«ЭКИНЧИ АЯЛ АЛБАСЫН ДЕСЕҢ, КҮЙӨӨҢДҮ БАЙЫТПА!»

– Мен күйөөмдүн биринчи аялымын. Менден кийин экинчи аялы бар, балким, дагы үчүнчүсүн алат. Ким билсин? Күйөөм экөөбүз 20 жыл мурун баш кошконбуз. Ал учурда жашообузда көп нерселер болорун билгем. Бирок үстүмө бирөөнү алышы үч уктасам түшүмө кирген эмес. Эмнеге мен биринчи аялдын статусунда калдым. Эмнеге ажырашып кетпедим? Менин жүрөгүм күйүп-жанып, жан дүйнөм тозокко айланган жок дейсиңерби? Айланды! Бирок мен 20 жыл мурун колун кармаган айдоочу азыр бутуна толук турган бизнесмен. Мен курсагымды челкейтип алып бутум шишип кеткенче кийим тигип, тигүү цехин ачып анын бизнесин чогуу түптөшкөм. Эми ажырашып кетип, жыйнаган мүлкүбүздүн жарымы капкайдагы бир катындын колунда калышын каалаган жокмун.

Бирок тозокто жашадым. Өрттөнүп кеттим. Эч бир эркек аялдын бул абалын түшүнө албаса керек. Куду ичиңде бир от кирип, куйкалап жаткандай сезим. Сырттагы оттон качсаң болот экен, ичтеги оттон кантип качасың?

“Дүйнөдө жалгыз эркек болсо да эмне, ботом?” дешти тааныгандар. Ал мен үчүн бир эле күйөө эмес эле. Бир көзүм, бир бутум, акылымдын жарымы, жашоомдун жарымы эле. Көз алдымда сүйдү башканы. Көз алдымда чабалактап, аны же үй-бүлөсүн тандай албай алдастады. Менин абалым деңизден ыргытылган балыктай болсо, анын абалы эки бөлүнгөн кемедей болчу.

Бактылуу болдубу? Менимче, жок. Көзгө көрүнбөгөн, эч ким сезип-сезе албаган, колго кармалып кармалбаган бир ирмемди кубалады. Чыныгы сезим эмес экенин сезгенинде кеч эле.

Бактылуу болдумбу? Жок, колунан оюнчугун жулдуруп жиберген баладай томсордум. Өмүр бою чогулткан мончокторум чачылды. Ар бир кышын сулуулап, кынаптап коюп чыккан сепилим урады.

Балдарыбыз бактылуу беле? Жок! Биздин көздөрүбүздү суроолуу карашчу. Кимибизге жан тартарын билбей ортодо чайналышты.

20 жыл бою жашадым, бүтүн дүйнөм менен күйөөмө байландым. Сүйдүм. Азыр мага жакын адамдардын бири эле “жакшы аялдан күйөө кетмек эмес” деди. Көрсө, кетет экен. Ал менден кетпеши үчүн эмне кылышым керек эле? Кыз десе кыз, уул десе уул төрөп бердим, колуна кол, бутуна бут болдум. Үйү жыйналбай, өзү жүдөгөн аялдардан деги эмесмин. Кирпигинин ирмелишинен эмне каалап турганын билчү элем. Кармабай туруп тамырынын кантип согуп жатканын туйчу элем. Дагы эмне кылып байлап калышым керек эле? Деги эле күйөө деген байлап кала тургандай малбы? Кыргызда күйөө кетсе да, жүрсө да аялын күнөөлөшөт. Түтөгөндө да ошого түтөдүм. Аял күйөө үчүн чыдай турган бир күң эмес, тескерисинче, ал каза турган алтын кен. Суусунун кандыра турган булак. Тилекке каршы, күйөөм булактын көзүн ачып, жанга жагымдуу даамын татып иче албады. Чачты, төктү, булгады да кетти. Жүрөгүмдөгү мээримди 20 жыл бою көрө албаган адамды мен дагы эмне амал менен байлап калышым керек эле?

Ойлонуп туруп бир гана күнөөмдү таптым. Мен күйөөмдү байытпашым керек эле. Колунда ашык акчасы болсо эки жагын каранып, экинчи аялга жутунуу эркектердин табиятында бар тура. Куду Эдигейдин Каранарындай чамынып, урунарга тоо таппай, көзүнө кызы да, баласы да, аялы да көрүнбөй калат экен. Эгерде акчасы болбогондо сезим эмес, эртең кантип балдарымдын курсагын тойгузам деген ой менен алек болмоктур.

Адыл, сен талкалап кеттиң. Сезимдерди, ыйык очогубузду талкалап кеттиң. Эми анын урандысынан бактыңды кайрадан курап жашап көр. Өзүмдү сактап калышым үчүн мен ичимдеги сени өлтүрүшүм керек эле. Болбосо ыза, таарыныч, сүйүү мени жалмап кетмек. А мен өлүүнү каалабадым. Балдарым үчүн мен жашоого карманышым керек эле. Башка бир учур болсо, балким, өзүмдү өлтүрүп ичимдеги сени жашатмакка аракет кылмакмын. Бирок бул жолу эмес. Бул жолу менсиз балдарыма оор болорун сездим. Биз баарыбыз үчүн жүрөгүмдөгү сени жок кылдым. Сен мен үчүн көз алдымда өлүп бара жаттың. Аны сезгениңде туталандың, ызаландың, жабылып бара жаткан эшикке чуркадың. Бирок эшик жабылды. Ичимдеги сени жок кылганымда гана сенин үйлөнүшүңө каршы болбодум. Согуш токтоду. Эми сен мен үчүн болгону балдарымдын атасы жана үйдүн капчыгы катары гана жашайсың. Ал эми аялдарга бере турган турмуштук сабагым, эч качан күйөөнү байытпагыла!

А.С.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Rusbubu
2019-07-15 18:18:05
Ичиңе бир от кирип куйкалап аткандай сезим(((( Сизди аябай түшүндүм, күчтүү эже экенсиз, мындан да күчтүү болуңуз. Балдарыңыз үчүн жашаңыз,жакшылыктарын көрүңүз. Үйбүлөлүү эркектерди азгырган, ХХХХХ Кудай жазасын берсин....
+12
rahali
2019-07-15 21:35:19
Аябай мазмундуу жазылыптыр,сезимдерди соз мн сурроттоп.
+7
Stervashka
2019-07-15 21:44:36
Дагы деле ичим куйот, менин устумо аял алып алган куйоом. Ошондон кийин жашоо болбоду. Тигиниси менен да кыйратып жашаган жок, мен кечире албай койдум. Же ал уйлонбоду же мен турмушка чыгып кетпедим. Журобуз бири бирибизди кыя албай. Андан башка эчкимди суйо албадым.
+9
aijan
2019-07-16 11:59:16
Stervashka, ХХХХХ Наталья Коробкованын "техника "Отсушка" деген видеосун карап корунуз. Жардам беруусу керек.
0
Janattim
2019-07-16 00:04:45
Эркекти акча копто аялды акча жокто сына дейтко.Бирок байлык бийлиги жоктор деле уйлонуп алып жатышат.Байып байлыгы ашып ташкандардын деле уйлонбой коппой жакшына жургон адамдар коп эле.Ал адамдын озунон.Баары учун бирдей жооп бериш кыйын.Менин вариантымда аялдар тилдуу келебизда ошонубуз эркектерге жага бербейтда.Анан мамилебизденда болот.Эркектерге назик аялдар жагат,а бизчи эркектерден ашыкча жулунуп иштегибиз келет.Анан эле мен кылдым эле,мен жасадым эле деп чыга келебиз.
+5
aijan
2019-07-16 11:51:35
Janattim, эркек "аялым тилдуу болчу, мен, мен дей бергенинен..." десе "Ии, ооба" деп баш ийкеп муюп калабыз, "чыын, акыры чыдабай кетти да, байкуш" деп. Аялы ошентсинчи))) "Куйоом тилдуу болчу, мен, мен эле дей берет" десинчи. "Кайдагыны былжырабай барып казанынды кармачы!" деп жактырбай ооз чуйруйбуз, "барына шугур дей албаган, ырыскысын которо албаган акылсыз" деп... Анысы ары турсун, айрым аялдар аракеч, иштебей уйдо жаткан эркегин д
+2
aijan
2019-07-16 11:53:10
aijan, да Эр кылып журот.
+2
mirkaa5182
2019-07-17 19:53:15
Негизи жашоодо болгон окуя экен, кырккында киши кыз сүйөт болуп, турмушта нээлер гана болуп кетпейт...
0
pero5184
2019-07-18 00:50:34
Биринчи катынды бактылуу кылалбаган эркек,экинчисин эч качан бактылуу кылалбайт .
+5
Eli.91
2019-07-18 13:56:25
Бир кездеги раматылык апамын башына тушкон окуяны эстетти.Апам ушунчалык акылдуу Жан эле балдарым деп жашап акыры женди ат айланып казыгын табат дегендей акыры казыгын табып келди атам.Бирок жаным апам ошол убакта тарткан азаптарын баарын ичине салып жутуп журуп айыкбас дартка туш болдуда ал дарт акыры алып тынды.Бул окуяны эстесем атамды ушунчалык жаман коруп кетем бирок Бейишим апам атамды аябаай сыйлайт эле.Ошол себептен атама жаман соз айтып журогун ооруткум келбейт.Ал убактагы атам менен
+1
Eli.91
2019-07-18 14:03:10
Азыркы убактагы атам экоонун ортосундагы озгоруу ото чон.Ал убакта менимче жаштык да мастыкда кылды окшойт.Азыркы убактагы атам уй-булону ойлогон балдарынын камын кылып жургон атага айланды.Кек сактабаганга аракет кылам мендагы.Апамын каза болгонун укканда ыйлап ыйлап ушунчалык куйду баарыбызды чыркыратып ыйлатты.Откон кундордун баарына салават.Бешенебизге Эми атам узаак омур сурсун.Ошол себептен жакшы ойлонуу керек балким жарашып калсанар жаратканым артынан жакшы кундорду насиб этер.
+1
ironlady
2019-07-18 14:06:41
2 аял алсын дегендер,ошол 1 аялдын ордуна оз апанарды элестетсенер. Апанар да ушу аялдай болуп кыйналып, жан дуйносу орттонуп, а озунор болсо айыккыс дартка чалдыккан адамга жардам берууго колунан келбеген адамдай карап турганынарды элестеткиле. Анан ойлонуп айткыла 2 аял алуусуна макулсунарбы же жокпу. 2 аял башы батып алгандан кийин биринчисин жок кылуунун амалын издей баштайт. Аялдар дайыма жолдошу учун жалгыз, кайталангыс болгусу келет.
+7
Jeenbek.
2019-07-18 19:12:44
Ээринизди сыйланыз ИншАллах бейишке киресиз, гарантия
0
nurhan2702
2019-07-18 21:46:41
Jeenbek.,сен гарантия бересинби? Бир келген жашоодо куйуту жок , бактылуу жашаса болбойбу
+2
Ainagul-danil
2019-07-18 19:23:10
Бул проблема менинда башымда күйөөм ден соолугума байланыштуу экинчи аял албасам болбойт деп жатат турбай калат экен деп эмне кылаарымды билбейм
+3
Begimay.emir1
2019-07-19 14:25:49
Ainagul-danil,ал кандай оору экен экинчи аял алдыра турган
+3
JENTLEMAN
2019-07-20 20:34:19
Биринчиси эң таттуу, биринчисин уул-кыздары менен кошо бактылуу кылып алсынчы эркек. Акчасы көбөйсө катын эмес, башка маанилүү сооп иштерди жасасаң аялың жан дүйнөсү менен раазы болуп, сүйүнүп жардам берет.
+2
saza20
2019-07-21 09:38:43
Ыйлап алдым. Укмуш сонун жазыптыр, китеп коп окуган адамго. Алла сабыр берсин. Кимдин башынан ушундай куйут отсо да. Эх. Сабыр деп коюп ичибизден сыздап оорулуу болобузго. Ушундай жургон эркекти Алла корсотуп коет экен коргулукту. Мен 7-8 аттарынан бери билем: Наргиза, Акмарал92,Акбермет92....толо. Билгендер баары куйоону катуу суйот экенсин дешет. Кайдан айла жок. Энелик сезимди жогору коет экенсин балдар деп.
+1
Kroxa
2019-07-21 20:52:26
5 10 сому ашык болсо деле кыз жандап кылышат семьясын унутуп кээ бир эр соройлор...
0
Pandora
2019-07-28 16:41:11
Эркектер акча таппай, үйдөгү расходтту көтөрө албай куйдурот же акча тапса ойнош ойноп,экинчи катын алам деп куйдурот.
Деги жөн жүргөн күнүңөр болобу? "Ат айланып казыгын табат"-дейт.Ошол башы иштебеген ат казыгын тапканча,аял 20 жылга каарып,айыккыс дартка кезигет.
"Аял баарына чыдаш керек!"- неге аялдар гана чыдашы керек,эркектерчи?! Неге аялы ооруп калса, башка аялга карап басат?
-1
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан