ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АВТОКЫРСЫКТА 4 АДАМ КАЗА ТАПТЫ

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза тапты. Кырсыкка Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков катышканы маалым болду.

Жол кырсыгы 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде болгон. Маалыматка ылайык, BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus ES унаасы менен сүзүшкөн. Окуя болгон жерде Lexus унаасындагы эки киши жан берип, дагы бири ооруканага бараткан жолдо каза болду. Оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген Lexus унаасындагы төртүнчү жигит 9-июлга караган түнү көз жумду.

Айрым маалымат булактарында BMW X7 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 25 жаштагы Темирлан Токобеков – Жогорку Кеңештин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин кичүү уулу экени айтылды. Учурда Токобеков Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда.

Милициянын баштапкы маалыматында BMW Х7 Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган Lexus менен кагылышканы кабарланган. Ал эми каза болгондордун жакындары кылмышты жаап, өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу аракети болуп жатканын айтышууда. Мындай шектенүүгө Lexus унаасында видеокаттоонун жана айдоочуга таандык документтердин жоголуп кеткени жана айрым маалыматтардын ачык айтылбай жатканы себеп болууда.

Каза болгондордун туугандары унааны Темирлан Токобеков айдап бараткан болушу мүмкүн экенин айтышкан. Бирок Абжалиевдин туугандары Темирлан Токобеков унаада жүргүнчү болгонун билдиришүүдө.

Социалдык тармактарда кырсык болгон жерде тартылды деген видео тарады. Анда BMW X7 үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номеринен тышкары экинчи, башка өлкөгө таандык номери болгондугу тууралуу сөз болот. Бул боюнча милиция жооп бере элек.

Германиялык BMW компаниясынын BMW X7 үлгүсүндөгү унаасы дүйнөдө сатыкка жакында гана, 2019-жылдын мартында чыккан. Бул унаанын эң арзан баасы эле 73 миң доллардан жогору турат. Абжалиевдин үй-бүлөсүнүн мындай кымбат баалуу унаа сатып алууга декларациясында көрсөтүлгөн кирешелери жол береби-жокпу деген талкуу кызуу жүрүүдө. Азырынча милиция автоунаанын ээси боюнча так маалымат бере элек.

Окуя 2011-жылы августта 3 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгын эске салды. Ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев айдап бара жаткан унаа каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзүп, 3 жаш адам каза тапкан. Мэрдин уулу бул иш үчүн жоопкерчиликке тартылбай калган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан