АТАМБАЕВ СОТТУ ЭМЕС, МАЙДАНДЫ ТАНДАДЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте азыркы бийликке каршы митинг өткөрдү. Митингдин аталышы көңүлдү бурат – “Соке болбой калды”... Атамбаев өзү көтөрүп келип тактыга отургузган адамын 2 жыл өтпөй кайра тактыдан кулата соккусу келип турат. “Туура эмес адамды тандап алыпмын, өз катамды өзүм түздөшүм керек” дейт ал. Бийлик алмаштыруу азыр Атамбаевдин колунан келе турган учурбу?

КҮРӨШТҮН ФИШКАСЫ – ЖАШТАР

Аталган митинг Бишкектеги “Форум” имаратынын алдында “эски элита кетсин, жаңы лидерлер келсин” деген ураандын астында өттү. Анда сөз сүйлөгөн Атамбаев азыркы бийликти "от менен ойноп жатат, мунун аягы жакшылыкка алып барбайт" деди. Мурдагы президент “бийликке жаштар келиши керек” дегенге басым жасап жатат. Атамбаевдин бул ураанын саясий упай топтоо, кезектеги популизм катары баалаган саясий серепчилер жаштарды колдоорун башына сыноо түшкөндө эмес, бийликте турган 6 жылда көрсөтүшү керек эле деген пикирлерин айтышууда.

Атамбаев бийликке 3 талап койду. Биринчиси – азыркы парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү. Экинчиси – өкмөттү кетирип, ордуна эл ишениминдеги өкмөттү дайындоо. Үчүнчүсү – УКМКнын жетекчилигин кызматтан алып, аларды мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуу. Митинг тынч маанайда жыйынтыкталды.

Азыркы бийликтин ишинен эч бир алдыга жылуу, өнүгүү көрбөй жаткан нааразы катмар Атамбаевдин кебин туура көрүүдө. Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдана баштаган жаш муун бийликти мөөнөтүнөн мурун алмаштырууну көздөп жаткан Атамбаевге ыктап кетиши мүмкүнбү? Адистер бул ириде бийликтин аракеттеринен көз каранды дешет. Мисалы, шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү өңдүү кадамдар жаш саясатчылардын бийликке, таза шайлоого болгон ишенимин кетирет.

Сооронбай Жээнбеков бир эгемен өлкөнүн президенти. Аны “Соке” деп тергеп, эл топтолгон жерде ар түрдүү сөздөр менен мазактап сындоону туура эмес дегендер да арбын. Бүгүнкү коомдун саясий аң-сезими Аксы окуяларынан, 2005, 2010-жылдагы революциялар маалынан айырмаланары түшүнүктүү. Эл бийликке нааразы болсо Атамбаевсиз деле көчөгө чыгышы мүмкүн, болбосо күчтөп аянтка чыгаруу өтө чоң каржылык чыгымды талап кылат. Кой-Таштагы жана “Форумдун” алдындагы өзгөчө маанайды эске албаганда, жалпы республикада 2005 жана 2010-жылдын жазындагыдай кескин нааразычылыктар, революциялык кырдаал байкалбайт.

КОЛ ТИЙБЕСТИК – ТАЛКУУГА ТҮШКӨН ЧЕЧИМ

Өлкөдөгү саясий кырдаал 3 аптада тездик менен өнүктү. 8-июндагы митингде Атамбаев президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын катуу сындап чыкты. 12-июнда Жогорку Кеңештин 40 депутатынын демилгеси менен Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу сунушталды. Тийиштүү процедурадан соң 27-июнда Алмазбек Атамбаев 103 депутаттын добушу менен кол тийбестик статусунан ажыратылды. КСДП бул процесс шашылыш, Ак үйдүн буйругу менен мыйзамсыз жасалды деп чыкты. Атамбаевден кол тийбестик алынып жаткан күнү депутаттардын “өзү тийишип алды, болбосо биз деле унчукпайт элек” дегени көңүлдү бурат. Ушундай мамиленин өзү кооптуу. Чындап коррупцияга сокку урам, парламентаризмдин үлгүсүн көрсөтөм, ири реформаларды жасоого чыйыр салам деген Жогорку Кеңеш “тийишпегени” же жакшы пикирде болгону үчүн кимдир бирөөлөрдүн кылмышына көз жумуп отурбашы керек.

КОЙ-ТАШТЫН ТУРГУНДАРЫ КҮЗӨТТӨ

Кол тийбестик алынган күнү Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө анын айылдаштары топтолду. Жоон топ 1 аптадан бери Атамбаевди 24 саат бою кайтарып, аны укук коргоо органдарынын колуна салып бербейбиз деп турушат. Атамбаев өзү “мен жээнбековдук бийликтин сотуна барбайм, куралым бар, керек болсо атышам” деген сөздөрдү айтууда. Азырынча башкы прокуратура Атамбаевге каршы кылмыш иши ачылган-ачылбаганын ачыктай элек, суракка чакыра элек.

Алмазбек Атамбаев “ак экенин сотто далилдесин” деген талапты кулак сыртынан кетирүүдө. Бирок ал президент кезинде оппоненттерине карата “актыгын сот аркылуу далилдешсин” дечү. 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров камаларын алдын ала билишсе да, чет жерде жүргөн жеринен өлкөгө кайтып келишкен. Алар атамбаевдик тергөө менен соттун адилеттигине ишенгени үчүн эмес, өздөрүнүн ак экенин далилдөө үчүн кайтып келип, күрөшүштү. Мурдагы бийлик аларды соттогону менен, элге кылмышкер деп сиңире алган жок. Бүгүн коом аларды саясий туткун деп эсептейт. Булардан айырмаланып Атамбаев өзүнүн актыгын сот аркылуу эмес, башка жол менен далилдегиси келүүдө. Бул анын президент катары 6 жылда көз карандысыз, адилет сот системин кура албаганын моюнга алышы.

СЫРТТАГЫ КӨЗ КАРАШ

Саясий кырдаалга карата экс-президент Роза Отунбаева билдирүү жасап, "Атамбаевдин максаты – аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүү" деди.

Саясатчы Адахан Мадумаров "эки достун тиреши өлкөнү коркунучка кептеп койду, той-ашта төрдөн түшпөгөн аксакалдар, интеллигенция өкүлдөрү үн катууга жарабай жатат" деп сындады. Абал курчуй берсе, анда элдин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн ортого арачы түшүүгө аргасыз болорун айтат Мадумаров.

Ынтымак жана тынчтыктын баркын Аксы, Апрель, Июнь окуяларын баштан өткөргөн кыргыз эли жакшы түшүнөт. 2 ыңкылапта саясий топко бийлик алып берип, жүздөй адам өз өмүрүн садага чаап “баатырдык” көрсөткөнү менен, үмүтү акталып, жашоосу кескин жакшырып кеткен жок. Бүгүн коом чагымчыл аракеттер болсо азгырылып кетпей, акылмандык көрсөтө турган учур.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан