ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Суранам, токтогула!- Гуля жалдырап жиберди.

– Роза?- Шайыр таң кала курбусун карады.

– Эмне?! Эмне аңыраясың? Сага керекпи акча? Биз эмне деп сүйлөштүк эле?

– Биз эч нерсени сүйлөшкөн эмес элек го?

– Айтып жатам го, акчасы бар мунун. Жан керек болсо, азыр алып чыгат. Болбосо союп салам. Билип эле турам, бул акмак менден кутулчу болсо эле полицияга барат. А мен түрмөдө чиригим келбейт! Өлгүсү келбесе картанын паролун айтсын!

– Кыздар… Мен… Менин кыздарым бар! Азап тартып тапкан акчам...

– Билем мен сенин азабыңды! Бизге бир бааны айтып, кардарларга башка бааны айтып мээнетибизди жеп жүргөнүңдү да билем! Шайыр, дагы жип тапчы, батинкенин боосу деле болот. Муну бекемирээк таңалы! Алдагинтип нес болуп турбачы! Сага акча керекпи? Сен мени мененсиңби?- Роза Шайырга тик карап сүйлөдү.

– Бирок… Биз кармалып калчу болсок...

– Биз азыр акчаны алсак эле Кыргызстанга учабыз, жинди кыз! Эч ким кармай албайт бизди. 25 миң доллар сага, 25 миңи мага! Эмнеси жаман, айтчы?!

– Шайыр, Роза, жинди болбогула!

– Сен жап жаагыңды,- сөзгө аралашып жан алакетке түшкөн Гуляга Роза бычак менен тап берди.

– Роза?

– Эмне Роза? Эмне Роза? Шайыр, чечкиндүү болчу!

– Мен сен мененмин!- Шайыр чечкиндүү айтты да, отура калып батинкесинин боолорун чече баштады. Заматта ошол боолору менен Гулянын колдорун чырмап байлай калды. Роза ыраазы боло түштү.

– Кана, эми айт, акмак катын!- Шайырдын жанагы кылыгынан кийин нес болуп сүйлөй албай туруп калган Гуляга бычак кезеди Роза.

– Мен… Мен айтам!- калп айтып коём деп ойлоду.

– Азыр эле дароо текшерем, туура, туура эместигин.

– Мен ал акчаны кыздарыма деп чогулткам, Роза!

– Кыздарың сенин аман калганыңа сүйүнүшсүн! Балким, бир чети сойку апасынын жок болуп калганы жакшыдыр алар үчүн! Айт!

– Жардамга-а!- аргасы түгөнгөндөй бакырып баштады Гуля.

– Оозун жабыш керек!- Шайыр алактап калды.

– Майлыкты берчи, тигинде турат.

Шайыр шапа-шуп майлыкты алып жатып илинүү турган темир чөмүчтү кантип тезирээк ала калууга болот деп ойлонуп жиберди. Роза болсо шашкан адамдай Шайырдын колунан майлыкты алды да, аны Гулянын оозуна тыгып баштады. Гуля тиштенип туруп алды, Роза убараланып анын оозуна майлык тыгууга аракеттене берди. Бир убакта кара кушуна катуу бир нерсе келип тийип, көзү караңгылап кетти. Теңселе түштү. Аркасын карай берип, Шайырды көрдү. Темир чөмүч менен чапкан экен.

– Сен?- башы кеңгиреп сөз айтканча Шайыр дагы бир жолу Розаны баштан ары темир чөмүч менен чаап салды. Шалак эте кулап түштү Роза.

– Гуля эже, кечирип коюңуз. Буга сени мененмин дебесем мени да өлтүрмөк. Кечирип коюңуз,- Шайыр Гулянын колдорун чече баштады.

– Өлтүрүп алган жоксуңбу?- Гуля коркуп сурады.

– Билбейм, эже,- Шайырдын колдору калтырап жиптерди чече албай жатты.

– Жок, дем алып жатат. Мындайлар ит жандуу болот. Шүмшүк кыз десе, тапкан-ташыганымдын баарын бер дебедиби,- Гуля ыйлап баштады.

ххх

Башы лукулдап ооруп жатыптыр. Көздөрүн араң ачты. Колдору менен көзүн ушалагысы келди. Бирок анте алган жок. Колдору байлануу экен. Маңдайында Шайыр менен Гуля отурат.

– Эми мен сенин оозуңду жарайынбы, акмак кыз?!- Гуля жинденип ордунан тура калды.

– Токтоңуз, Гуля эже! Эмне деп сүйлөштүк эле? Шайыр ортого түшө калды.

– Эмне, акча керек эмес беле, Шайыр? Унчукпай эле көрмөксөн болуп кетип калсаң болмок да. Шорумду кайнатпадыңбы? Эми түрмөдө чирип өлөмбү?- Роза ыйлап баштады.

– Жок! Эч кандай түрмө болбойт! Гуля эже экөөбүз сүйлөштүк. Сени азыр бошотобуз. Чыр салбай кетишиң керек, макулбу?

– Бул бизди соо койбойт, Шайыр! Экөөлөп өлтүрүп туруп эле, акчасын алып алсак болмок!

– Сүйлөп жатканын кара! Мен өлтүрөм сени, уктуңбу?- Гуля кайрадан Розага атырылды.

– Токтоткулачы! Мен эч кимди өлтүрмөк эмесмин, Роза. Мен... Мен буга чейин өлтүргөм. Мен деген өз баласын өлтүргөн аялмын!

Өлүм алдында чыңырып ыйлап жаткан наристенин элеси көз алдына тартылды. Шайыр мукактанып ыйлап жиберди. Жүрөгү ооруп чыкты.

– Мен дагы бир адамды өлтүрүп, аны жүк кылып көтөрө алмак эмесмин, Роза. Сен билесиңби бул кандай оор жүк экенин? Билбейсиң! Эч ким кечирбей турган күнөө жасап, ошонун азабын көтөрүп жүрүү кандай оор экенин сен билбейсиң!

Биз азыр үчөөбүз 3 башка жакка кетебиз! Бул күн унутулсун! Полицияга баргандан да пайда чыкпайт! Бири-бирибизге дообуз жок. Болду, кеттик.

– Өмүрүмдү сактап калганың үчүн гана унчукпай жатам. Болбосо могу кызды кескилеп бөлүп салмакмын,- Гуля ачууланды.

ххх

Сыртка такси келип токтоду. Аны менен Роза кетмек биринчи. Башы катуу ооруп, кускусу келип жаткан. Сумкаларын араң көтөрүп сыртка жөнөдү.

– Мени кечиргиле, колуңардан келсе,- босогодо туруп ушинтти да, анан эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Аз өтпөй булар жашаган үйдүн жанына башка такси келип токтоду. Эми Гуля кетиши керек.

– Кош!- деди ал салкын гана. Бөлмөдө Шайыр жапжалгыз калды. Ашкана аябагандай чачылыптыр. Жердин баары кан. Кыз пол жуугучту алды да, токтоп турбастан тазалоого киришти. Бир нерсе кылып турушу керек, алаксытышы керек өзүн. Антпесе азыркынын баарын ойлонуп жатып мээси жарылчудай.

ххх

Ушул тапта Роза таксинин арткы орундугунда боздоп ыйлап бара жаткан.

– Сулуу, сизге бир нерсе болдубу?- деп сурады улгайган түрк айдоочу. А Розанын сүйлөгөнгө дарманы жок болчу. Ал ыйлай берди. Кыргызстандын алыскы айылындагы жер кепедей үйүн эстеп ыйлады. Ошол үйдө жашаган картаң эне-атасын, өп-чап жашоодо чоңоюп келе жаткан бир туугандарын эстеп ыйлады. Бир эле туура эмес кадам аны ошол нерсенин баарынан айрып коймок. Ойлогону ишке ашканда ал таптакыр ошол жүдөгөн үйдү, атасын, энесин, бир туугандарын көрбөй калмак. Шайырга рахмат! Ичинен курбусуна ый аралаш ыраазы болуп баратты...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2019-09-02 12:35:50
Быягы киного
0
Sarywkin.sarywkin
2019-09-02 19:40:36
Shekeev969798, кайсы?
0
pero5184
2019-09-05 11:38:19
Адам өлтүргөн адамды эч качан кечирүүгө болбойт экен
0
netsa
2019-09-07 01:34:42
Качантан бери чыгып калды эле??? Мен жаздан бери кирбей калдым эле бул жакка. Сериал чыкпай калганы бул жакты унутуп калыптырмын! Жакшы жаңылык экен!)))
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан