9-июль күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндө "өлкөдөн чыгарылып кетти" деп айтылган 700 миллион доллар боюнча текшерүүсү тууралуу алдын ала маалымат таратты. Анда Матраимовдордун 700 миллион долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө тиешеси болушу мүмкүн делген жоромолго далил табылбаганы айтылды.
«АЗАТТЫКТЫН» ИЛИКТӨӨСҮ
Үстүбүздөгү жылдын 29-майында «Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2011-2017-жылдары Айэркен Саймаити деген Кытай жараны «Абдыраз» аттуу ишканасы аркылуу Кыргыз өлкөсүнөн сыртка 700 миллион доллар чыгарып кеткени жана ал каражат бир тууган Матраимовдорго тиешеси болушу мүмкүн деген ой айтылат. Журналист анын 250 миллион долларын ырастаган бир нече документтер менен банк дүмүрчөктөрү бар экенин билдирген. Иликтөөдө Кыргыз өлкөсүнөн чет өлкөлөргө акча которгон адам Матраимовдордун фондуна чет жерден акча жөнөткөнүн айрым документтер далилдей турганы да белгиленген.
«АЗАТТЫККА» КҮМӨН ЖАРАТКАН ИЛИКТӨӨ
15-июнда «Бешинчи каналдын» журналисти Элнура Алканова бул темага карата өзүнүн иликтөөсүн жарыялады. Ал «Азаттыктын» иликтөөсүндө көрсөтүлгөн документтерде дал келбестиктер бар экенин айтып чыкты. Тагыраагы, банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айткан.
Экинчи жагдай, «Саймаитинин акча которуулары деп «Азаттык» көрсөткөн документтерде ал адамдын атынан коюлган колду текшере келгенде Саймаитиники эмес, АКШдагы жолбун иттерге кам көргөн Адам Стендфилд аттуу адамдын колу болуп чыкты»,- дейт Алканова. Бул иликтөөдөн кийин «Азаттыктын» иликтөөсүнө коомчулукта ишеним азая түшкөн.
ФИНПОЛ МАТРАИМОВДОРДУН ФОНДУНА 2 338 700 ДОЛЛАР КОТОРУЛГАНЫН ЫРАСТАГАН ЖОК
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылган өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Тергөө иликтөөнүн автору Али Токтакуновдон 22 миллион 721,3 миң суммадагы акча боюнча документтерди алган. Бирок иликтөөдө көрсөтүлгөн негизги документтер Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына берилген эмес.
Финпол Айэркен Саймаитинин банктык эсептерин текшерип чыгып, иликтөөдө айтылган акчалар текстилдик продукция сатып алуу үчүн которулганын маалымдады. Жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу келишимдердин негизинде которулган дейт мекеме.
Тергөө Айэркен Саймаити жана Wufuli Bumailiyamu аттуу жаран аркылуу Исмаил Матраимов атындагы фондго 2 миллион 338 миң 700 доллар которгону боюнча документтер да ырасталбаганын белгилейт. Бирок Wufuli Bumailiyamu аталган фондго 2016-жылы 100 миң жана 99 миң доллар которгону аныкталды. Ошондой эле фондго 2014-жылдан 2019-жылга чейин ар кайсы жактардан 1 миллион 439 миң доллар жана 221,6 миң сом келип түшкөнү маалыматта айтылат.
"Азыркы учурда соттук өндүрүшкө чейинки чогултулган бардык банктык жана бухгалтердик документтер териштирилип жатат» деп жазылат Финполдун маалыматында.
Буга чейин журналист Элнура Алканова «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкканын айткан. Ал Айэркен Саймаитиден фондго 2 миллион 300 миң доллар которулган деген маалыматты фейк деп, Айэркен Саймаити Кыргыз мамлекетинен чет өлкөлөргө акча которуп жүргөн документтер гана анык чыкканын билдирген. Муну Финпол да тастыктады. Бирок «Азаттыктын» иликтөөсүндө белгиленгендей, Айэркен Саймаити Кыргыз мамлекетинен 646 миллион долларды ЧЫГАРЫП КЕТКЕН эмес, ал акча каражатын банктар аркылуу КОТОРГОН.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg