АТАМБАЕВДИН ЖАКЫН САНААЛАШЫНА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ. КСДП МЕНЕН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТКЕ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮ АРАКЕТИБИ?

6-апрель күнү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын кезектеги съезди өтөт. Анын алдынан буга чейин КСДПдан чыгарылган Сагынбек Абдрахманов баштаган топ 3-апрель күнү “КСДПныкы” деп атап курултай өткөрдү. Мындай тоскоолдуктар аз көрүнгөн белем, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду.

АПРЕЛЬ БААТЫРЫ ФАРИД НИЯЗОВДУН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗДЫ

2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучусу, “Апрель баатыры” наамынын ээси Максат Чегирткеев үстүбүздөгү жылдын 20-мартында милиция кызматына арыз менен кайрылган. Арызда ал 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардан каза болгондордун жакындары жана жаракат алгандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Фарид Ниязовду жана бул комиссиянын башка мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу өтүнгөн. Алар 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, дарыгерлердин берген аныктамаларына карабастан Сочи шаарындагы дарылануусу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине бөлүнгөн 200 миң сом акчаны артка кайтартып алышканын билдирген. Арыздануучу мындан улам ден соолугу кескин начарлап, моралдык жактан кыйналганын жазган.

Ошол эле күнү арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Башкы прокуратура президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата арыз жазылганын тастыктады. "Максат Чегирткеев аттуу жаран Фарид Ниязовдун үстүнөн ИИМге арыз менен кайрылган. Арыз 20-мартта кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө иши Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү",- дейт прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү. Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө жүрүүдө.

НИЯЗОВ МИНИСТР ЖУНУШАЛИЕВГЕ: “ИИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН САЯСИЙ БУЙРУК АТКАРУУГА МАЖБУРЛАБАҢЫЗ”

29-мартта президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат менен кайрылды:

– Урматтуу Кашкар Астаканович! Бул суроого расмий жооп беришиңизди суранам.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Максат Чегирткеев аттуу жаран милиция кызматкерлеринин демилгеси менен Ички иштер министрлигине жеткирилген. Ал жерден ага Мамлекеттик комиссия тарабынан дарыланууга бөлүнгөн 200 миң сомду Фарид Ниязов тартып алган деп арыз жазууну сунуш кылышыптыр.

Чегирткеевдин жергиликтүү басылмалардын бирине (nazarnews.kg) «Атамбаев тарабынан да жардам көрсөтүлгөн эмес. Акчалай да жардам берилбеген. Эч кимиси менен байланышпайм. Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, дарыланууга деген акчаны майып баладан алып койгон. Мен бул окуядан кийин моралдык жактан да жабыркадым» деп айткан маеги чыккан. Бул материал жарыкка чыккандан кийин ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы жогоруда айтылган комиссияга тиешеси бар адамдарды суракка чакырган.

Мен ушул күнгө чейин милиция кызматкерлери интернеттеги сайттарга маек берген жабырлануучуларды өздөрү издеп таап, адам укугу үчүн күрөшкөнүн уккан эмесмин. Бул “жогорку” жактын тапшырмасы экенин ишенимдүү айта алам. Ошондуктан бул инцидентти саясий буюртма деп кароого толук укугум бар.

Өз убагында Мамлекеттик комиссия Чегирткеевдин Кытайга барып операция жасатып келүүсү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 4 миллион сомдон ашык акча бөлүп берген. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин өлкөдө мындай операцияны жасоого мүмкүн эмес дешкен. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өтүп, Максат бутуна турду. Биз аны Бишкекте сый-урмат менен тосуп алдык, кубандык. Операцияга бөлүнгөн акчадан азыр сөз болуп жаткан 200 миңдей сом артып калган. Аны Максат акчалай колуна алууну же үй-бүлөсү менен ошол акчанын эсебинен Сочиге барып эс алып келүүнү көздөгөн. Анын каалоосун аткарууга мүмкүн эмес эле. Анткени Мамлекеттик комиссия Кыргызстанда андай дарыланууга шарт болбогон учурда гана чет мамлекетке барууга акча бөлө алат. Ошондой эле акча ага эмес, Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөнүн эстен чыгарбоо керек.

Урматтуу Кашкар Астаканович, Сиз бийликтин бул иш-аракеттеринин баарынын келечеги жок экенин мыкты түшүнөсүз. Саясий буюртманы аткарууга мажбурлап, ИИМ кызматкерлерин жаман ишке аралаштырбаңыз. Эртеби-кечпи бул окуяларга эл өз баасын берет, мындай иштердин баары укуктук жактан өз баасын алат жана учурда бул мыйзамсыз иштер менен алек болуп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча жооп берүүгө туура келет.

“МАГА КОЮЛУП ЖАТКАН АЙЫП – БУЛ АБСУРД”

Фарид Ниязов өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. КСДПнын 6-апрелге белгиленген съездинин алдында бул иштин болуп жатышы саясий буюртма дейт ал:

– Коюлуп жаткан айып – бул абсурд. Мамлекеттик комиссия керек болсо, Максат Чегирткеевдин өмүрүн сактап калган. Азыр тактап көрсөм, комиссия Максаттын Кытайдагы дарылануусуна 4 миллион сомго жакын каражат бөлүп бериптир. Биз өз максатыбызга жеттик, ал айыкты, бутуна турду. Бул жакка келип, үй-бүлө күттү, жадакалса иштеп жатат. Анан ага келтирилген кайсы зыян жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Бизге ошондо башка адамдар “мынча акчаны бөлүп берип эмне кыласыңар, ал бала баары бир бутуна туруп кетпейт, дарылаткандан пайда чыкпайт” дешкен. “Операция ийгиликсиз өтсө, мамлекеттик комиссияны 4 миллион сомду бекер коротту деп күнөөлөп чыккандар болот” деп да эскертишкен. Бирок биз эч нерсеге карабай акча бөлгөнбүз. Бактыга жараша, баары жакшы бүттү. Операция Кытайда ийгиликтүү жасалды, ал айыкты. Толугу менен айыкты деп айтууга болбойт, бирок ал жашап, иштеп жатат, үй-бүлөсү бар.

Жанагы айтылып жаткан 200 миң сом Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде болгон. Аны министрлик колдонбой үнөмдөп калган. Аны Максат Сочидеги санаторийге барууга жумшайын деген окшойт, бирок биз Кытайда дарылануу үчүн бөлүнгөн акчаны Орусияга барып дарыланууга бөлө албайбыз. Мен Апрель окуясында жараат алган бардык жарандардын катарында Максатка да калыбына келтирүүчү дарылоо керек экенин билем. Бирок ал үчүн сөзсүз эле Сочи, Мальдив аралдарына баруу зарыл эмес. Биздин Кыргызстанда деле жакшы курорттор бар. Бул, менимче, калыс да, туура да болот. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, бул чечимди мен жалгыз кабыл алган эмесмин, бүтүндөй комиссия кабыл алган.

Эмнеге акылга сыйбас абсурд деп жатам? Мени Атамбаевдин тарапташы катары карашары түшүнүктүү. Бир нече күн мурун биздин активисттер мага келип Максатты көрүшкөнүн айтышкан. Ал “милиция кызматкерлери мени ИИМге алып барып, арыз жаздырышты” деп айтып бергенин маалымдашкан. Ал активисттер тирүү, алардын баары Максатты көргөнүн, ортодогу сөздү тастыктап бере алышат. Бул кимдир бирөөнүн буйругу, демек, саясий чечим экени билинип турат. Мен муну партиянын съездинин алдында кысым көрсөтүү катары эсептейм. Мен Саясий кеңештин мүчөсүмүн, Атамбаевдин санаалашымын, андыктан мени катардан чыгарыш керек деп ойлоп жатышат. Бирок чындык биз тарапта. Укуктук жагынан алганда, менин санаам тынч. Мага илип койгон беренелери – абсурд. «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адамга зыян келтирүү» деп жатышабы? Кайдагы зыян? Өлүм алдында турган бала бутуна туруп кетти, иштеп жатат. Кудай анын өмүрүн узун кылсын.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан