БИР БҮРКҮМ. ЗЕЛЕНСКИЙ ПУТИНДИ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ...
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганын билдирди.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдында "Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт.
8-июнь күнү мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 51 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырды.
Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган судья Жапар Эрматов Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди.
Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 16 жашка чыга элек Кыргыз жарандарына жалпы жарандык паспорт 10 жумуш күндүн ичинде берилет.
1985-1989-жылдары Кыргыздын маданият министрлигин жетектеген Марклен Баялинов дүйнө салды.
Коррупцияга каршы күрөштүн артынан казынага түшкөн акчанын эсебинен Чүйдөгү, Бишкектеги жана Оштогу 15 мектепке кошумча корпус куруу үчүн 799 миллион сом бөлүндү.
Ысык-Көлдө балык чарбанын көлмөсүндө ойноп жаткан төрт жашар кыз сууга чөгүп каза болду.
Украинанын президенти Володимир Зеленский социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Орусиянын лидери Владимир Путинди бетме-бет сүйлөшүүгө чакырды.
“Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн айып пулдун бир бөлүгү "Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.
Кыргыз Республикасы 2019-жылдын алгачкы беш айында мамлекеттик карызды төлөөгө 10,7 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.
15-сентябрда Бишкек шаарында "Ак илбирсти сактайлы" аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт.
10-июлда эртең менен Бишкекте машруттук такси менен жеңил машине кагылышып, 12 киши жабыркады.
Ысык-Көл районунун Бает айылынын 37 жана 59 жаштагы эки тургуну аракка ууланып каза болду.
2-август күнү Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.