“КЕЧИР, ИНИҢДИ СҮЙДҮМ”

Көздөрүбүз чагылыша кетти. Бир башкача сезим. Сени буга чейин бир жерден жолуктурганмынбы? Ойлонуп, мээмдеги “архивдин” баарын казып чыктым. Жок, биринчи жолу көрүп жатам. Бирок өмүр бою мени тиктеп турган көз караштай сезим. Сен дагы кайра-кайра мени карайсың, көздөр улам чагылышат. Улам бир көйнөктү кармап баасын сурап жаткан кардарларыма карбаластап байланышы жок сөздөр менен жооп берип жаттым. Бир нерсени орунсуз эле кармай калам, ары-бери басам. Азыр эстесем күлкүм келет. Мындай ыңгайсыздыкка кабылган учурларды башыңдан өткөрүүнүн өзү жагымдуу тура. Бир маалда дүкөндө экөөбүз эле калдык. Алгач көз карашыңдан качып кетейин деп ойлодум. Бирок көңүл бурууң жагып жатыптыр, кете албадым. Сен анда менин сынып калган эшигимди оңдогонго келгенсиң. Болбосо ал эшикти мындан мурунку күнү сенин байкең сындырган. Мени досторум менен Ысык-Көлгө барып эс алып келүү үчүн жибербей койгону үчүн ал экөөбүз уруша кеткенбиз. Кызуу кандуу байкең эшикти сындыра чапкан. Эртеси күнөөлүү болуп уста инисин, тагыраагы, сени ал эшикти оңдоо үчүн жибериптир. Ха-ха. Карышкырга кой кайтартканын ал өзү билсечи. Сен мага бир көргөндө эле жактың. Боюң узун, кең далылуу, көздөрүң күлгөн, келбеттүү экенсиң. Кычкачыңды бир колуңа кармап жаныма келип өзүң сөз баштап калдың.

– Менин атым Чика,- деп кол сундуң.

– Мека, айрымдар Мекажан деп коюшат,- кылыктана тамаша аралаш жооп узаттым. Экөөбүз жыргап каткырып алдык.

Эски тааныштардай эле сүйлөштүк. Сөздүн кызуусуна кирип кетип, бирибиз оңдоп жаткан эшикти, экинчибиз сооданы унутуп калганыбызды күүгүм кире баштаганда байкадык.

– Эмнегедир сени өмүр бою тааныгандай сезим болуп жатат,- дедиң бир убакта.

– Кызык, мен дагы сени жакын адамымдай сезип жатам.

– Жакын адымың сенин номериңди билбейт, элестет.

– Ха-ха. Анда жазып ал. Сенин уста болгонуң жакшы болбодубу. Үйдө да көптөн бери бүтпөй турган устанын колун талап кылган жумуштар бар эле. 2-3 күндө чакырсам келесиңби?

– Эртең эле чакыра берчи.

– Мм, макул. Эртең анда бул дарекке кел.

Кудуңдап жаш баладай кубанып кеттиң. Ушул күндөн тартып оюмдун баарын ээлеп алдың. Кечинде байкеңе жолуктум. Мурда аны менен жолугушууну мүнөт санап күткөн Мека, сенин байкең деп далай жаздыктарды сугарган Мека... Ал Мека азыр сен тууралуу гана ойлонуп байкеңдин жанында отурду. Эртеси жаркылдап үйгө келдиң. Убакыт ченебей таттуу сүйлөшүүгө кирип кеткенбиз. Экөөбүз үчүн анда дүйнө токтоп калган эле.

– Мекажан, сени менен сүйлөшүүдөн өткөн чоң ырахат жок болуп калды мага.

– Экөөбүз окшош сезимдерди жашап жатыптырбыз,- жылмайып койдум.

Күндө жазышабыз. Байкең экөөңө катары менен жооп берип коём. Сени менен да, байкең менен да жолугуп жүрдүм.

Бир күнү машинада дайымкыдай сени менен ар нерсенин башын бир сүйлөшүп отуруп калдык. Сен мага, мен сага суктанып бүтпөйбүз. Тийише баштадың. Кантип эриндерибиз табыша калганын байкабай да калдык. Бир маалда эсиме келе түштүм. Чочуп кеттим, оозумду алаканым менен басып отуруп калдым. Ушул учурда гана байкеңе кыянаттык кылып жатканымды сездим.

– Сага эмне болду?- таң кала сурадың.

– Мен... Мен сенин байкең Илгиздин сүйлөшкөн кызымын.

Сен бозоруп эле мени тиктеп отуруп калдың.

– Эмне?

– Ооба.

– Эмнеге башында айткан жоксуң?

– Сени сүйүп калдым окшойт.

Мени кайдан түшүнмөк элең? Токойдун ичине эле унаадан түшүрүп таштап кетип калдың. Таң атканча ошол жакта ыйлап отургам ошондо. Экөөңө тең уят болгонумду эстесем, ошол бойдон жоголуп кетким келген. Эртеси байкеңе жолугуп, баарын айтып бердим. Канчалык оор болсо да, ага “кечир, иниңди сүйүп калдым” дедим. Бирок бул жүктү көтөрүш мен үчүн оор болчу. 3 күн тамак жебей, үйдөн чыкпай, жаздыкты кучактап көз жашымды төгүп жаттым. Үчүнчү күн дегенде телефонум шыңгырады. Сен экенсиң. Жалынып-жалбарып мени жолугушууга чакырдың. Сен да мени сүйүп калганыңды, мындан ары менсиз жашооң кызыксыз экенин айттың. Ушуну эле күтүп тургандай эшикке чуркап чыктым. Эми экөөбүз биргебиз. Сен жана мен. Менин мурункудай көңүлүм ачык, тамак жей баштадым. Азыр экөөбүз дүйнөдөгү башка адамдардын баарын унутуп коюп, жашообуздун жаңы барагын ачканбыз. Унутушубуз керек болгон учурлардын сап башында байкең экөөбүздүн мамилебиз турду. Өткөндү түйүнчөккө түйүп коюп, бактылуулукка бел байладык. Кечээ баш кошуу сунушун киргиздиң. “Экөөбүз башка шаарга барып жашайбыз” деп убада бердиң. Сени менен бактылуу болорума көзүм жетет. Бирок байкең менен коштошуп жаткандагы анын көз карашы өмүр бою мени менен кошо жашайт өңдүү. Анан да байкең менен жок эле дегенде той-аштарда көрүшөрүбүз айдан ачык. Анын көз карашын кантип көтөрүп жашайм?

Мека

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Tyty1990
2019-08-12 09:33:09
Силерге окшогон Чика мекалар азыр өтө көп. Таң калбадым деле. Кызыксыз
+21
Jazka_1991
2019-08-14 04:52:39
Ehh ubakytty artka kaitartyp alsan e... Men en birinchi senden uzaktarga kuchum dun jetiwinche kachmakmyn konulum kaldy bugum ichime batpai muunup Turam baldarym uchun aila jok birge jawaibyz, birok baldarymdy ech kachan atasynan ajyrata korbosun dep kudaidan tileim Ehh jawoo myncha tataal....
+4
souza.j
2019-08-15 10:44:41
Jazka_1991,романтика жетишпей жаткан окшойтго
-1
keku00
2019-08-14 14:20:52
Эхх, кечээки такси айдаган киши,жол кирееге акчаны договор кылып, кийин счётчик менен деп адамды кыйнадын. Эхх жашоо, сен эмнени тушунот элен, мен муунуп турам..
+7
Kuyoo_bala
2019-08-16 20:27:21
keku00,кайсы счетчик
+2
Latihani
2020-03-17 20:32:56
Jazka_1991 Ооба. Менде да так ушундай жашоо. Айла жок. Балдар үчүн баарына чыдап жашоого туура келет экен. Оорукчан болуп калдым, чыдайм деп....
0
KaGaH
2020-03-30 11:25:46
Душевно больнойлор көп го ээ
+1
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан