ЖЭЭНБЕКОВДУН МУРДАГЫ КЕҢЕШЧИСИ КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАГА ТӨРАГА БОЛДУ

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын жаңы төрагасы болуп Карыбек Дүйшеев, анын орун басарлыгына Эмил Өскөнбаев шайланды. Буга чейин Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, орун басары Куанбек Киргизбаев эле.

Жаңы төрага коомдо талкууга түштү. Карыбек Дүйшеев 20-июнда өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун сунушу менен Жогорку Кеңеште Конституциялык палатанын судьялыгына шайланган. Ал 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги спикери, азыркы президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеген. Анын Конституциялык палатанын жетекчилигине шайланышы үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол бербейм деп убада берип келе жаткан президенттин сөзүнө күмөн жаратты.

 

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан