БАКИЕВДИН ТУШУНДАГЫ БАШКЫ МИЛИЦИОНЕР МОЛДОМУСА КОНГАНТИЕВ АКТАЛДЫ

5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп, аны актады. Мындан тышкары ага карата сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан алынды.

Эске салсак, Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Бул чечимге нааразы болгон, Апрель революциясынын баатырлары Биринчи Май райондук сотунун алдында митинг өткөрүштү. 20га жакын киши Молдомуса Конгантиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылышты. Алар бул боюнча жогорку соттук инстанцияларга кайрылуу ниеттерин дагы билдиришти.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан