ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кызды дарыгерлер карап жатышыптыр. Апасы ушинтип айтты.

– А сиздер Кыргызстандын кайсы жагынан болосуздар?

Кыздын апасы дал ошол Анарбек жашаган облусту, районду, айылды айтты. Кекиртегине бир нерсе тыгылып калгандай какап-чакап кетти Шайыр.

– Сиз кубарып кеттиңиз, баары жакшыбы?- Сабира аны чочугансып карады.

– Жакшы эле,- бир чекитти тиктеп, тамагы буула туруп калды. Бирок сурашы керек.

– А күйөөңүз?

– Күйөөм жок. Кызымдын атасы каза болуп калганына жарым жыл болду. Ал экөөбүз чогуу жашачу эмеспиз.

– …

– Түрмөдөн өлдү. Кургак учук жуктуруп алган имиш. Анарбек экөөбүз эрди-катын болуп түтүн булаткан эмеспиз. Жаштык кылып... Менин боюмда болуп калганын билгенде таптырбай качып кеткен. Кийин мен Бишкекке кетип калдым. Ал болсо бир кызды ала качып келип, ошонун айынан соттолуптур. Кызды агасы экөө зордуктап коюшканбы. Айтор, ошол түрмөгө түшкөн бойдон тирүү чыккан жок.

Көзү тунарып чыкты Шайырдын. Бет алдына баягы сулуучумак жигит элестеди. Жакшы адамдай көрүнчү. Көрсө, жоопкерчиликтен качкан бир сылаң короз болгон тура.

– Мен азыр сизге бир нерсе айтам. Сизге ал нерсе ушунчалык таң калычтуу угулса керек. Өзүм да таң калып турам,- Шайырдын ичине буркан-шаркан түшкөн эмоция батпай кетти. Кимдир бирөөгө айтып жеңилдеш керек эле. Сабира аны таң калып карап калды. Эмнени айтканы жатат?

– Мен ошол Анарбек ала качып барган кызмын.

– Түшүнгөн жокмун.

– Сизди кош бойлуу кезинде таштап кеткен Анарбек мени алдап ала качып барган үйүнө. Көрсө, өзү үйлөнүш үчүн эмес, агасына аял кылып берүү үчүн ала качыптыр. Акылга сыйбаган нерсе. Аны жактырып калганымды кантейин! Бирок ал мурдунан алысты көрбөгөн неме экен. Жаман оюнда мени күчкө салып болсо да алып калам деп ойлогон. Агасы экөө мени өлтүрүп коё жаздашты. Кийин мен арыз жазып ошонун айынан соттолушкан.

Тээ миңдеген чакырымды басып өтүп, бөтөн эл, бөтөн жерде бир эле эркектен азап тартып калган эки аял капыстан жолугушуп бири-бирин эси ооп карап турушту.

– Койсоңузчу?- Сабира «бул оорукчан адам эмеспи?» деген көз караш менен тиктеп жатты.

– Агасынын аты Султан да, туурабы? Ал да камалган…

– Сиз чын эле?

– Ооба.

– А бул жакка эмне болуп келип калдыңыз?

– Бул жакта иштейм. Интернетти карап отуруп жүрөгү оорукчан кыз Түркияга келгенин билдим. Анан жок дегенде жакшы сөзүмдү айтып мекендешимдин көңүлүн көтөрөйүн деген ой болгон. Анарбектин аялы экениңизди кайдан билиптирмин?

– Жок-жок, мен ага аял болгон эмесмин. Болгону кызымдын атасы ошол киши.

– Бирок кыз атамдын аты Анарбек дейт экен?

– Ооба. Таенеси ошентип үйрөтүп коюптур. Мен каршы болгон жокмун. Ай-ий, карасаңыз, жер тоголок деген ушул. Ошончодон экөөбүз жолугуп калганыбызды карасаңыз.

Жер жамандап барбасын. Бирок ыраматылык Анарбек сырты жалтырак, ичи калтырак адам болчу. Же, балким, мен жаштык кылдымбы, айтор, сөзүнө, мамилесине алданып калгам. Анан бирок боюмда бар экенин угузганда анын чыныгы жүзүн көрдүм. И-ий, ошондогу абалымды көрсөңүз. Үйдөн чыга албай калгам. Атамдын алдында уятымдан өлүп эле калайын дечүмүн. Кудайга шүгүр, ал азаптар убактылуу болду. Кызым төрөлгөндөн кийин эле кайдан-жайдан күчтүү болуп чыга келдим. Кызым мага чоң мотивация болду. Азыр эми Анель деп эле жашап жүрөм. А сиздин балдарыңыз барбы?

– Жок!- эмнегедир үнү каргылданып кетти. Чындыгымды билип калбасын дегенсип чочуп айтты.

– Аа.

– А кызга жүрөгүн алмаштырууга донор керек да, ээ?

– Жо-ок! Донордун кереги жок. Болгону операция керек. Оор операция болушу мүмкүн. Мурдараак жасалганда жеңил болмок. Каражаттын жоктугунан ушунчага созулуп кетпедиби.

– А Анарбекчи, ал жардам берген жокпу?

– Ал кызды бир басып келип карап койгонго жараган эмес. Биз ооруканада айлап-жылдап жатчубуз. Бир да жолу басып келген эмес. Бирок жанагы Султан деген агасы бир нече жолу келип кеткен. Ал башка туугандарына караганда боорукер, баласагыраак көрүнгөн. Анелди колуна алып бир топко эркелетип, анан иштеп тапкан акчасынан таштап кетип жүрчү. Жок дегенде ошонусуна ыраазы болгом.

Шайыр мелтиреп гана алдын тиктеп тура берди. Ал азыр түркүн ойлорго мээси чачырап турган. Инисинин жетегинен чыга албай кылмышка барган Султанды эстеди. Боорукер көрүнгөн дейт. Кайдагы боорукер?! Боорукер адам кыз зордуктайбы? Адамдыктан аттап өткөн адам болчу. Бардык жакшылыгы, боорукерлиги бир кадам менен жуулуп калган! Анарбекчи? Анын айланасындагы адамдар анын өзүмчүлдүгүнөн, арамзалыгынан азап тартышчу тура. Канча адамдын тагдырын талкалап салган акмак! Анан акыры жакшы болдубу? Бирок Шайыр өзүчү? Ал ошол Султандан, Анарбектен жакшыбы? Анын деле алардан айырмасы жок го. Кан-жанынан жаралган күнөөсүз наристени тумчуктуруп өлтүрбөдү беле. Эч кандай сыноого карабай адам бойдон калгандар бар экен го. Мына, бул аялды карачы, кызым деп жашап жүрөм дейт.

– Кызга эмне жардам керек болсо, айтыңыз колдон келишинче жардам берем!

– Рахмат! Баары азыр текшерүүлөрдө билинет. “Абдан кеч кайрылдыңар” деп жатышат бул жактагы дарыгерлер. Оорусун күчөтүп алыптырбыз.

– Эгер жүрөгүнө донор керек болчу болсо, анда мен даярмын!

– Эмне дейсиз?

– Мен колдон келишинче жардам берем. Керек болсо донор да болуп берем,- Шайыр шашкалактап сүйлөдү. Мээсинин бир бурчунда ал “мен Анарбек менен Султандын катарындагы адам эмесмин. Мен алардан жакшымын. Мен башкаларга жакшылык жасай алам” деп жатты. Ушул ой аны жакшылык жасоого түртүп жатты. Өзүнүн жүрөгүн бирөөгө берүү чоң жакшылык болот деп ойлоду. Балким, күнөөсү да жуулмак. Наристесин өлтүрбөй эле койгондо эмне?!

– Жок-жок, эже, бизге жүрөк керек болбойт! Кудай сактасын, бирок сизге рахмат!- Сабира чын дилинен айтты.

– Анда акча керектир?

– Бүгүн баары билинет.

ххх

Бир топтон кийин дарыгерлер кызды алып чыгышты. Анелдин маанайы чөгүп калыптыр. Бирок Шайырды көрүп кубанып кетти.

– Сиз мага келдиңизби, эже?

– Ооба. Кандайсың?

– Жакшы. Караңызчы, колдорум сонун болуп калбадыбы,- кыз Шайыр кечээ боёп берген кичинекей тырмактарын көрсөттү. Көздөрү жайнайт. Балким, ал наристесин өлтүрбөгөндө, ушул кичинекей кыз сыяктуу көздөрүн жайнатып аны карап турмактыр. Кайрадан өзүн жеп баштады.

– Дарыгерлер эмне дешти?

– Билбейм. Алар мени тажатып жиберишти. Быжырап көп сүйлөшөт. Сүйлөй беришет, сүйлөй беришет. А менин болсо паркка баргым келет. Бишкектен апам экөөбүз паркка барчубуз. Ооруканадан чыгарыбыз менен… Бирок аз эле барганбыз да. Ооруканада эле жата берчүбүз. Паркка баралы деп ыйлачумун.

– И-ий, алтыным десе,- кызды жалооруй тиктеди.

– Сиз мени паркка алпарыңызчы?

– Сөзсүз алпарам. Сен адегенде жакшы болуп кет. Анан экөөбүз барабыз. Бул жакта сонун парктар бар.

– Мейли,- кыз кубана жылмайып койду.

Булар божурашып отурганда дарыгерлер менен сүйлөшүүгө кеткен Сабира сабыры суз болуп келип калды.

– Эмне болду?

– Операция оор болот дешти. Анан каражат дагы 2 эсе көп болушу мүмкүн деп айтышты. Дарыгерлердин терминдери менен сүйлөштү. Жарымын түшүнүп, жарымын түшүнбөй калдым. Айтор, оорусун күчөтүп алган экенбиз.

– Мен каражат таап берем!- чечкиндүү сүйлөдү Шайыр.

– Сиз өзүңүз бөтөн элде кыйналып иштеп жүрсөңүз…- Сабира айласы кеткендей ыйлап жиберди.

– Жок, мен таап берем. Ишенип койгула!- кайдан табары белгисиз болчу. Бирок табам деген ишеними күч эле.

ххх

Автобус менен кайра үйүн көздөй келе жатты. Жүрөгүн берип донор болмокчу болгон. Жүрөктү сөзсүз эле бир көкүрөктөн жулуп алып, экинчи көкүрөккө салып бериш керекпи? Жүрөктү жөн гана арноого болот турбайбы. Ал ошентмекчи болду. Эми анын жүрөгүнүн жарымы ошол кызда. Шайыр аны сактап калат. Каражатын таап берет. Өлсө дагы таап берет...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
souza.j
2019-08-12 13:52:16
Мм.
0
ulua
2019-08-12 22:33:27
Ммм
0
mira28
2019-08-14 03:37:45
Фантастикаго.Эн кызыктуу чыгарма- турмуштан алынган чыгарма .А это детские сказки.Таптакыр чындыка жакындашпайт .
+1
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан