Жанар Акаев: "КЫРГЫЗСТАН ЭРКИН ӨЛКӨ, АТАМБАЕВДИН МЕНЧИК ИШКАНАСЫ ЭМЕС"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Алмазбек Атамбаев президент болуп, күчүндө турган учурунда анын саясатын ачык сынга алып, ошол кездеги президенттин дарегине курч сындарды жаадырып турган. Бирок Атамбаев кызматтан кеткен соң башкаларчылап “өч алуу” аракетин жасаган жок. Биз эл өкүлүн кыска-нуска кепке тартып, азыркы кырдаал боюнча пикирин сурадык.

– Жогорку Кеңешти соңку жыйынында сиз Атамбаевге чабуул жасаган жоксуз. Себеби эмнеде?

– Кечээ эле Атамбаевди айга-күнгө теңеп, бүгүн аны желмогуз деп сындап жаткан депутаттарды көрүп, абдан иренжидим. Ката кетирип жатабы, убагында, күчүндө турганда бетине айтыш керек. “Жыгылганды тепкилебейм” дегеним Атамбаевге жан тартуу же уурулук кылып кызматтан кеткен кишини коргоо эмес, "жыгылып калгандан кийин гана асыласыңар, өз кезегинде кошомат кыласыңар" деген мааниде кесиптештериме болгон кайрылуу болчу.
А мыйзам алдында баары бирдей болушу керек, экс-президентпи, министрби, жөнөкөй жаранбы, кылган катасы үчүн мыйзам алдында жооп бериши – турган иш.

– Атамбаевдин бүгүнкү аракеттерин кандай баалайсыз? Өз үйүнө тарапташтарын чогултуп, бийликти тааныбайм деп билдирүү жасады.

– Кайсы гана бийлик болбосун сөзсүз оппозиция болушун колдойм, бирок кемчиликти даана көрсөтүп, кырдаалдан чыгуу жолун айтып турган оппозиция керек. Оппозиция дагы Конституциянын, мыйзамдын алкагында күрөшүш керек. Атамбаевдин азыркы кадамдарында чагымчылдык көбүрөөк байкалат. Бул легитимсиз бийлик дейт, а бул бийликти өзү элге сунуштап, "Сооронбай Жээнбеков таза киши, ыймандуу, уурдабаган, эмгекчил, чарбачыл" деп мактап жүрбөдү беле? Эми анын сөзүн укпай койсо, заматта пикирин өзгөртөбү? Атамбаевге жаккан адам бийликке келип, Атамбаевге жакпай калса кайра аны кетирип, дагы бир ага жаккан кишини шайлап беришибиз керек бекен? Кыргызстан – бул алты миллиондон ашуун эли бар эгемендүү, эркин мамлекет, Атамбаевдин жеке менчик ишканасы эмес. Анын үстүнө ал киши өлкөнү башкарган адам, элибиз алты жыл чыдады, көрдүк кандай башкарганын, эми болсо ар кандай бөлүнүп-жарылууга, жердешчилик сезимдерге, уруулук, айыл-айылга, коктуга бөлүнгөн саясатты жайылтып жатканы абийир алып келбейт. Нагыз лидер эч качан үйүнө таш чогултуп алып жашынбайт, элге бүлүк салчу сөздөрдү айтпайт. Күнөөсү болбосо коркпой жооп берсин, күч органдары күнөөсүн далилдей албаса, акталсын.

– Бирок эл ичинде парламентке, өкмөткө да нааразылык күчөдү. Сиздерге да байкалабы?

– Албетте, калыс сындар айтылып жатат. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы да элдин купулуна толгон жок, бул чындык. Ошол эле убакта өкмөт да алгылыктуу иштеп кете албай жатат, көзгө көрүнө турган, эл жон териси менен сезе турган иштер аткарылса жакшы болмок.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан