“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева Өмүрбек Текебаевдин сотунда адилет чечим чыкпаса партия оппозицияга өтөрүн “Азаттыкка” билдирди.
“16-июлда көрөбүз. Эгерде ошол күнү лидерибизге карата адилет чечим болбосо биз оппозицияга кетебиз. Парламенттик көпчүлүккө киргенде деле биз өзүбүздүн позициябызды айтканда дайыма “Силер коалициядасыңарбы же оппозициядасыңарбы?” деп айтышчу. Биздин тарыхыбыз ошону көрсөтүүдө. Сооронбай Шариповичтин иштери туура эмес болсо аны бүгүн деле, эртең деле сындайбыз”,- дейт Сасыкбаева. Партиянын төрагасынын орун басарынын бул сөзү суроо жаратты. Коомчулук 2016-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеште коалициядан чыгып калгандан бери "Ата Мекенди" оппозицияда деп билет. Бирок "Ата Мекенчилер" андай позицияда эмес экен.
Эске салсак, Жогорку Сот “Ата Мекендин” камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин 16-июлда жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карайт. Жактоочулар бул иштеги негизги күбө саналган Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн жалгандыгын далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирүүдө.
Эки саясатчы 2017-жылы орусиялык жарандын «менден 1 миллион доллар алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg