КЛЕТЧАТКА ХОЛЕСТЕРИНДИН ДЕҢГЭЭЛИН АЗАЙТАТ

КЛЕТЧАТКА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Клетчатка – өсүмдүк курамындагы полусахариддер, клеткалар. Эгер бул клеткаларды микроскоп менен карасаңыз, узун, ичке жиптерди, булаларды көрүүгө болот. Мындан улам клетчатканы өсүмдүк буласы деп да аташат. Табиятта түрдүү өсүмдүктөр бар болгондуктан, алардын булаларынын да түрү көп, целлюлоза, гемицеллюлоза, лигнин, пектин, камеди жана башкалар. Клетчаткалар сууда эрүүчү жана эрибөөчү деген эки топко бөлүнөт. Алсак, мөмө-жемиштердин, жашылчалардын буласы сууда эрийт, ал эми дандын кебектери, кабыктары эрибейт.


КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Клетчатканын күнүмдүк нормасы – 30-35 грамм. Улгайган адамдар үчүн 20-30 грамм, ал эми 10 жаштагы бала үчүн 10 грамм клетчатка норма болуп саналат. Балдар үчүн жыл сайын +1 грамм кошуу керек. Курамында клетчаткасы бар азыктарды жегенден кийин суу ичүү сунушталат.
Эскертүү! Дарыканаларда атайын даярдалып сатылган клетчатканын түрлөрүн боор оорулары, ашказан жарасы, колит, гастриттин оор формасы менен жабыркагандар, ичи өтүп жаткандар абайлап пайдалануусу керек. Мындан сырткары кош бойлууларга, жаш балдарга да сунушталбайт. Дарыканаларда сатылган клетчаткалар ичти көптүрүп, ашказанды оорутуп, ичти катырышы мүмкүн.


КЛЕТЧАТКАНЫН ПАЙДАСЫ

  • Кандагы холестериндин деңгээлин азайтат. Изилдөөлөргө таянсак, клетчаткага бай азыктарды менюсуна кошкон адамдардын канындагы холестериндин деңгээли 60 пайызга азайган.
  • Организмден уулуу заттарды, шлактарды айдап чыгат.
  • Өттө таштын пайда болуусунун алдын алат.
  • Көптөгөн ичеги-карын ооруларынын алдын алат. Алсак, зыгыр буласы тазалап гана тим болбостон, ичегини сезгенүү ооруларынан сактайт.
  • Өсүмдүк буласы ашказанга киргенден кийин сууну өзүнө сиңирип, көөп чыгат. Мындан улам ашказан толуп, адам көп тамакты талап кылбайт.
  • Кант диабетинин алдын алат. Ошондой эле кант диабетинен (канттын деңгээли жогору) жабыркагандар үчүн миңдин бири. Анткени өсүмдүк буласы кандын курамындагы канттын деңгээлин азайтуучу касиетке ээ.
  • Тамак-ашты сиңирүүчү ферменттердин иштөөсүн жакшыртат.
  • Дайыма клетчаткаларды пайдалануу жоон ичегинин залалдуу шишигинен сактайт.
  • Микрофлораны жакшыртат.
  • Арыктоого жардамчы. Май катмарларынын пайда болуусуна жолтоо болот.

Андыктан клетчатка менен достошууну бүгүнтөн баштап, азыктардын курамындагы клетчатканын өлчөмүнө көз сала жүрүңүз.


КЛЕТЧАТКАНЫ КАЙДАН АЛУУ КЕРЕК?
100 граммда




ФАЛАФЕЛЬ

(Араб ашканасынан)











ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Унду элеп, ачыткы жана татымына жараша туз кошуп жылуу сууга камыр жууруйбуз. Камыр ачыган соң андан диаметри 15 сантиметр болгон калама жасап, түбү калың көмөч казанга эки тарабын кактап бышырып алабыз.
  2. Төө буурчак менен бадамды же күн караманын данын 7-8 саат сууга жибитип коёбуз. Андан соң аларды блендерге салып майдалап алабыз. Бул даамды жасоодо төө буурчакты кайнатып бышырып алып кошууга да болот.
  3. Эми бул аралашмага лимон ширесин, 3 аш кашык өсүмдүк майын, майда тууралган сарымсакты, көк пиязды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Андан соң аралашмадан аз-аздан алып тоголоктойбуз. Шарчалардын диаметри 2 сантиметрден чоң болбошу шарт.
  4. Шарчаларды кызып турган майга кызартып бышырып алабыз. Бышкан фалафелдерди кагаз майлыкка жайып, майын сарыктырабыз.
  5. Жашылчаларды аарчып, тазалап, жууп, каалаган формада туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп салат даярдайбыз.

Каламанын бир учун кесип ичине фалафелдерди жана салатты салып, кетчуп же болбосо каймак, соустан куябыз. Тоюмдуу, ары пайдалуу фалафель даяр!


НОКОТ КОШУЛГАН ГРЕК САЛАТЫ


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Алгач нокотту жууп, сууга кайнатып бышырып алабыз. Кааласаңыз консерваланган нокотту пайдалансаңыз да болот.
  2. Жашылчалардын баарын жууп, тазалайбыз. Пиязды жарым тегерек, помидор, болгар калемпирин, бадыраңды, сырды төрт чарчы формасында туурайбыз. Зайтун мөмөсүн ортосунан тең экиге бөлөбүз.
  3. Эми азыктардын баарын чоң идишке салып, татымына жараша туз, мурч салып, лимон ширеси менен өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз. Салатыбыз даяр!


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан