СЕНИ ЭМИ ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙМ

Анда Жамийланын 6 жашар кези эле. Бала бакчадан келе жатып дүкөнгө кирип, бирин өзүнө, бирин үйдөгү инисине деп 2 шоколад алып чыкты. Чыкканда эле көчөдөн өтүп бара жаткан тентек балдар колундагы шоколаддары менен кошо асынган рюкзагын жулуп алышты. Кыз коркконунан ыйлап жиберди. Дал ошол кезде ары жактан бир бала чуркап келип, ага болушуп, тигил балдар менен уруша кетти. Уруш мушташка айланып, оо бир топтон кийин гана тентек балдар тапыраган бойдон өз жолуна түшүштү. Бала капкара көздөрүн кызга кадап бир аз турду да, кызды жубата, колдору менен көзүндөгү жашын аарчыды. Анан кызды колунан кармап, сумкасын көтөрүп үйүнө чейин узатып койду.

Мектеп босогосун аттай турган 1-сентябрь да келди. Салтанаттуу чогулуш бүткөн соң окуучулар чурулдашып класстарга кире башташты. Мугалим Кайратты класстын эң арткы партасына отургузду. Ушул маалда аны бирөө карап тургандай сезилип, башын көтөрдү. Баягы кыз экен. Кыз да аны тигиле карап, тааныдым дегендей жылмайып койду. Ошондон тартып экөө бир класста окуп, чогуу чоңоё беришти...

Жамийла 7-классты бүткөн соң ата-энеси шаарга көчүп, ал шаарда окуп калды. Кайрат аны күтүп, жолун карап жүргөнүн жүрөгү менен сезчү.

Каникулга чыккан сайын айылына чоң атасына, анан мектебине бармай. Чынында аны мектеби, курбулары эмес, Кайраттын бакырайган капкара көздөрү тартып бара жатканын дилинде сезчү. Кайрат менен жолукканда экөөндөгү уяңдык, тартынчаактык ичтеги сырларды сыртка чыгарууга жол берчү эмес. Аркы-беркини сүйлөшүмүш болгон экөө коштошордо бири-бирин кыя албай, акырын баш ийкеше жолдоруна түшүшчү.

Бул ирет да каникулда айылына барды. Ичинде менин келгенимди көрсө же укса келип кетер деп эки көзү сыртта, көчөдө. Түн жарымга чейин, көзү илингенче Кайратты күтө берди. Бирок бул күнү ал келген жок.

Эртеси бир курбусунукуна барып, көпкө сүйлөшүп отуруп, кечке маал үйүнө кайтты. Оюнда Кайрат. Эмне, ооруп калдыбы же башка кызды жактырып калдыбы деп ичинен убайым жеген кыздын ыйлагысы келет. Жол бою өз ою менен алпурушуп келе жатканда ээн үйдүн ураган дубалынын ары жагынан дүп эте бирөө секирип түшүп, алдында пайда болду. Селт эте коркконунан көздөрү алая түшкөн кыздын алдында Кайрат турган. Бою өсүп калыптыр, көздөрү баягыдай эле адамды өзүнө тартып капкара бойдон.

– Кандай?- кыздын колун кысып койду. Ушул сөз кыздын убайым тартып келе жаткан маанайын көтөрүп жиберди. Сүйлөшүп бир топ турушкан соң бала кызды шап кучактап бооруна кысып, чоп эте өөп алды да, чуркаган бойдон жөнөдү. Кыздын жүзү кызара түшүп, бирөө-жарым көргөн жокпу дегендей эки жагын каранып алды.

Эртеси шаарга кетүүгө камынып жаткан кезде Кайрат келди. Ал Жамийлага колундагы чакан сувенирди карматты да, бат-бат басып узап кетти.

Быйыл мектепти бүтүшөт. Жаздын күндөрүнүн биринде атасы иштери менен айылга барды. Жамийла да аны менен кошо барган. Эртеси айылдагы классташтар тоого чыгышты. Гүл терип, сүйлөшүп баратып бир кезде Кайрат экөө элден оолак калганын сезишти. Экөө жетелешкен бойдон бир топ жерге чейин барышкан соң арчанын көлөкөсүнө отура кетишти. Кайрат кызды бооруна тарта, өөп койду. Анан үшкүрүнө быйыл окууга тапшыра албастыгын, атасы ооруп жаткандыгын айтты. Мектепти бүтсө шаарга жаныма келет деген кыздын шаабайы сууп, эртеси шаарга көңүлсүз кайтты.

Ошол боюнча экөөнүн жолу кезикпей койду. Кызды ата-энеси кудалашып койгон жерге зордоп берип салышты. Күйөөсү токтоо, жакшы жигит. Эки балалуу болуп калса да Жамийланын жүрөгүндө Кайратка деген сагынычы бар. Жашоо өз өкүмүн кылат тура, бир күнү автокырсыктан күйөөсү кайтыш болуп калды.

Жылдар өтүп жатты. Кыш мезгили болчу. Чоң атасы кайтыш болуп, Жамийла тууган-уругу менен айылга барды. Кечке маал батага бир топ эркектер келип калды. Эң артта кирип келе жаткан эркек аны көрүп, тык токтоду. Ооба, ал Кайрат эле. Кайрат мурункудан салабаттуу тартканы менен, адамды өзүнө тарткан көз карашы ошол бойдон экен. Жамийланын жүрөгү бир булкуп, эмне кыларын билбей калды. Куран окулуп, чай ичилген соң батага келгендер кете башташты. Кайрат баары чыгып, бөлмөдө жалгыз калган Жамийлага келип колун сунуп:

– Мен баарын билем. Мен сени жоготкон элем, эми таптым. Ушунча жыл үйлөнбөй, баары бир мага келет деп сени күткөн элем. Эми эч кимге бербейм,- деди. Жамийланын көзүнөн жаш сызыла берди...

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Dilbaranurdinova
2019-08-05 11:14:17
Кайрат деген ысым башкача угулат кулагыма))
+5
Kyrgyz-jigit.com
2019-08-05 11:32:50
Жаш бала жазгандайгоо
+8
asdef
2019-08-05 12:10:50
Kyrgyz-jigit.com,)))))
+2
pero5184
2019-08-07 14:44:23
Махабат чын эле барбы ?
+2
jon.as
2019-08-12 08:41:36
pero5184,бар окшойт)))
0
Aigerimkaaa
2020-01-30 18:13:51
pero5184,сиз суйуп коро элексиз го дейм
0
Aigerimkaaa
2020-01-30 18:14:49
Соонун
0
№ 874, 1-7-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан