ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айылда узун кулак аялдар бар го. Алардан жабыр тарткандар да көп эмеспи. Бул жолу узун кулактардын кесепетин чоң эне да тартты. Кар күрөтүп бүтүп, неберелери менен ысык чай ичкени отурушкан эле. Шып этип кирип келген коңшу аялды көрүп чоң энеси жайдары сүйлөдү.

– Ии, Сайракансыңбы? Кел кирегой.

– Мен эле, жакшы турасызбы?

– Жакшы, кыбырап турабыз. Кел чай ич.

Жылып кирип отурган аял Айдардын тик сайылган көзүнөн жалтанып кетти. “Капырай ботом, Асиянын эле көзү го. Деги ушундайлар тукумду жакшы беришет, муну менен тең балам оозуң кайсы десе мурдун көрсөтөт. Муну карасаң, биттин ичегисине кан куят” деп ойлонуп отурду.

– Эрнис келип калабы десем келчүдөй эмес, күйөөңдү жиберсең жалгыз улакты союп берсе дедим. Балдарым да сууктап кетишти,- деди кемпир алсыз гана. Тиги ушуну эле таба албай тургандай алаканын бир чапты.

– Ошо, эже, сизди уга элек деп ойлодум эле. Уулуңуз уй уурдап кармалбадыбы?..

– Эмне-е?

– Ой, тиги Сокендин уюн уурдашыптыр, Эрнис, дагы бир бала, кармап кетишпедиби?

Чоң эненин көздөрү тумандап кетти. Колдору калчылдап, эмне кыларын билбей калды.

– Сизден бирөө сурадыбы? Кетиңиз!-деп тиги аялга жаалдана бакырып жиберди Айдар. Чоң энесин жөлөй калды.

– Эне!

– Сен... Сен билдиң беле?

Айдар үн ката албады. Чоң энесинин алдында чоң кылмышы бардай жер тиктеди. Кылгылыкты кылган аял акырын жылып сыртка чыгып кетти.

ххх

Суук кабарды уккандан кийин өйдө боло албады. Ошол түн Айдардын эсинде түбөлүк сакталып калды. Энеси араң дем алып, онтоп, бир нерселерди айтып ыйлап жөөлүп жатканын көрүп турду. Энесинин төшөгүнүн жанына барып эмне кыларын билбей чебелектейт.

– Эне, суу ичесизби? Жаздыгыңызды бийик коёюнбу? Эне, коркутпачы...

Жалгыз тамда жандалбастаган кичине баланын чарасыз үнүн эч ким укпады. Корккондон дирилдеген денесин кучактап, бооруна кыспады. Таңга маал Айдардын көзү илинип кеткен экен, ойгонуп кетсе энесинин бут жагында уктап калыптыр. Ал болсо тыптынч. Кызыктай үндөрдү чыгарбай жатканынан улам бала энем жакшы болгон экен деп сүйүнүп кетти.

– Эне, жакшы болдуңузбу?

Барып колун кармай калды эле, муздак денеси денесин үркүтүп жиберди. Чочуп артка кетенчиктей берди.

– Эне?

– ...

– Эне, мен коркуп жатам, турчу, көзүңдү аччы. Мени жалгыз калтырбайм, өлбөйм дегенсиң. Эне дейм... Мен кантем?- такыр чыдабай кетип энесин жулкулдатып өңгүрөп ыйлап жиберди. Анын үнүнөн улам коңшулар чогулуп калышты.

ххх

Эне дүйнөдөн кайтты. Чырылдап ыйлаган Айдардын үнү азага келген элдин баарын ыйлатты. “Эсил кайран энем” деп кулундай чыңырган үнү алыска тарап сиңип кетип жатты. Өмүрүн таза, ак ниет, чоң жүрөк менен жашаган аялды аркасынан жоктогон бир гана ушу бала эле. Өпкөсүнө батпай калганда араң токтотушуп, жүзүн жуудуруп, тамак берип жатышты. Жаназа окулгандан кийин Айдар үйрөтүлгөн сөздү каргылданып сурады.

– Энемдин бересеси болсо менден алгыла! Оо, эл, энемдин аласасы болсо кечтим!- чыңкылдап чыйрак чыккан үнүнө ыраазы боло абышка башынан сылады.

– Бали, балам, жүрү эми энеңе өз колуң менен топурак сал.

Айдар наристе эле. Өлүк башында туруп, аркы дүйнө менен бул дүйнөнүн жоопкерчилигин алганга таптакыр кичине болчу. Жаш болгонуна карабай бул дүйнөнүн акыйкаты менен эрте жүздөштү. Энесин акыркы сапарга татыктуу узатты. Бирок ал өмүр бою көз алдында бул элес калкып каларын билбеди.

ххх

Каза болгон эненин азасы бүткөндөн кийин балдардын жанында ким болорун туугандар отуруп чече турган болушту. Замандын каатчылыгында эки баланы кошуп багып ала турган жакын туугандары деле жок эле. Алыс туугандары аркасын качырышып күңк-мыңк деп тим болушту.

– Асылбек агабыз менен Зуура апабыздын тукумдарын балдар үйүнө өткөрүп берип кайсы бетибиз менен жашайбыз? Чоңко уруусуна сөз кетет, туугандар. Эки тырмактай чүрпөнүн кимге залалы бар эле?- деди жанагы салмактуу сүйлөгөн карыя.

Эч бири жер чукуп үн катышпады. Тынчтыкты бузган кайрадан Айдардын чаңкылдаган үнү болду.

– Калыс ата, мен чоң эле болдум. Бөбөгүмдү өзүм багам. Эч ким биз үчүн убара болбосун. Атам чыгып калар...

– Туура айтат, андан көрө Эрнисти чыгарганга кам көрөлү, бир айылдан эмеспи, уйдун акчасын төлөп берсек Сокен байке ишти жаптырып койсо керек,- деп бири айтты. Аны кубаттап дуулдап кетишти.

ххх

Эрнис энесинин кайтыш болгонун абактан укту. Айылдаш тууганы келип айтты. Эмне дээрин билбей калды, куду бир жалындын ичине түшүп кеткендей, куйкаланып бараткандай сезди өзүн. “Аа!” деп бакырдым деп ойлоду. Бирок үнү чыкпай калган экен. Дубалды муштагылап башы менен сүзүп жинди болуп кеткендей сезилди. Бирок баары бир ичиндеги жалын токтобой койду. Куйкалай берди. Бир айдан кийин ал абактан бошотулду. Туугандары акелеп, жакелеп ордуна уй алып берип, араң бас-бас кылышты. Тосуп барып айылына алып келе жатканда айылдын четине түшүп калды.

– Рашка, токтотуп койчу,- деди ал машине айдап бара жаткан инисине.

– Эмнеге?

– Апама барам. Сен кете бер, мен өзүм барам.

Тиги “өзүң бил” дегендей ийинин куушуруп жүрүп кетти. Бут алдында кар кырт-кырт. Көрүстөн өйдө жакта эле. Араң жетти. Атасынын көрүстөнүнүн жанында дагы бир дөбө пайда болуптур. Көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Апасынан калган нерсе ушу гана боз дөбө эле. Дүйнөнү тиреп тургансыган, эч бир заман өзүн таштап кетпей тургандай сезилген апасы эми жок. Шалак эте чөгөлөдү.

– Кечир мени, апа! Мен... Мен сага татыктуу уул боло албадым. Мен сени эч бир кубанта албадым. Сенин жүзүңдү күлдүрө албадым, апа, бирок мен сени ушунча жакшы көрдүм. Сен менин жүрөгүм экениңди, сени дүйнөдө эч кимге теңебей жакшы көрөрүмдү өзүңө айта албай калдым. Билбейм, мен кичинемден сүйүүмдү да, жек көрүүмдү да ичимде сактап чоңойдум. Эмнеге анттим? Сени жакшы көргөнүмдү айта албай калдым, сүйүктүү аялымды өмүрүмдүн акырына чейин сүйөрүмдү кеч түшүндүм. Бала жараттым, ата боло албадым. Мен ит болдум, апа! Мен алсыз болдум. Бирок ичимде күйүт эч жылдырбай койду. Мен деле жакшы ата, жакшы күйөө, жакшы уул болгум келет. Бирок бир нерсе колумду, бутумду байлап, мээмди тоңдуруп салгандай сезилет. Ох, апа, мен жаралбай койсом эмне? Жаралбай койгонум сени бактылуу кылат беле? Мен эмне кылам?..

Жалгыз караан көрүстөндө дартын айтып жатты, ыйлап жатты. Көкүрөгүнө жыйылып калган экен. Кар баскан дөбөнү кучактап өксүй берди. Жеңилденгенден кийин терең дем алды.

– Эмне кылам, апа? Күнөөмдүн оордугунан жанымды коёрго жер таппай жатам. Жаңы жашоо баштайын дейм, баарын унутайын дейм. Бирок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан