16-ИЮЛДА ТЕКЕБАЕВДИН ТАГДЫРЫ МАМЛЕКЕТТИН ТАГДЫРЫН ЧЕЧЕБИ?

16-июлда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши Жогорку Сотто жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралмакчы. Бул тарыхый күн, Кыргыздын башкы саясатчысы же акталып чыгат же Атамбаевдин тушунда алган жазасы өзгөрүүсүз калат. Акталып чыкса, кайсы жээкте иш жүргүзөт? Азыркы бийликке жардамчы болобу же оппозициянын туусун көтөрүп чыгабы? Көпчүлүк Текебаев эркиндикке чыкса, саясатта “аба ырайы” кескин өзгөрүп, бүдөмүк саясий жүрүштөр ачыкка чыгууга аргасыз болот деп жоромолдоп жатышат. Бул санда Өмүрбек Текебаевдин урунттуу ойлоруна орун беребиз.

1998-ЖЫЛ

“Адамдык маңызым түпкүлүгүндө өзгөргөн жок. Өзгөрткүм да келбейт. Чындыкты тике, бетке чаап айтар мүнөзүмдөн үй-бүлөм, өзүм мөөрөй таба элекмин. Чындыкты «балп» эттире айтып салмайым бар. Мунумду көпчүлүк колдойт. Апам менен келинчегиме жакпайт. Таразалап көрөм да, мүнөзүмдүн зыянынан пайдасы көп экенине көзүм жетет. Текебаевдин жаманы да, жакшысы да, адам катары да, саясатчы катары да маңызы – ушул”.

2002-ЖЫЛ

“Ким акыркы болуп кыйкырып койсо эле ошонун сөзү туура болуп калбашы керек. Кечээ кыйшаңдаган адам бүгүн да кыйшаңдайт".

2011-ЖЫЛ

"Депутаттык корпус – бул элдин бардык катмарынын өкүлү, коомдун күзгүсү. Коом кандай болсо, депутаттар ошондой болот. Ошентип күзгүдөн кээде өзүбүздү көрүп туруу бардыгыбызга пайдалуу".

2010-ЖЫЛ

“Бийлик чындык деп чыркырагандардын белин сындырам, духун сындырам деп, түрмөгө тыкты, мунжу кылды, алардын үмүтүн, ишенимин өчүрүүгө, бул ыйык сезимдерден ажыратууга бүткүл күчүн жумшады. Эл ага мокогон жок, тескерисинче, чыйралды. Адам үмүтсүз жашай албайт...”

2011-ЖЫЛ

"Тагдырыма нааразы эмесмин. Өлкөнүн тагдырын чечкен заманда жашап жатабыз. Күбө гана болбостон, кол кабыш кылып, аралашып келем. Мен үчүн жашоо образы баарынан маанилүү. Кайра жаралсам, ушул эле турмушка ыраазы болмокмун".

2011-ЖЫЛ

"Бийлик – бул коргосо да, жараласа да боло турган кош миздүү кылыч. Ошондуктан президенттен акыл-эстүүлүк, кыраакылык, коомдо жүрүп жаткан процесстерди жеткилең түшүнө билүү сапаты талап кылынат".

2015-ЖЫЛ

"Биз кекирейген адамдарга эмес, системге ишенишибиз керек. Мен системди түзгөндө алтын адам үчүн түзгөн эмесмин. Мен жаман адам келсе да иштеп кете ала турган систем түзгөнмүн".

2016-ЖЫЛ

"Конституция сынды, элита сынды, эгер эл сынса, биз кайра турбайбыз".

2017-ЖЫЛ

"Эмне ушинтип жалаа жаап камап койсо болот деп ойлойсуңарбы? Камасаңар мен 1 жылдан кийин кол чабуулар менен чыгам. Чыккандан кийин кантип эсептешип аларымды жакшы билесиңер. Мамлекети жок эле, керек болсо өзүм эсептешип алам".

2019-ЖЫЛ

"Мага көбү «2005-жылы Бакиевди президент кылбай эле өзүң болуп алсаң болмок экен, 2010-жылы Атамбаевге орун бошотпой эле, өзүң болуп алсаң болмок экен, ошон үчүн сен күнөөлүүсүң» деп айтышат. Мен ачык, так, кыска жооп бергим келет. Эгер менин 2005-2010-жылдары президент болууга реалдуу шансым болгондо, эч кимден сурабай, эч кимге орун бошотпой өзүм болуп алмакмын".

2019-ЖЫЛ

"Революциянын башталышы бар, аягы жок» деген классикалык аныктама бар. 2010-жылкы Апрель революциясы 2005-жылкы Март революциясынын уландысы болду. Бүгүн бизге бул эки башка тарыхый окуядай болуп көрүнүп турат. Бир топ жыл өткөндөн кийин бул бир эле окуянын эки баскычы катары каралат".

2019-ЖЫЛ

"Парламенттин депутаттарынын ар бири менен сүйлөшсөң – билимдүү, акылдуу, ишмер, сөзүн уксаң – мекенин сүйгөн патриот. Бирок алар бир орган катары иштей албай жатат. Анткени алардын башын бириктирген, максаттарга жетүүгө шыктандырган лидерлер камалды же кылмыш иши козголуп жүдөштү, мокошту же өлкөдөн качып чыгып кетишти".

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан