АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ СУРАККА БАРБАЙМ ДЕДИ

8-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Чакырууну ИИМдин кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткиришкен. Тергөөчү Атамбаев кайсы иш боюнча чакырылганын жазган эмес. Бирок бул башкармалык учурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени боюнча ишти тергеп жатканы белгилүү.

Ошол эле күнү Атамбаев суракка баруу ниети жок экенин билдирди. "Мага ар кандай кагаздарды алып келишет. Мындан кийин дагы ушул сыяктуу кагаздарды милиция, прокуратура, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери алып келсе аларды юристим Сергей Слесаревге берем. Анткени мага каршы оюн болуп жатканда азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды дагы бузган. Биринчиден, бийлик укуктук талаага барышы керек. Азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлап баштамайынча алардын оюнуна катышпайм. Бул жерде Жээнбеков менен Матраимовдун эрежелери болуп жатат.

Мен эмнеге Ички иштер министрлигине барышым керек? Дагы бир жолу кайталайм, ал кагазды колума дагы алып окубайм", - деди Атамбаев.

Мурдагы президенттин суракка эмне үчүн барбасын анын жактоочусу Сергей Слесарев түшүндүрдү. “Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин мыйзамсыз түрдө алган. Анткени Конституция жана парламенттин регламентине ылайык, депутаттар мурдагы президентке айып тагып, кол тийбестигин ала албайт. Андыктан ал суракка барбайт. Негизи кайсы кылмыш ишинин алкагында чакырылып жатканы да белгисиз. Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча болушу мүмкүн”,- деди Слесарев.

9-июлда Атамбаев Тергөө башкармалыгына суракка барган жок. Талапка ылайык, суракка чакырылгандар келбей койсо, тартип сакчылары чакырылган адамды мажбурлап алып келүүгө укуктуу. Андыктан окуя мындан ары кандай өнүгөрү белгисиз.

Эске салсак, 27-июнда Жогорку Кеңеш 103 депутаттын добушу менен Атамбаевди экс-президент деген макамынан ажыраткан. Бул иш тездик менен жасалып, аны Атамбаевдин тарапташтары жана айрым серепчилер күмөндүү чечим, депутаттар бийликтин тапшырмасын аткарып, жеке өч алуу аракетине өтүп кетишти деп баалашкан. Ал эми демилгечилер бул процесс бир дагы мыйзамды бузуусуз өттү деп ишендирип жатышат.

ИИМдин тергөө башкармалыгы 11-июлга кайрадан суракка чакыруу берди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан