(Башталышы өткөн сандарда)
Учурда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров менен маегибизди улантабыз. Бул ирет саясатчы өлкөдөгү укук коргоо, тергөө-көзөмөл, сот системдери калың элге кандай коркунучтуу органдарга айланганын өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезген адам катары баяндап берди. Убакыт келди, ойгонгула дейт ал...
– Садыр мырза, миң уккандан бир көргөн артык дейт. Тагдыр ушул экен, Кыргыз өлкөсүнүн абактарын ичтен көрүп-билип жатасыз. «Келечекте сот системин, тергөө, көзөмөл органдарын минтип оңдоо керек, тигиндей кемчиликтерди жоюу керек» деген пикир сизде калыптанып калса керек?
– Албетте, көп нерсе билдим, көрдүм. Бул жакта адилетсиз камакта жаткан мен эле эмес, миңдеген карапайым адамдар бар экен. Биз саясатта таанылып калган үчүн жалпы элге адилетсиз камакта жатат деп билинип жатабыз. Карапайым адамдарды чыркыратып эле жетелеп келип камап коюп жатышат. Көпчүлүгүнүн сурап алар кишиси жок. Күч органдары жыйынтык бериш үчүн таза адамдардын моюнуна бир нерсе иле салып камап койгон учурлар көп.
Ошол үчүн тергөө, прокуратура, сот системдерин түп-тамырынан бери реформа кылбаса иш чатак. Мисалы, бул жакта бирөөнүн ордуна башка бирөө отурат. Тергөөчү, прокурор, соту баш болуп «сен Сулайманов Тариэлсиң» деп эле соттоп жиберишкен экен. Бул Сулайманов Тариэл эмес, Абышов Тагайбек деген бала. Жашаган жери, үй-жайы, өзүнүн Абышов Тагайбек деген паспорту бар. Бирок Сулайманов Тариэлдин ордунда отурат. Сулайманов Тариэл деген бала ким экени белгисиз. Абышов Тагайбек жакында чыгат. «Тергөөчү, сот, прокурорлорду баш кылып, өздөрүн соттотом» деп тиш кайрап жүрөт. Бирок адвокат жалдаганга бир тыйын акчасы жок. Түрмөдө отурушса кайдагы акча? Түрмөдө эмес, боштондукта жүргөндөр мынча акча таба алышпайт.
Дагы бир кызыктуу окуя. Соттолуучу Өскөнбаев Болотбек Мыталипович деген баланы мурда «күчөтүлгөн режим» менен 12 жылга соттошот. Ал мөөнөтүн Петровкада өтөп, боштондукка чыгат. Жети айдан кийин кайра кармап келип, «сен «күчөтүлгөн режим» менен эмес, «катаал режим» менен отурушуң керек болчу» дешип, 12 жылга «катаал режимге» камап коюшту. Жапжаш баланын тагдыры талкаланып жатат. Бул эмне деген акмакчылык? Мыйзам боюнча бир кылмыш үчүн эки жолу соттогонго эч кимдин акысы жок да!
Түрмөдөн чыкпай жаткандарды мамлекет миллиарддаган акча коротуп багып жатат. Андан көрө мыйзамдуу негизде убактысы келген соттолуучуларды «УДО» (шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу), «Колонкага» (жатак-абак) чыгарып жиберсе, алар чыгып, үй-бүлө, бала-чакасын, өз жандарын өзү багышат эле да. Мамлекеттин акчасы да үнөмдөлмөк.
Дагы терең ойлондура турган бир маселе: бирөөнү үч миң сомдук телефон уурдаганы үчүн сегиз жарым жылга кескен. Телефонун ээсине кайтарып берген. Эми сегиз жарым жыл түрмөдө отурат. Аны мамлекет миллиондогон каражат коротуп багып жатат. Андан көрө мындай майда-чүйдө кылмыштар үчүн мамлекетке айып төлөтүп, коё бере турган методдорду колдонуш керек. Ошондо мамлекетке пайда болот. Азыр ушундай мыйзамды ишке киргизишти. Бирок бул мыйзам да кандай иштейт, күмөн жаратат. Жаңы мыйзам боюнча «УДОну» соттор өздөрүнө алып калып, «Колонканы» жаза аткаруу кызматына беришиптир. Менин оюм боюнча, экөөнү тең Жаза аткаруу кызматына бериш керек эле.
– Жаза аткаруу кызматына бергенде деле коррупция болбойт деген кепилдик жок да...
– Кандай болгондо да жаза аткаруу системинен ар бир соттолгон адамдын ишин сурап алганга жеңил болот. Ал эми соттордон чечимдери үчүн эч ким отчёт талап кыла албайт. Жаза аткаруу мекемеси болсо ар бир соттолгондордун иш кагазын карап турушат да. Убактысы келгендерди эгер бул жакта тартип бузуулары жок болсо бир күн да кармай алмак эмес.
– Кыргызстан өзүн Акаевдин кезинен бери Борбор Азиядагы демократиянын аралы атап келет. Демократиянын аралы болуусу үчүн өлкөдө адам укуктары корголушу керек. Өзүңүздүн мисалыңызда айтсаңыз, демократиянын аралы статусуна татыктуубу өлкө?
– Илгертен бери эле демократиянын аралы деп сөз жүзүндө айтылып келет. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Адам укуктары корголбойт. Эгер адам укуктары корголгон өлкө болсок отуздан ашуун саясий туткундар, мен бул жакта өз көзүм менен көрүп жүргөн миңдеген карапайым адамдар күнөөсүз түрмөлөрдө жатпайт эле да. «Сен хизбут экенсиң, сен экстремист экенсиң» деп миңдеген адамдарды камабайт эле да. Макул, жаңылыштык кетирип беш-алтоону камап коюшуптур дейин десең, үч миң, төрт миң киши камалып жатпайбы. «Мына биз терроризм, экстремизм менен күрөшүп жатабыз» деп отчёт берип, чет өлкөлөрдөн келген гранттарды алыш үчүн эле камашкан. Адам укуктары корголгон, адилеттүүлүк бар өлкө болсок бийлик миңдеген өзүнүн жарандарынын кайгысынан акча жасамак эмес.
– Ар бир бийлик алмашкан сайын кыргыз эли өлкөдө абал оңолот деп үмүттөнүп, жакшылык күтөт. Бирок кайрадан сыртка агылып, мигрант болуп жан багууга аргасыз. Канткенде кыргыздын балдары өз үйүндө, ата-энеси, жубайлары, бала-чакасы менен чогуу жашап, иштеп, күн кечирет?
– Качан гана бийлик башындагылар казынага кол салбаганда, качан гана экономикабыздын локомотиви болгон кен байлыктарыбыз өз элибиз үчүн иштей баштаганда, качан гана чоңдорубуз чөнтөк кызыкчылыктары үчүн чет өлкөдөн келгендерге Кыргызстанда иштөөгө чексиз уруксат бербегенде абал оңолот. Элибиз мигрант болуп агылып кетпейт. Кыргыздын балдары өз үйүндө, ата-энеси, жубайлары, бала-чакасы менен чогуу жашап, иштеп күн кечирет. Өз элибиз иштей турган иштерди чет өлкөдөн келгендер ээлеп отурса анан кантип мигрант болуп кетишпейт? Ачка отурушмак беле? Үй-бүлө, бала-чака багыш керек да.
– Абакта отурган кезде өмүрүңүздү электен өткөрүп, анализдеп чыккандырсыз. Эмне иш, чечимдериңизге өкүндүңүз, эмнелерди туура кылган экенмин деген жыйынтыкка келдиңиз?
– Саясатка келгенден баштап кандай гана иш жасабайын, кандай гана маселе көтөрбөйүн жети өлчөп, бир кесип, туура чечимдерди чыгарып жаттым деп ойлойм. Эл алдында жүзүм жарык. Ал эми башыма келген бүгүнкү кырсыкты өмүрүмдөгү чоң сыноо деп билем. Ушул сыноодо өзүмдүн, жакындарымдын кыйналганына эмес, алты саны аман, ден соолугу чың, чуркап жүргөн атамды жоготуп алганыма өкүнөм. Башка эч нерсеге өкүнбөйм.
– Акыркы суроону сизге эркин микрофон катары суналы. Элге айтар кебиңиз бардыр?
– Мустафа Кемаль Ататүрктүн таамай айткан сөзү бар. «Көпкө уктап жаткан эл ойгонгондо жок болот же кул болуп ойгонот» деген. Андыктан болду эми… Ойгонгула. Кеч болуп баратат. Ар бир жаран жашооңор жакшырыш үчүн өзүңөр күрөшкүлө. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргыла. Эч ким четтен келип биздин байлыгыбызды коргоп, жашообузду жакшыртып, карызыбызды төлөп бербейт. «Жалгыз жанын ит да багат» деген сөз бар кыргызда. Анын сыңарындай «менин башыма тийбесе болду, жаным тынч» деп жаткандардын башына дагы тиет эртең эле. Бир «Кумтөрдүн» пайдасын Кыргыз элинин кызыкчылыгына иштете албагандан кийин башка кен байлыктарды чукуганга, жаратылышыбызды талкалаганга эч кимибиздин акыбыз жок. Ууруларга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Биз азыр өзүбүздүн ырыскыбыздан айрылганыбыз аз келгенсип, келечек муундарыбыздын ырыскысына кол салдырып жатабыз. Ошондуктан ар бир айыл, ар бир район, ар бир облус, өз байлыгыңарды өзүңөр коргоп алгыла. Ошондо келечек муундун алдында жүзүбүз жарык болот. Болбосо келечегибиз тумандап бара жатат.
Учурдан пайдаланып, сиздердин гезит аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кыла кетейин.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, тез аранын ичинде жетим балдар үйлөрүндөгү саясатты оңдоңуз. Жетим балдарды мамлекет он сегиз жыл бою багып, окутуп-чокутуп, он биринчи классты бүтүрүп, дароо эле эркек балдарды түрмөлөргө, кыздарды сойкулукка айдап жатасыңар. Кандайча десеңиз төмөнкүчө: Жетим балдар үйлөрүндөгү улан-кыздарды «он сегизге чыктың, эми өз жаныңды өзүң бак» деп, көчөгө чыгарып коюп жатасыңар. Элестетсеңиз, ошол балдар жыргаганынан он сегиз жыл бою жетим балдар үйүндө жашадыбы? Ата-энеси, сурап алар бир туугандары жок үчүн жетим балдар үйүндө өстү да. Бүгүнкү күндө ата-энеси, бир туугандары бар он сегиз жаштагы балдар-кыздарды дагы көчөгө чыгарып койсоң өзүнчө жашап кетиши абдан оор. Анан эч кимиси жок жетим балдар-кыздардын көчөдө калышын элестетип көрүңүз. Эркек балдар уурулук менен кармалып, түрмөлөргө келип жатышканына күбө болуп отурам. Кыздар аргасыздан сойкулукка кетип жатышат.
Бул көйгөйдү чечиштин жолдору толтура эмеспи. Билими күчтүүлөрүн жогорку окуу жайларга өткөрүп, аларды жатакана менен камсыз кылып, мамлекеттик кызматтарга даярдап, билим деңгээли төмөн уландарды ширетүүчү болобу, айтор, бир кесипке, кыздарды тикмечиликке болсо да үйрөтүп, жумуш менен камсыздап, андан кийин «эми мындан ары өз жаныңды өзүң бак» деп турмуш жолуна салып коюуга кантип мамлекеттин күчү жетпесин? Сөзсүз жетет. Эрк гана керек. Колтугуңарга кирип алып, тууган-уруктарын кызмат менен камсыз кылып, сизге туура эмес маалымат берип жүргөн эки жүздүүлөрдүн кадрларын иштен алып койсоңор деле ачка калышпайт. Анткени баары бардар жашоодо жашашат. Ошондуктан биринчи кезекте жетим балдарды иш менен камсыз кылыш керек. Илгери СССР мезгилинде жетим балдар үйүнөн тарбияланып чыккандарды мамлекет атайы даярдап, аскердик кызматтарга, милициялык кызматтарга дайындачу. Алар өмүрү өткөнчө менин атам да, энем да өлкөм дешип, ак кызмат өтөшчү. Азыр эмне үчүн ошол саясатты улантууга болбосун? Ата-энени эч ким сатпайт. Ошол сыяктуу эле жетимдер мамлекетти сатмак эмес. Азыр жогорку кызматтарда, баары дебейин, көпчүлүгү курсагы салаңдаган саткындар, паракорлор, жегичтер отурушканын көрүп турасыз. Бир иш үчүн жарым миллион доллар пара жыйнап отурганын көрдүңүз. Кыргыз элинин бар байлыгын сатып бүтүшүп, байлык калбай калганда эми жерин кескилеп сата башташканын дагы көрүп отурасыз. Ошондуктан жакшылап көңүл бурсаңыз жетимдердин мамлекетке пайдасы, сизге болсо сообу тиет эле.
(Маекти уюштурууга жардам берген адвокат
Шарабидин Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз)