ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айгүл терезени тиктеп ойлуу турду. Эрнисти ойлоду. Ушуга чейин бардык кылыктарына чыдап келсе да, уруп-согуп маалынан эрте төрөткөнүнө ичи муздап кетти. Кана кечээги сүйүү? Ата-энесинин абийирине, өзүнүн намысына карабай көгөрүп отуруп колун кармады. Анын баласы, аялы бар экенин билип туруп кашкайып жүрүп алды. Анткени ушу кара каш, кара көз жигитти катуу сүйгөн. Сүйлөгөндө көздөрү күйүп кете турган, олбурлуу жигиттин кучагында баарын унуткан. Арты эмне болорун билбей, акыл токтотконго чамасы келбей сүйгөн. Көзүнүн жашын шыпырып алды. Ыза кайнап турду. Ооба, окууну бүтүп келди, айылда мугалим болуп иштеп жаткан. Жашы да өтүп бараткан, өзү теңдүүлөрдүн баары үй-жайлуу, алды балалуу да болуп калган эле. Бир калыптагы күндөрүнөн тажап жүргөн. Борборго кетип калайын деп, оорукчан апасын кыя албай койгон эле. Бирок кийинки турмушу эмне болот деген бир түпөйүл ой эзгилеп жүргөн учурда Эрниске кезигип калды. Аны мектеп учурунда эле жакшы көрчү. Бирок кыз озунуп сезимин сүйлөй албай арманда кала берген. Кийин борбордо окуп жүрүп татынакай колукту алып келгенин угуп ичинен бир тынган.

– Кандайсың, Айгүл?- деди Эрнис жылмая.

– Оо, сен кайдан?

– Мындай эле иштер менен өтүп баратып... Куттуктайм, мугалим болупсуң.

– Рахмат, сени да уулдуу болду деп уктум. Окууңду таштап салдыңбы, ээ?

– Ии, шарт ушундай болуп калды. Биринчи курста эле бир кызды жактырып, колдон сүйрөп келип отургузуп койдум. Анан экөөбүз тең эле окуубузду таштап салдык,- деди Эрнис окууну таштап салганына ичи ачышып турганын билдирип.

– Эми жашсыңар да, дагы окуп аласыңар...

– Эми кайдан?..

Экөө ээрчише басып сүйлөшүп бара жатты. Коштошуп эки жакка басканда экөөнүн тең ичинде бир жылуулук пайда болуп коштошушту. Андан кийин эмне болду? Болбогон шылтоолор менен Эрнис мектеп жакка айланчыктай берчү болду, Айгүл болсо Эрнис жашаган көчө тараптан көзүн албайт. Укмуштуудай бир күч аны дегдетет да турат. Студент кезинде деле жигиттин колун кармап ээрчип көрбөгөн экен, жаштыктын деми башына тээп айласын кетирип салды. Уятына да, намысына да баш ийбеген аял-эркектин ортосундагы боло турган бир улуу күч анын акылын алды.

Саманканада чөптүн арасында экөө демдерин араң басып энтиге жатып калышты. Жолугушуп жүргөндөрүнө бир айдан ашып калган. Эрнис туруп кийинип баштады.

– Кайда?

– Үйгө да.

– Кичине калып турчу.

– Жок, билинип калабыз. Үйгө барайын. Асия да билип калбасын.

– А менчи?- деди тултуңдаган кыз.

– Сага бош болгондо келип турам.

Жүрөгү шуу деп кетти кыздын. Өмүр бою ушул боюнча ал аялынан бошоп келерин күтүп жашачудай сезим денесин үркүтүп жиберди. Чөптүн башын тиштегилеген боюнча кала берди. Мындай болбойт, Эрнисти кармап калуу керек. Эмне жол менен болсо да кармап калбаса болбойт. Варианттарды карап чыгып, боюнда кылса гана ал аялы менен ажыраша турганын акыл элегинен өткөрдү. Атайын алдырып сал деп айтпасын деп айтпай жүргөн. Эрнис анын ичин сылап жатып ток баскандай секирип кетти.

– Эй, энеңди-и, сенин боюңда барбы?

– Кайдан билдиң?

– Мына, турбайбы бөрсөйүп. Асиянын боюнда барда да дал ушундай болчу.

– Ээй, ары барчы, канча айтам мага аныңдын атын угузбачы деп...

– Жинди го мобу, канча болду билесиңби? Алдырышыбыз керек.

– Алдырбайм!

– Эмне-ее?

– Төрөйм мен, бүтүндөй дүйнө каршы чыкса да төрөйм бул наристени. Сүйгөн адамымдан болгон баланын өмүрүн кыя албайм.

Айгүлдүн өжөрлүгү бар болчу. Боюндагы баланы такыр алдырбайм деп туруп алды. Мына, жанында ыңаалап жаткан кыз ушундай жол менен жарык дүйнөгө келген эле. Баары Айгүл пландагандай болду. Айылдын баары Айгүлдүн ичиндеги наристенин атасы Эрнис экенин билишти. Асиянын көрбөгөнүн көр кылып жатып, ал чет өлкөгө кетип калды. Өзү келин болуп кирди. Бирок жеттим деген бактысы такыр көрүнбөйт го. Ушул элдин сөзүнөн, ата-апасынын уятынан артык болуп келген адамы аны өмүр менен өлүмдүн ортосуна кептеди. Адилеттик кана?

Келин кекиртегине кептелген жашын ары жутту. Таарынычы дайрадай болуп жатты. Ыңаалаган наристени колуна алып жүзүнө көз чаптырды. Эрнистин көчүрмөсү экен. Каш-кабагын бүркөп койду эле, өзү болуп калды. Келин күлүп жиберди. Биринчи жолу келин болуп келгенден берки чын дилден күлгөн күлкүсү ушул болчу.

 

xxx

Айдар дайыма чоң энеси менен. Колуна чоң нан көтөрүп алат да, чоң эненин белдемчисинин бир учун кармап кайда жүрсө ошол жакта. А энесинин оокаты деле бүтпөйт. Ичине батарейка киргизип алгандай эле кыбырайт да турат. Чоң энеси көп сүйлөчү эмес, кабагын чытып ойлуу жүрчү. Бирок ошол сүйлөбөгөн абалында да балага сүйүү берчү. Ал эми апасы башкача эле, кыңылдап ырдап, көп нерселерди сүйлөп, кээде китеп окуп берип, чогуу ойночу. Айдар ошолорду эстегенде улутунуп жиберди.

– Эмне үшкүрөсүң, көйнөгүңдү уй жегир?

– Көйнөгүмдүбү? Уй кантип жейт, эне?- деди бала бакырая тиктеп.

Чоң энеси күлүп калды. Чоң энеси экөө казанга нан жасашат. Балага баарынан ушул абал жагат. Беттери кызарып кеткиче отту тиктеп отурат, энеси көмкөрмөсү бышканда “быссымылда” деп өзү ооз тийип, четинен сындырып балага сунат.

– Эне, сиз эми тиги кызды да мендей жакшы көрөсүзбү?- деди капысынан Айдар.

– Ии, жакшы көрбөй анан. Ал дагы сага окшогон эле неберем да.

– А менчи?- баланын көзүнөн жаш айлана түштү.

– Сени дагы. Кичине чоңойсо сен дагы аны жакшы көрүп каласың. Сени менен кубалашып ойнойт. Байкем дейт.

– Ики,- деди Айдар башын чулгуп. Эч качан! Тиги аял төрөгөн баланы эч убакта бир тууганым дебейт. Ошол экөөнүн айынан Айдар апасыз калбадыбы?

– Антпе, балам, ал бечарада эмне күнөө? Эч качан балдарда күнөө болбойт. Күнөө чоңдордо болот.

Чоң энеси ойлуу ушуларды айтты. Жалгыз уул деп көкүлүнөн сылап чоңойткон уулу Эрнис эле. Асияны алып келгенде кубанганынан ыйлаган. Чынын айтыш керек, колунан да, тилинен да келген тың келин болчу. Өңдүү-түстүү да эле. Бул кабагы чытылып турган Үсөндүн кызы (жаңы келини) деле сүйлөшкүсү келбейт. Апакелеп көңүлүн алайын да дебейт. Балким, ал дагы кайненесиндеги салкындыкты сезеби, ким билсин? Уулунун кийинкиси эмне болор экен деп ич майын жеген энесинин убайымын Айдар кайдан билсин?

– Мен ал кызды жаман көрөм,- деди Айдар бултуюп.

– Бир күнү сен андан жакын эч кимиң жок экенин сезесиң, балам. Карындаш деген аябай күйүмдүү болот. Биринчи чоңоюп басып алсынчы, сенин артыңдан калбайт.

Чоң энеси көзү ачыктай айткан экен...
 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан