Кеңсебизге Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунан Рыскан Набатбек кызы аттуу келин келип, инисинин башына түшкөн окуя тууралуу айтып берди. Анын айтымында, иниси ак жеринен адам өлтүрдү деген атка конуп, камакта жаткан учуру. Окуя 2 жыл мурун болсо дагы Чубактын кунундай чубалган ошол күнкү окуя азыркыга чейин 3 үй-бүлөнүн башындагы түйшүк болуп турат дейт ал. “ҮЧ МАСТЫ ЖЕТЕЛЕП ЖҮРҮП, ЭКӨӨНҮ АМАН САКТАП КАЛГАН”
Рыскан Набатбек кызы айтып жаткан окуя гезитибизде 2019-жылдын февраль айында чагылдырылган. Анда редакциябызга Анара Бусурманова аттуу аял келип, уулун 3 адам токмоктоп өлтүрүп, карга көмүп койгону тууралуу айтып бергенин жазганбыз. Ишти тергеп жаткан тергөөчү, жабырлануучу тараптын жактоочусу менен сүйлөшүп, алардын пикирлерин да гезит бетине жарыялаганбыз.
Жигиттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан 3 шектүүнүн ичинен “адам өлтүрүү” беренеси менен айыпталып жаткан Алинур Набатбек уулунун эжеси бүгүнкү күндө өз чындыгын төмөндөгүчө билдирүүдө:
– 2017-жылдын январь айында иним Турук кыштоосуна мал караганы кеткен. Ал өзү жалгыз эмес болчу. Инимден мурдараак Алмаз, Азамат аттуу биздин эле туугандарыбыз да мал караганы чыгып кетишкен. Алар кышкысын элдин малын алып, кыштоого чыгып багып келишет. Артынан иним чыкканда эле жолдон Мирбек кыйкырып-ышкырып, токтотуп алып “чогуу кетебиз” деп ээрчип алган экен. Аңгыча алдыга кеткен тиги экөөнө жете келишет. Алар чогуу жол тартып инимден башкасынын баары жолду катар ичимдик ичип барышат. Аларга кыштоодон келе жаткан дагы 4 адам кошулуп, алар да коюнуна ката келген шишесин алып чыгып, аны дагы ичишкен экен. Инимдин айтымында, жайлоого жөнөгөн 3 адам тең бутунан тура алгыс мас болуп калышат.
Алинур Азамат менен Алмазды атка мингизип алдыга кетирип жиберет. Берки Мирбек катуу мас болуп калгандыктан аны атына мингизсе да болбой, улам кулап түшүп, кайра-кайра атына мингизип жатып араң берки экөөнө жете келет. Жердик жайлоосуна келгенде Мирбек дагы атынан кулап түшөт. "Жадаганда аттын чылбырын ээсинин бутуна байлап, соолукса туруп минип кетер деген ой менен таштап, жолумду улагам",- дейт иним.
Ал андан ары кетип калган эмес. Мас болуп калгандардын бири Азаматты жакын жердеги бирөөлөрдүн кепесине алып барып жаткырып, Алмазды болсо Турук кыштоосуна чейин жеткирип келет. Ошентип 2 адамды жылуу жерге жайгаштырып, Мирбекти кайра барып алып келүүгө мүмкүнчүлүгү болбой, ал ошол жаткан жеринде калып калган экен. Эгер Алинурдун ошондо жаман ою болсо үчөөнү тең талаага таштап коюп, кыштоого баса бермек. Анда 3 адам тең тоңуп өлмөк. Жалгыз башы менен дагы 2 адамды кепеге жылуураак алып барып жаткырып сактап калганын деле эске алыш керек.
Жакынкы жерде жайгашкан кепеде уктап калган Азаматтын айтымында, ал жерге жарык киргенде кепеден ойгонот. Обочороок басып, Мирбектин жерде жатканын көрүп барса, суукка тоңуп каза болуп калган экен. Ошондон кийин жакынкы кыштоодогуларга кабар берилип, кийин гана менин иним анын каза болуп калганын уккан.
“МАРКУМДУН ДЕНЕСИНДЕГИ ТАКТАР АТТАН ЖЫГЫЛГАНДА ПАЙДА БОЛГОНУ ТАСТЫКТАЛГАН”
– Каза болуп калган Мирбектин апасы Анара Бусурманова уулунун сөөгүн тоодон дароо милиция бөлүмүнө алып барбай, үйүнө алып келип тоңгон сөөктү жибитем деп чач кургаткан фен менен кактаптыр. Ал муну "келбей коюшту" дебесин деп туугандарыбыз Мирбекке куран окутуп барганда өзү айтыптыр. "Баламдын сөөгүн алып келгенде тирилтем деп боз үйгө от жагып, чач кургаткан фен менен да жылыткам" дептир.
Андан кийин соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Ал эми ар кайсы басылмаларга жана интернеттеги каналдарга тартып чыгарып жаткан баласынын денесиндеги тактар кайсы учурда сүрөткө тартылганы белгисиз.
Берген интервьюларында Бусурманова “баламдын эрди ичинен жарылган, кулак түбүндө бир нерсе менен урулган, буту-колу сыйрылган” деп айтып жүрөт. Ал тактар кайдан пайда болгону экспертизанын жыйынтыгында деле бар. Анда "аттан бир нече ирет кулаганда дене урулган" деген жери бар. Сөзүм куру болбосун үчүн айта кетүү керек. Соттук-медициналык экспертиза 5 жолку текшерүүдө тең “маркум тоңуп каза болгон” деген жыйынтык чыгарып беришти. Буга карабай ал аял көрүнгөн жерге арызданып жүрүп инимди окуядан 2 жарым жыл өткөнүнө карабай, ушул жылдын 11-июнь күнү каматып койду.
Башта милиция кызматкерлери окуяны тергеп, Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси (адамдын өмүрүн коркунуч абалда калтыруу) менен кылмыш иши козголгон. Кийин 97-берене (ред.: жаңы кодекс боюнча 130-берене – “адам өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоп коюшту. Өз ажалын тапкан адамдын өлүмүн 23 жашар инимдин моюнуна илип койгон укук коргоо органдарына да нааразыбыз. Ал кезде Алинур 21 гана жашта болгон.
“БИЗДЕН "КУЛЬТУРКА" КИМДЕ ДЕП СУРАДЫ”
– Анара Бусурманова 2013-жылы 21 килограмм баңгизаты менен кармалып, 5 жылга соттолгондугу боюнча да маалыматтар бар. Сотто инимдин иши эмне болот деп сарсанаа болуп, топурап коридордо жүрсөк, биз менен кошо сурак берип жүргөн Азамат менен Алмаздан “баламдын “культуркасы” кимде?” деп сурады. (ред.: “культурка” – атайын өстүрүлгөн баңгизатынын кургатылган чөбү. Кылмыштуу чөйрөдө ушундай жаргон менен аталат). Ал жерде мен да бар болчумун. Демек, Мирбектин тоодо баккан малы болбосо, же жумуштап барган иши болбосо, ал кыштоого катып же чогултуп койгон “культуркасына” бараткан болсо керек да. Мындай адамдарга эмнеге мыйзам иштебейт, түшүнбөйм. Мунусу аз келгенсип, “Алинур менин баламды эжеси менен мамиле куруп жүргөнү үчүн арданып сабаган” деп менин атымды да жабыштырып жүрөт. Мен турмуш курган, үй-бүлөлүү, 3 балалуу келинмин. Кайдан жүрүп анын баласы менен мамиле курмак элем?
Кыскасы, Бусурманованын ынанымдуу эмес куру сөздөрү үчүн эле инимди камап коюшту. Бул аялдын эмнеге мынча эле милиция менен сотту башына кийип жатканы айдан ачык болуп турат. Ал окуя болгон жылы эле “3 үй-бүлө биригип 1 миллион сом кун төлөгүлө” деген. “Биздин балдардын биринде да күнөө жок болсо, өз ажалы менен каза болгон адамдын кунун эмнеге биз төлөмөк элек?” деп койгонбуз, ага төлөй турган деле каражатыбыз жок.
Күбө катары суралып жаткан Азамат менен Алмаз деле өп-чап турмушта, биринин 6 баласы бар, баары жаш. Биздин дагы атабыз каза болуп калган, эки иним жана мен өз турмушубуз менен алекпиз. Үйдөгү карыган апабызды багып караган жалгыз Алинур болчу.
“ДООГЕР ТАРАПТЫН ЫЗЫ-ЧУУСУ МЕНЕН ИШ 2 ЖЫЛГА СОЗУЛУП КЕТТИ”
11-июнда Токтогул РИИБине камакка алынган Алинур Набатбек уулунун соту качан болору белгисиз. Бул боюнча шектүүнүн адвокаты Аралбай Дүйшөналиевге кайрылдык.
– Жабырлануучу Анара Бусурманова укук коргоо органдарына үзгүлтүксүз арыз жаза берди. Токтогул РИИБи, ал тургай прокуратура дагы бул окуяда адамдын киши колдуу болгону тууралуу белгилери жок деп жыйынтык чыгарышты. 97-адам өлтүрүү беренеси эмес, 121-адамдын өмүрүн коркунуч абалда калтыруу беренеси да бул учурга дал келбейт. Себеби ал адам эч ким мажбурлабай эле, кыштоого өзү чыгып, өз каалоосу менен ичимдик ичкени анык.
Доогер тараптын өкүлү Анара Бусурманова качан сот болот дегенде эле митинг уюштура коюп, улам бир тергөөчүгө, сотко, ички иштер органдарына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ызы-чуу чыгара коюп жатып, иш ушунчага чейин созулуп кетти. Бул үчүн Бусурмановага сот эскертүү берип, айып да жазган. Бул жагдайларды жана соттук-медициналык экспертизанын комплекстүү комиссиялык чечиминин жыйынтыгын карап, сот акыйкат чечим чыгарып берет деген үмүттөбүз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg