«СЕНИ УНУТУУГА МҮМКҮНБҮ?»

Сен жөнүндө жазгым келди. Балким, бул жазганым көзүңө урунуп, окуп жатып өзүңдү табаттырсың. Сөздөрүм көрксүз, баяндоом супсак болсо дагы, балким, сени түркүн ойго салаттырмын. Сага кайтууга жол жок. Мендеги оргуштаган сезим, сагыныч катылуу бойдон калышын каалаган жокмун, кайсы жол аркылуу болбосун, аба аркылуу болсо дагы сага жетишин кааладым. Жазганымды окусаң мыйыгыңдан жылмая шылдыңдап күлөрсүң, балким, өткөн күндөрдү сыдырып эстеп кыжырың кайнап жинди болорсуң. Таң калба, бир ирет сен жөнүндө жазгым келди. Сен чынында керемет жан элең. Экөөбүздү Бишкектеги Юридикалык академия тааныштырган. Бир күнү балдар болуп сыртка чыгып баратканда ысык бир нерсе денеме чачылды. Чочуп кеттим, жиним келип:

– Көзүңдү карабайсыңбы! Дагы колуңа көтөрүп алганга башка эч нерсе жок бекен?!- колтугуңа кысылган чоң китеп, сумкаң, бир колуңда ысык кофе. Аябай шашып келе жаткан түрүң бар.

– Кечиресиз, азыр...- деп кофе төгүлгөн свитеримди сүрткүлөп жибердиң. Көзүм-көзүңө уруна түштү. Алайып мени караган көздөрүңө карап айткан сөзүмдөн уялып кеткем. Турушуң жаккан.

– Бара бер, эч нерсе болбойт,- жерге коё салган китебиңди жан талаша алып колуңа карматып, кеч болсо да айтылып кеткен сөзүмдү жууюн деп далалат кылгам. Ошентип жолдорубуз үзүлгөн, бирок көз алдыма кайра-кайра тартылып туруп алгансың. Анан сени издөөгө өткөм. Акыры таптым, ашканадан сени көргөндө кубанып кеттим. Жаныңа бардым, дароо тааныдың, кичи пейилдигиңчи!.. Учураштык, тааныштык.

– Элнура.

– Меники Элдияр. Эл-Эл, жөн эмес го,- дедим тамашалай.

– Анан калса 6 тамгадан экен,- деп салдың сен да мени улай. Мага жага бербей калды. Жолугушуулардын саны көбөйүп, капыстан болгон кездешүү сүйүүгө жол ачты. Эл+Эл. Ошентип биздин күндөр башталды. Ал кезде сен 3, мен 5-курста окучу элем. Күлкүгө, сөзгө тойбогон учур болчу. Кимибиз көбүрөөк сагындык деп эсептешип эле отурчубуз. Сенин сүйүүгө толгон көз карашыңа, сүйүүңө боёлгон эки жарым жыл түбөлүккө эсте калат бейм?..

Катачылык менден кетти. Көзүмдү эле эмес, көөдөнүмдү май басып, достордун “мунун башы айланып калган, балан-төлөн” деген сөздөрүнө каршы иштейм деп, өзүмө каршы иштедим. Ушунчалык жакшы көрүп туруп, сага кыянаттык кылдым. Сени менен өткөрчү убакыттар достор менен, көңүл ачуу менен өтүп жатты. Кутуруп, жөн эле бул жашоого сүңгүп кеттим. Арадан жыл зымырап өтүп кетти. Анда-санда сага жолугам. Бошобой жатканымды шылтоолойм. Сен кыраакы болчусуң. Баарын баамдап эле жүрүптүрсүң. Баарына тааныш кызың менен болгон мамилем чек койду. “Жолобо, экинчи жаныма жакын келчү болбо” деген ачуу кыйкырыгың, ошондогу көз карашың өрттөп жиберчүдөй болчу. Айтканыңдан кайткан жоксуң. Канча жалбарып айланчыктасам да жаныңа жуутпай койдуң. Ал ансайын сага жетким келген. Кайрадан таттуу күндөрдү башынан баштагым келген. Бирок кайдан? Көз алдымда сени жоготтум.

Акыры сенсиз деле сонун жашайм деген намыс, намыспы же эмне, куру каадабы, билбейм. Менде көңүлү бар бир кызга үйлөндүм. Сени унутуш үчүн үйлөндүм. Аяп кетем, байкушум, менин карегим менен тең айланып эле жүрөт.

Биз, экөөбүз эрте жолуктук. Өзүмдү ушинтип сооротом. Тапкан шылтоом ушул. Сенин жан дүйнөң башкача. Жашың 30дан ашканына карабай үй-бүлө күткөн жоксуң. Мага болгон жек көрүүң сени ушул тандоого түрттүбү?.. Тынчсызданам...

Социалдык тармактардан сени издейм, сүрөттөрүңө, өткөргөн күндөрүңө көз салайын дейм. Мен үчүн ушундай кыласыңбы же өзүңдүн тандооң ушулбу, айлап, жылдап табияттагы бир кубулуштун сүрөтүн киргизип тим болосуң.

Аялы бар адам менен өлүп баратсаң да байланыш түзбөсүңдү билем. Анткен менен бир жолу Фейсбук баракчаңа “Кандайсың?..” деп жазып жибердим. Күн сайын, саат сайын, айтор, телефон колума тиери менен "көрүлдү" деп чыгар бекен деп карап жаттым, жарым ай өтүп катты ачыптырсың. Сенден келген катты көрдүм, түшүнүксүз сезимдер орун алып ачууга колум барбай жүрөгүм өзүнчө апкаарыйт. Чынында сен башкача деле жооп жазмак эмессиң. “Менин дарегиме экинчи кат жазчу болбо!” дедиң да мени блоктоп салдың.

Үй-бүлө күтүп, ошону менен мени бир бүктөмгө калтырып унутуп салды деп ойлоорсуң, андай эмес. Көп адамдар сүйбөй эле үйлөнүп, ошол нукка түшүп жашап кетишет. Алардын дүйнөсү эмнени сүйлөп, эмнени армандайт, ким билсин? Менин дүйнөмдүн арманы сенсиң! Жылдар сенсиз өткөнү менен, ойлор сенсиз өткөн жок. Аялым, балдарым бар, бирок сени унута албай койдум. Сенин абалың кандай, сенин жашооңдо менин ордум канчалык экенин билбейм, бирок мен жашоомду өз жолунда алып баратканым менен, жан дүйнөдөгү жайсыздыкты сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Үй-бүлөмдүн тынчтыгы, балдарыма болгон толук кандуу аталык мээрим үчүн сени такыр унутуп салгым келет. Сени унутууга мүмкүнбү? Болсо кантип?..

Элдияр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nestana95
2019-08-19 11:57:27
Кудум меники го
+3
Dushabolna
2019-08-19 13:16:16
Баян жазгандардын баарынын соз байлыгы окшош.
-2
Dushabolna
2019-08-19 13:24:39
Ошон учун Ислам дини менен тарбияланган болсок минтип ар кайсы сулууга суйуубузду,жылуу создорубузду арнабай омурлук жарларыбызга арнап, ошону суйуп жашап жаткан болот элек. Тилекке каршы андай Уй булону мен Али кездештире элекмин. Балким кездештирээрмин. Бирок озумдо ошондой ниет бар Иншаа Аллах. Балдарыма туура тарбия бергим келет!
+5
nurhan2702
2019-08-25 19:31:37
Dushabolna,биздин менталитет ошол исламга эле таандык болуп атпайбы."Эл эмне дейт" ... Бирок исламдагыларда деле журок бар да.Журокту башкаруу кыйын го
0
cholpon.kushakova
2019-08-19 14:35:15
Аны унутууга мумкун эмес
+3
lightning57
2019-08-19 14:59:50
алгачкы эч качан унутулбайт
+1
Dilbaranurdinova
2019-08-19 18:58:34
Унуту мумкун эмес
+1
Nevestkaa
2019-08-19 21:15:09
Молодец кыз экен .Кыздарга окшоп бырылдабай эркек бол үйлөндүңбү кысып жаша же башында кысыш керек элееееее.
+6
Isikkolumkeremet
2021-01-12 02:44:11
Унутууга мумкун болсо.анда биз ... робот болмок белек... мен да сени эстейм...бирок азайып баратат...
0
Shirin1995
2021-03-14 19:37:14
Мен дагы сагынамын бир адамды
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан