24-июль күнү саат 13:30да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Канттагы Орусиянын авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти. Учуп кетерге жакын Кой-Таштагы үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бир күндөн кийин кайра келерин билдирди.
“Бүгүн эртең менен учуп кетмекмин, бирок тоскоолдуктар болду. Азыр Канттагы авиабазадан учуп кете турган болдум. Буюрса, эртең кайтып келем. Мен баарына даярмын",- деди Атамбаев.
КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин жана анын командасынын учактагы сүрөтүн социалдык баракчасына жүктөп, Москвада жогорку деңгээлдеги жолугушуу болорун жазды.
22-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, экс-президентти суракка алмак тургай короого кире албай кайтты. Чиновник КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаевага жолугуп, сүйлөштү. Каниметов Атамбаев 3 жолу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, бирок барбай жатканын эскерткен. Буга жооп кылган Жолдубаева Атамбаевден экс-президент деген макам мыйзамсыз алынганы, 3 жолку суракка чакыруу боюнча Конституциялык сотко арыз менен кайрылышканын жана анын жыйынтыгы чыга электигин билдирген. Мындан соң Каниметов жетектеп барган тергөө тобунун мүчөлөрү кайтып кетишти.
Эске салсак, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Ага чейин 25-июнда мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнүн жанында "Элдик штаб" түзүлгөн.
Ошол күндөн тарта Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуу өткөрүп, суроолорго жооп берип жатат. Бул арада ал “Текебаевдей адамдар парламентке керек, Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келиши керек” деген өңдүү талкуу жараткан сөздөрдү айтты. Мисалы, Бабанов тууралуу "мен дайыма айтып келгем, бул иштердин баары атайын жасалган. Бири Орусияда бекинип жатса, экинчиси бул жакта отуруп алып буйрук берет. Бул деген болбогон нерсе. Кыргыз өлкөсүндөгү шерменделик. Бабанов эч нерседен коркпой өлкөгө кайтып келиши керек. Аны капа кылууга жол бербейбиз",- деди. Учурда Атамбаев чет өлкөдөн кайтпайт, кайтып келет, кайтып келсе кандай жыйынтык менен келет деген талкуулар жүрүүдө.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg