Талаа... Катуу жааган жамгыр... Бул жамгырда турсаң көз ирмемде чылгый суу болчудайсың. Бирок талаада бири-бирин былч-былч сабап мушташып жаткан эки эркекти бул жамгыр токтото алчудай эмес. Аларды эч ким байкаган да, көргөн да жок. Бирин-бири аяп койбой мушташып жатышат. Бул эки мырзаны качандыр бир кезде кыйышпас дос болгон деп айтуу мүмкүн эместей. Ажыратар киши жок акыры экөө тең чарчады. Алы кеткен Эржан эски досуна карабай атын минип чаап жөнөдү. Каякка барары деле тунгуюк, ой келди чаап барып бир жерге жетип жерге сулап жыгылды да, жаш балача шолоктоп ыйлады. Көкүрөктөгү бугун, толгон ызасын, өкүнүчүн, баарын чыгарып жатты...
Окурман, эртең эмне болорун, турмуш бизге кандай белек даярдап койгонун эч кимибиз билбейбиз. Кечээги ысык сүйүү бүгүн жек көрүү, кечээги кыйышпас достор бүгүн бет карашпас душман... Бир кызды сүйүп калган эки достун тагдыры, күтүүсүз бурулуштар камтылган чыгарма сизди кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз.