СУУСУНДУ ЛИМОНАД МЕНЕН КАНДЫР

Үй шартында жасалган лимонад суусунду жакшы кандырат жана сергитет. Мындан тышкары аталган суусундук витаминдердин булагы болуп саналат. Жайдын аптабында жакындарыңызды лимонад жасап берип кубантыңыз.

ШАБДАЛЫ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Шабдалы – 5-6 даана

Лимон – 2 даана

Кумшекер же бал – 4 аш кашык

Жалбыз жалбырагы – 3-4 даана

Булак суусу – 150 миллилитр

Газдалган суу – 1 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Лимондорду жууп, кабыгын аарчып алып, майда туурайбыз. Буга кумшекер (же бал) менен жалбызды кошуп, сууну куюп жай отто кайнатабыз. Даяр шире муздаган соң сүзгүчтөн өткөрүп алабыз.

2. Ага лимондун ширесин сыгып алып кошобуз.

3. Шабдалыны жууп, данегин алып салып, блендер менен эзип алабыз. Андан соң сүзгүчтөн өткөрөбүз.

4. Лимон жана шабдалы ширелерине муздак газдалган сууну кошуп аралаштырып, муздаткычка 15 мүнөткө салып коёбуз. Шабдалы лимонады ичүүгө даяр!

БАДЫРАҢ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Бадыраң – 4 даана

Лимон – 2 даана

Бал – 6 аш кашык

Суу – 500 миллилитр

Газдалган суу – 800 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраңды жууп, блендер менен эзип алабыз да, сүзгүчтөн өткөрөбүз.

2. Лимондун ширесин сыгып алабыз.

3. Бадыраң менен лимондун ширесине бал, сууну кошуп аралаштырып, муздаткычка 30 мүнөткө салып коёбуз. Андан соң ага газдалган сууну куюп аралаштырабыз. Муздак лимонад даяр! Бокалга куюп, жалбыз, лимон, бадыраң кесимдерин салып, дасторконго беребиз.

БРАЗИЛИЯ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Лайм – 4 даана

Кумшекер – 200 грамм

Коюулатылган сүт – 6 аш кашык

Суу – 1,4 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Лаймды жууп, 8 бөлүккө бөлүп, кумшекерди кошуп блендер менен эзип алабыз. Андан соң үстүнө сууну куюп аралаштырып, сүзгүчтөн өткөрөбүз.

2. Бул суюктукка коюулатылган сүттү кошуп аралаштырабыз. Лимонад даяр!

3. Бокалга муз чакмактан салып, үстүнө лимонадды куюп ичсек болот.

КУЛПУНАЙ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 600 грамм

Минералдык суу – 500 миллилитр

Жалбыз – 1-2 талча

Лимон – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Лимон менен кулпунайды жууп, ширелерин сыгып алабыз.

2. Ширелерге минералдык сууну куюп аралаштырып лимонад жасайбыз.

3. Бокалга 2-3 кулпунай салып, үстүнө лимонадды куюп дасторконго беребиз.

АЛМА-КАРАГАТ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Алма ширеси – 300 миллилитр

Карагат ширеси – 300 миллилитр

Лайм же лимон – 1 даана

Газдалган суу – 600 миллилитр

Кумшекер – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ширелерге сууну кошуп аралаштырабыз. Татымына жараша кумшекер кошулат. Кумшекердин ордуна балды пайдалансаңыз да болот. Андан соң лимонадды 30 мүнөткө муздаткычка салып коюу керек.

2. Бокалдын ичине лаймдын 1-2 кесимин, муз чакмагын салып, лимонадды куябыз. Лимонад ичүүгө даяр!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
deva
2019-07-08 10:05:23
Аппетитти ачат го. Жасоо оной эле турбайбы
+2
Mikra
2019-07-08 10:46:19
Жалпыз азыр кайда бар??
0
XAN-TORO
2019-07-08 23:49:29
Mikra,суунун боюнда коп осот
+1
Aidai_suluu
2019-07-08 12:55:28
Жалбыз размаринби?
0
XAN-TORO
2019-07-08 23:48:13
Aidai_suluu, жалбыз орусчасы мята
0
fak
2019-07-08 19:02:54
Жалбыз базилик
-3
Zimzimemir
2019-07-09 07:31:53
fak,жалпыз мята,а базлик райхан
+4
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан