен тарапка чечилишине ишенбейм.

– «Кумтөр» маселесиндеги азыркы кырдаалдан кабардарсызбы? Кыргыз тарап дале уттуруп жатабы? Бул маселеде сиз баштагы позицияңыздан кайта элексизби?

– Кыргыз тарап 30 жылдан бери кандай уттуруп келсе, азыр деле ошондой уттуруп жатат. Пайда албаганы аз келгенсип, ондогон миллиард долларга орду толгус жаратылыштык зыян келтиришти. Келечекте дагы келтиришет. Менин позициям ошондой эле. Эмне үчүн өзүбүздүн таман астыбызда жаткан байлыкты башкаларга берип жиберип, өз элибиз кедей жашаш керек? Элдер ойлошу мүмкүн, «эмне эле «Кумтөр», «Кумтөр» дейт, башка тема жокпу?» деп. Түшүнбөй жаткандарга айтып коёюн. «Кумтөр» кыргыздын эбегейсиз зор байлыгы бар кени. Башка миңдеген кен байлыктарыбыздын баарын кошсок дагы бир «Кумтөргө» тең келбейт. Ошол үчүн «Кумтөрдү» көтөрдүм. Эгер чет өлкөлүк шылуундарга өзүбүздүн беш-алты чиновник кошулуп алып «Кумтөрдү» талабаганда, ар бир кыргызстандыктын тамак жеген тарелкасы менен кашыгы эмес, ит аягы да алтындан болмок. Башка өлкөлөрдөн карыз алмак эмеспиз, көз каранды болмок эмеспиз, төрөлө элек балдарды 700-800 долларга карыз кылмак эмеспиз.


«2011-жылы «Кумтөр» маселесин көтөрүп баштаганда эле ушундай тагдырга туш болорумду билгем».


(Уландысы кийинки санда)


(Маекти уюштурууга жардам берген адвокат Шарабидин Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан