Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева алимент төлөбөй жүргөндөрдүн чет мамлекетке чыгышына тыюу салууну сунуш кылды.
Франция кыргызстандык журналист Улугбек Бабакуловго саясий качкын макамын берди.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна дагы 56 миллион доллар керек. Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын "Эксимбанкынан" грант түрүндө алууну көздөп жатат.
2019-жылдын октябрынан тартып 1 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө жалпы эл каттоо жүргүзүлөт. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча бул жолу чет өлкөдө бир жылдан ашык жүргөн мигранттар эсепке алынбайт.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов турак жай үчүн алган 4 миллион 824 миң сом ссуданы Улуттук банкка кайра төлөп берет. Абдыгулов 2017-жылы вице-премьер-министр кызматына которулгандыгы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн ал карыз кечип жиберилген эле.
25-февралдан баштап Ош шаарында коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирди.
"Ата Мекен" партиясынын юристтерине козголгон кылмыш иши кайра каралмай болду.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түздү.
Өлкө аймагындагы 31 калктуу конуштарга айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 1-окууда колдоо тапты.
"Альфа Телекомдун" мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абековдун жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга кыскартылды. 2017-жылы Абеков Коррупциялык схемалар боюнча айыпталып 25 жылга эркиндигинен ажыратылган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.