ӨЖӨР, ТАЙМАНБАС, ЧЫНЧЫЛ... ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ТУУРАЛУУ ДОСТОРУ, АЙЫЛДАШТАРЫ СҮЙЛӨЙТ





АКМАН АЙЫЛЫ

Жайгашкан аймагы – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

Жалпы аянты – 11 788 чарчы метр

Негизделген жылы – 1956-жыл

Калкынын саны – 13 миңге жакын (учурда)

Деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте



«БАЯГЫ БИЗ ОЙНОГОН ЖЕРЛЕРДИ САГЫНДЫМ ДЕДИ»

Жолборсбек Темирбаев, досу:

– Өмүке менен бирге ойноп, бирге жүрдүк. Кичинесинен эле өжөр, тайманбас, чындыкты бетке айткан бала эле. Анан китепти көп окучу, үйүнө качан барба, шатыда китеп окуп отурганын көрөсүң. Чиркеш аяш атабыз да китепти көп окуган, зээндүү киши эле. Өмүке бул жагынан атасын тартыптыр. Мектепте мугалимдердин катасын таап, бетине айтып таштачу. Эч тартынчу эмес. Анан балага окшоп жалган айтышты, бирөөнү алдашты билбеди. Өзү бала болсо да кыялы чоң адамдыкындай эле.

Жолукканда досторчо өткөн-кеткенди сүйлөшөбүз. Акыркы жолу айылга келгенде «Көлмөгө чейин жөө басып Кылыч досубуздун үйүнө баралы. Баягы биз ойноп жүргөн жерлерди абдан сагындым, жөө басып, бир кыдырып көрүп келели» деди эле. Айылга келгенде деле кенен сүйлөшө албай калабыз. Учурашканы эл көп келип, Өмүкенин колу бошобой калат. Эми аман-эсен чыгып келсе, кыялын орундатабыз, буюрса.

«КҮНДӨ 3 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ БАСЫП, ИШКЕ АТАЙЫН ЖӨӨ КЕЛЧҮ»

Иманали Абдразаков, агайы:

– Акмандагы №5 мектепте Өмүрбек Текебаевди окутуп калдым. Бала кезинен өзгөчө кулк-мүнөзгө ээ. Мындай адам 100 жылда бир туулса туулат, болбосо жок. Окуучулар, керек болсо мугалимдер Өмүрбекке карап түздөнүп, ага суктанып турушар эле. Мектепте иштеп жүргөндө өзүнүн классындагы окуучуларды пахта теримге жөнөтпөй коюп бүтүндөй союздук өлкөлөргө дүң болгон. Бул бала дайым план менен жүрчү. Үйүнөн 3 чакырым жол басып мектепке сабак бергени келет. Кечикпейт, дайым бир убакытта келет. Жолдон «ала кетейин» деп токтогон машинеге такыр чыкчу эмес. Кийин Базар-Коргон элинин колдоосу менен депутаттыкка шайланып, ошол бойдон саясатта жүрөт. Биздин сыймык. Бүгүн Текебаевдин Конституциясы, мыйзамы менен жашап жатабыз деп баары моюнга алып жатышат. Убагында мамлекеттик бийликтин күчү менен Текебаевди элге жаман көрсөтүүгө аракет кылышты. Бүгүн Текебаевдин жүзү жарык, эл анын ким экенин жакшы билет. Учурда көпчүлүк «Текебаевди бошоткула, анын тажрыйбасын пайдаланып калгыла» деп бийликке чакырык таштап жатат. Сотун 21-августка жылдырып коюшту, бул күнү Текебаев абактан чыгат, майрам болот деп күтүп жатабыз.

«ОКУУЧУЛАРГА АНЕКДОТ АЙТЫП ТУРУП, АНАН САБАГЫН БАШТАЧУ»

Кадырмамат Турдуев, мурдагы кесиптеши:

– 1983-жылы Өмүке физик, мен математик катары мектепте чогуу иштеп калдык. Узун бойлуу, арык жигит эле. Мугалим психолог да болот. Өмүкенин мугалим катары бир өзгөчөлүгүн байкачумун. Сабакты баштаарда физика, турмуш жөнүндө бир-эки анекдот айтып берип, окуучулардын маанайын көтөрүп алат. Балдардын көңүлүн бир жерге топтойт. Анан гана сабак өтүүгө киришет эле.

Эл колдоп, 6 жолу депутаттыкка шайлады. Өмүке шайлоодо 10 атаандашын утуп чыккан күндөр да болду. Башка талапкерлер жолугушууга акчасы же "жолуңарга шагыл төгүп берем, ун таратам" деген убадалары менен келет. Ал эми Өмүрбек Чиркешович китептерди, мыйзамдарды көтөрүп келет. «Ун таратууну, шагыл төгүүнү башкалар жасай берсин, мен мыйзам жазам, аларды ишке ашыртам» дечү.

«БАЙГЕГЕ САЙЫЛГАН КОРОЗДУ БЕРГИЛЕ ДЕП ТУРУП АЛГАН»

Токтогул Алишов, тууганы:

– Өмүрбек экөөбүздүн чоң аталарыбыз бир тууган. Бул балада тубаса жөндөм бар. Балага окшоп чаңга оонап шоктук кылбады. Жашынан эле чынчыл. Мен 1967-жылы балалуу болуп, 1 жашында тушоо той кылдык. Ким биринчи келип баланын тушоосун кессе, байгесине 1 короз дешет. Жарышта Өмүрбек биринчи келсе, апам корозду конокко келген туугандардын баласына берип коюптур. Ошондо Өмүрбектин «эй, чоң апа, сиз оозуңуздан чыккан сөзгө ээсизби же жокпу?» деп жини келгени эсимде. "Корозду бересиңер" деп отуруп алып кеткен. Баладай болуп бирөөнү сөгүп, урушуп-талашканын эч көрбөдүм.

Илгери Жолборс казы чоң атабыз Шабдан бийге жумуштап барыптыр. Барса бийдин жанында бир сынчысы бар экен. Ошондо сынчы Жолборс казыга «3 балаңдан эч нерсе чыкпайт, кызың Уркуя ашыңды берет» деген экен. Чын эле Уркуя эжебиз атасынын ашын берди. Ошондо сынчы «Шаамырза бийдин тобунан бирөө чыгат, дүйнөгө таанымал болот» деген экен. Анда Шабдан бийге кошо барган Абдыжапар деген атабыз 13-14 жаштагы бала экен, кийин «сынчынын айтканы туура чыкты, көрсө, ошондо Өмүрбекти айткан тура» деп жүрдү.

Өмүрбек бетке айтат. Бир жолу жолугуп калганда «Бакиевге тийишпей эле, ага-ини болуп ынтымак жүрө бербейсиңби» десем, «Токтогул аке, башыңыз ордунда элеби? Бакиевдер бүт Кыргыз элин тебелеп, кордоп, шылдыңдап жатса, мен айтпаганда ким айтат? Сиздин, менин неберелеримдин келечегин ойлонбойлубу?» деди. Унчуга албай калдым.

Бир жолу той кыларда 50 миң сомго бир жылкы алды. Ошондо аксакалдар мага “Өмүрбекке айтпайсыңбы, 50 миңге 2 жылкы алса болот” деп калышты. Айтып көрөйүн деп “аксакалдар ушинтип айтышты” десем мени кагып койду. “Токтогул аке, мен Кудайга жалганчы болбоюн деп жашап жүрөм. Бир туулам, бир өлөм. 10 кило эт берсе да, 1 тонна эт берсе да ушуну алдым. Жетпесе кошумча 2 бука алып берем” деген эле.

«АГАЙЫБЫЗ МЕКТЕПТЕ ӨМҮРБЕКТИН ЧАЧЫН АЛЫП САЛГАН»

Каныбек Кабылов, классташы:

– Өмүрбек экөөбүз 10 жыл бирге окудук. Кийген кийими, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү менен башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Жашынан эле «серьёзный» адам. Азыр ого бетер олуттуу. Топ тээп, уй кайтарып жүрдүк. Кызыгы, мектепте кыздар менен такыр бир партага отурбайт эле. Мугалимдерден уруш угуп болсо да максатына жетчү.

Бир окуя эсиме түштү. Союз кезинде мектеп окуучуларына чач койдурбайт эле. 6-класс болсо керек, Өмүке чач коёт эле. Класс жетекчибиз "чачыңды алдыр" десе, Өмүке такыр көнбөйт. Бир күнү агайыбыз 2 окуучуга Өмүрбекти карматып туруп, чачын мектептен эле алып салган (күлүп). Өмүрбек жиндеп, «чыккынчылар» деп бизге таарынган. Киного, түндө башка айылга кыздарга баруу деген нерселер Өмүрбекке жат болчу. Ал эми саясий куугунтукту мектепте жүргөндө эле тарта баштады десе болот. Өмүке өзүнүн окуучуларын пахтага жөнөтпөй койгондо райкомдун катчылыгы аны кысымга алып, аскерге айдап жиберишти.

Кыргызстанда акыйкаттык жок экени Өмүрбекти камаганда далилденди. Акаев качып, Бакиев атып, Атамбаев чындыкты камап кетти. Өмүрбек Текебаев – бул тарых, аты алтын тамгалар менен жазылат. Биз бул адамды барктай албай жатабыз. Өмүр өтүп жатат, Өмүрбектей адамдарды Кыргыз жери, мамлекет үчүн пайдаланып калыш керек. Эл бүгүн 21-августту чыдамсыздык менен күтүп жатат.

«АКТАЛЫП ЧЫГАТ ДЕП ИШЕНЕБИЗ»

Асанбек Султанкулов, мурдагы кесиптеши:

– Өмүрбек калыс, реалдуу сүйлөгөн жакшы бала. Атасы да көптү билген, чынчыл адам эле. Эсимде калганы – Өмүрбек мектепке үйүнөн 3 чакырым жол басып жөө барчу. Жолдо машинеси менен баратып ала кетейин деп токтогон кишилерге «жок» деп айтчу. Айрыкча өкмөттүк кызматкерлердин машинесине отургусу келчү эмес. Өмүрбекти туура эмес эле камап коюшту. Буюрса, акталып чыгат, дагы да элге кызмат кылат деп ишенебиз.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тилла эне, Өмүрбек Текебаевдин апасы: “Бүткөндүр эми, уулум эркиндикке чыкчу күндү күтүп жатам“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан