ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башталышы өткөн санда)

Балакай көзүн ачып эле апасын издеди. Ордунан сыйпалап таппай калды. Адатынча бакырып ыйлай турган болду да, бирок атасынан коркуп үн чыгара албады. Ичин бир муздактык каптап, кайра жаздыгына жатты. Эшик шарак ачылып, ызырынган атасы кирип келди. Бойлуу, кара тору, көздөрү күйүп турган адам болчу атасы. Жинденгенде капкара көздөрүнөн от чыгып, мультфильмдеги коркунучтуу каармандай элестеп кетчү балага. Өзүн бир дагы жолу уруп же катуу урушуп көргөн эмес, ошентсе да аябай коркор эле. Култ этип жууркандын ичине кирип кетти.

– Энеңди, мен көрсөтөм ага. Шаарга гана кетет экен, ээ? Азыр жетип барып мууздап өлтүрөм,- деп жатты кыйкырып. Чоң энеси ошол эле көчөнүн аркы жагында турчу. Кирип келди, анан кошуналар кирип келишти.

– Дагы эмне болуп кетти?

– Кетиптир.

– Ким?

– Асия кетиптир.

– Ий, кокуй күн, кечээ эле жыйналып жуунуп жүрдү эле, кеткен тура,- деди коңшунун бири алаканын чаап.

– Шашпасын, мен аны... Жетсем...

Шыпшынышып аркы-беркини сүйлөп туруп коңшулар биринен-сала бири чыгып кетишти. Бөлмөдө чоң энеси жана атасы гана калды.

– Кайда кетти экен, энеңди урайын шуркуя? Бир тапсам...

– Таптың, анан эмне кыласың?

– Өлтүрөм.

“Кет эле кет, сен кетпесең өлтүрүп тынам. Башканы сүйөм, кокуй ай-күнүнө жетип калды, алып келем” деп баса калып сабап жаткан сен эмес белең?

– Эй, апа, коюңузчу. Дайым келиниңизди жактайсыз сиз дагы...

– Кардымды жарып чыккан балам сенсиң. Келин жакта эмесмин, адилеттик жактамын. Эмне кылсын? Кечээ ыйлап мага келди. Айдарды мага тапшырды. Ыйлады, башка эч бир айлам жок деди. Башы-көзүн жарып салыпсың, эмне кылайын? Батамды берип узаттым.

– Апа!

– Сен, балам, эмне каалайсың? Тигиниң чын эле ичи жер чийип, ана-мына деп турат. Ичиндеги бала сеники экенин бул жердеги элдин баары билет. Эми алып кел тигиниңди. Мен Айдарды алып кетем. Эми жакшы жаша.

Атасы башын салып отуруп калды. Чоң энеси бөлмөнү бир карап алып шуу үшкүрүп алды. Спорттук сумкага Айдардын кийим-кечесин, оюнчуктарын салды. Эми ойготоюн деп эңкейе бергенде балакайдын көзүнөн жаштар агып жатканын көрдү. Ичинен думугуп ыйлай бериптир.

– Кагылайын десе, ыйлабачы...- өзүнүн да муун-жүнү калтырап кеткендей үнү каргылдана кетти. Чачынан сылап көздөрүнөн өөп алды,- Мен бармын, балам, көзүм тирүү кезде сени эч кимге бербейм. Жүрү, балам. Эркек бала ыйламак беле?

– Апам келеби?- деди муңканган бала.

– Билбейм, балам,- деди көзүн ала качкан чоң эне. Айдардын эсинде чоң апасы дал ушундай калды. Эмнегедир күнөөлүүдөй көзүн ала качып апасы тууралуу эч нерсе дегиси келбегендей башка сөзгө өтүп кетчү. Жоолугунан ак чачтары чыгып турган чоң апасы да бойлуу, сымбаттуу аял эле. Көп сүйлөгөн сөзү “Эркек ыйламак беле, каралдым? Жашык болбочу”.

Айдар дайым ушул сөздөн кийин тамагына туруп калган ыйын араң жутуп, чымыркана көзүнүн агып келе жаткан жаштарын колу менен сүртчү.

– Энеңди урайын, могу жаштар агат да өзүнөн-өзү,- деп кадыресе чоң кишидей агып жаткан жаштарына жини келчү. Аттиң, ошондо көчө жара бакырып ыйлап алса эмне? Чоң энеси токтотпосо эмне? Балким, ошол ыза, сагыныч ошол кезде жашка айланып агып кеткенде чоңойгондо көкүрөгүн мыжыгылабай калар беле? Ким билсин?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altynbekova.01
2019-07-08 10:25:28
Аз го
+1
Shokoladka94
2019-07-08 12:58:10
Башталганы ыйлап окуп келе жатам
0
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан