МУРДАГЫ ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН КОЙ-ТАШКА БАРЫП АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ ЖОЛУККАНДЫН ЭРТЕСИ УКМКга СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

Мурдагы элчи Кылычбек Султан 2-июлда Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан. Ал эми 3-июлда эртең менен УКМКнын опер кызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө барып, суракка чакыруу кагазын тапшырып кеткени белгилүү болду. 3-июль күнү УКМКга кирген экс-элчи 5 саат суракка алынды.

"Конкреттүү эмне иш боюнча чакырышканын, тилекке каршы, айта албайм, талап ошондой. Бир айтарым, бул бийликтин саясий куугунтугу экени түшүнүктүү. Эгер мындай аракеттерди жойбосо, Сооронбай Жээнбеков жана анын жан-жөкөрлөрү эртең эле дал ушундай саясий куугунтукка туш болушат",- дейт мурдагы элчи.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан