ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бала үйдөгү дүпүрөгөн дабыштардан уйкудан ойгонуп кетти. Көзүн ачса бир топ милиция кызматкерлери атасынын колун аркасына байлап жатышкан экен. Ыргып турду да, биринин далысына жабыша берди.

– Атама тийбегиле, эй, тургула, атама тийбегиле!

– Коё бергиле дейм, балдардын жүрөгүн түшүрөсүңөр,- деди Эрнис каргылданган үнү менен.

– Өзүм барам. Асан байке, коё бер де буларды, балдарды коркутушпасын, өзүм барам.

– Тийбегиле, балдар,- деди улуураак көрүнгөн милиция кызматкери.

– Эрнис, биз сыртта турабыз, тез чык.

Алар чыгып кетери менен Эрнис оор улутунуп алды. Бир саамга ойлонуп турду да, селдейип өзүн тиктеп турган Айдарды бооруна кыса берди.

– Коркпо, баары жакшы болот, мени көпкө кармашпайт. Тез эле чыгам. Мен бат эле келем. Ага чейин сен Арушту жакшы кара, эч кимге бербе. Мен келем.

Жан талаша көп сөздөрдү күбүрөдү, бирок баланын эсинде калгандары ушулар эле.

– Эмнеге алып кетип жатышат сени, ата?- деди ыйламсыраган ал.

– Сен жигитсиң, ыйлаба. Үйдү сатып акчасын чоң энеңдин сандыгынын ичине кездемеге ороп койдум. Керек-жарактарыңарды ошону менен бүтүрүп тургула, ооруп калсаңар ооруканага барбагыла, Калыс атаныкына баргыла. Ооруканага барсаңар балдар үйүнө өткөрүп берип салат. Калыс атаңа бар бир нерсе болсо, уктуңбу?- деди энтиге.

– Макул, ата.

Көзүнүн жашын жута Айдар атасынын моюнуна асылып бекем жыттады. Кийин чоңойгондо да ошол жытты эстеп жүрдү, ичине сиңирип алган экен. Тамеки менен тер аралаш жыт эле. Эрнис ордунан туруп босогого жетти, кайрылып уктап жаткан кызын өөп алды. Анан Айдарды бир тиктеп алып чыгып кетти.

ххх

– Кана, кандай болду, айт эми баарын.

– Кокустук болду, Асан байке...

Бул адам өздөрүнүн айылдашы эле. Милицияда көптөн бери иштечү, мурунку уй уурдап кармалганда да ушул адамдын жардамы менен чыккан. Эрнис оор үшкүрүп алды.

– Асан байке, баары кокустуктан болду. Келинчегимди өлтүрүп алам деп эч оюма келген эмес.

– Иттин баласы, келин канча жолу ооруканага жатып чыкты, бүтүн кабыргасы калбады, арызын канча жолу жазып, кайра алды. Эч эсиңе келбей койдуң. Эми жата бер шыпты тиктеп... Силерге кор болгон кайран балдар,- деп ачууланып кетти тиги киши.

– Айгүл ичип келиптир. Акыркы кездери көп ичип калган. Чечинтип жаткырып коёюн десем болбоду. Мени оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, бетиме асылып жатты. Алгач токтоолук кылдым. Мен андан бир эле нерсе өтүндүм эле. Канча урушпайлы, “Асия деген атты оозуңа албачы” деп өтүндүм. Бирок ажалына көрүнүп ар дайым ортобузга мурунку аялымды кыпчый берчү. Жүз жолу айттым мен ага. Токтогон жок. “Асия турмушка чыгып кетти да, болбосо баласына бир кайрылат эле го. Сен анын айынан мени сүйбөдүң”,- деп Асияны каргап-шилеп баштады. Чыдабай кеттим. Башка-көзгө ургулап жатканымды билем, эсиме келсем колумда балжа-булжа болуп канга аралашып жатыптыр. Өзүмө келе калдым. Тамырын кармасам сокпой калыптыр. Денеси муздап кеткен экен. Сыртка чыгып тамеки чегип ойлонуп отурдум. Сизге келип моюнума алайын дедим. Бирок апамды ойлодум. Ал бул соккуну көтөрө алмак эмес, так билем, апам бул нерсени көтөрө албай калмак. Байкушум, билбей эрте өлүп калганы да жакшы болду. Ойлонуп отуруп, чарбакка эле көмүп салдым. Үйдөгү бардык кандарды жууп, кийимдерин өрттөп салдым. Кыш болчу, жер тоң эле, терең казганга алым жетпей калды, анын үстүнө таң атып келе жаткан. Элдин баарына “Орусияга иштегени кетти” дедим, анткени чын эле эки күндөн кийин кетмек, документтери, учакка билет даяр болчу. Жаз келгенде аны иттер сүйрөп чыгып билинип каларын билген жокмун.

– Эрнис, уулум, сага бул үчүн канча берилет билесиңби? Кем дегенде он жыл! Азыр уулуң 9 жашта болсо, сен чыкканда 18 жашта болот. Эгерде колумдан келип ушунчалыкка кыскарта алсам 10 жыл болот. Ушунун баары сага керек беле?

– Асан байке, сенин колуңдан баары келет. Мен кылчумду кылдым, эми жазасын өтөгөнгө даярмын. Ооба, өлтүрүп алдым. Ачуума ээ боло албай кеттим. Бирок балдарым... Эч кимиси жок калды. Балдар үйүнө өткөрүп беришет аларды. Сен Асияны тап, менин түрмөдө экенимди, аялым менен апам өлүп калганын, балдар жалгыз калганын айт. Ал боорукер эле. Укса келет. Балдарды алып кетет.

– Асия келбейт, Эрнис, үмүтүңдү үз,- деди тиги киши ойлуу.

Эрнис чакчайып тиктеди. Ишенгиси келбегени көзүнөн көрүнүп турду. “Эмнеге келбейт?” деп сурагысы да келбеди. Жүрөгүндө шооладай болсо да үмүт жашасын деп өзүн-өзү аяды окшойт.

Ал керебетте соолуп жатты. Көз алдында кызынын бакырайган көздөрү, уулунун кунан алып берем деп убада кылганда бажырайып кеткен жүзү! Кап, эмнеге мурун чыгынып алып бербеди экен. Жок дегенде адыраңдап айылдын аркы башы менен берки башына чаап албайт беле. Дүйнөнүн бүтүн жыртыгы ошол кунан менен бүтөлчүдөй аны кайта-кайта ойлоно берди. Айдарынын жаркыраган жүзүн элестете берди. Так апасындай көздөрү күйүп кетет тура кубанганда. Көзүнөн жаш агып жатса да жылмайып алды. Аруукесин ойлоду. Курсагын тойгузуп койсоң бетине алаканын коюп көпкө турчу. Ыраазычылык билдиргени го. Уктаганда да жүзүнө алакандарын коюп алмайы бар. Кызынын наристе жыты мурдуна кептелгендей боло түштү. Ичине жалын кирип кеткендей бүктөлдү. Онтоп-онтоп алды. Төрөлгөнү маани бербей келген балдары эми гана жашоосунун маңызы экенин түшүнгөндө алардан ажыраганына ичи сыйрылып кетти. Жаны ачышты. Пенденин башына бербесин, оозун алакандары менен жаап, куду Акбара бөлтүрүктөрүн жоготкондо кандай өксүсө, дал ошондой өксүдү. Акбаранын ыйы тоолорго кандай сиңип кетсе, Эрнистин ыйы түрмөнүн муздак дубалдарында калды.

ххх

Кайрадан жалгыз калганы Айдарга мурункудан да оор тийди. Түнт болуп, эч ким менен сүйлөшкүсү, ойногусу келбей калды. Бир гана Аруукеси бар. Аны менен сүйлөшөт, ал борсулдап күлсө, жылмайып калат. Чыйрак чыкты. Нандары мурункудай бышпай калбай же күйүп кетпей, кадыресе таттуу нанга айланды. Атасы тамакты сонун бышырчу эле, Айдарга үйрөтүп койгон. Эртең менен туруп бөбөгүнүн курсагын тойгузуп коюп үйгө камап кетет, сабак бүтүп-бүтпөй үйүнө жөнөйт. Баарына экөө үчүн тең ошол учур керемет. Кулпунун үнү чыкылдаганда Арууке куурчагын таштап ордунан тура калат да, байкеси кирип келери менен кучактап жыгылат. Китеп кабын да чечтирбей кучактап алып коё бербей бети-башынан өпкүлөйт.

– Аруш, коё турчу, сен Актөш болуп кеттиң беле?- дейт байкеси күлүп. Кучакташып эркелешип алып экөө тең чалкасынан түшүп жатып калышат. Дал ошол учурда Айдар өзүн эң бактылуу адам сезет. Мейли апасы келбесин, атасы түрмөдө болсун, анын Аруукеси бар. Бул чоңойгончо аны таштап эч кайда кетпейт.

– Авака, сен мени таштап кетпейсиңби?- дейт Арууке дагы анын оюн окуп койгонсуп. “Шык” деп баш чайкайт агасы. Эч бир убакта таштабайт аны. Өлсө өлөт, бирок бөбөгүн таштабайт.

– Кел курсагыбызды тойгузалы, дем алыш күнү экөөбүз базарга барабыз. Сага эмне алып берейин?

– Сагыз.

– Сагыз эң арзан да, башка нерсени айтчы.

– Сагыз,- дейт күлүңдөтүп көздөрүн кыз.

– Мейли, сагыз болсо сагыз,- деп макул болот агасы каадалуу кишидей. Түндө элдин баары уктаганда атасы айткан сандыкты ачып ичинен акчаны ала турган болду. Кездеменин ичине жакшы ороптур. Көп акча экен, эсептегенге чамасы жетпеди. Азык-түлүккө ченеп алды да, дал ошондой бүктөп ордуна койду.

– Периштем менин!- деп койду бөбөгүнүн чачтарын сылай. Чоң энеси ушинтип айтчу Аруукени. Эртеңки күнү базарга барып эмне алыш керек экенин ойлонуп жатып уктап кетти. Түшүнө адатынча эле апасы кирди.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Kanykei_95
2019-09-02 09:55:14
0
al79mi
2019-09-02 11:26:18
эх чиркин ыйлагым келип кетти
+1
-Kuzya9613
2019-09-02 14:52:58
Ушул сериалды окуган сайын ыйлайм
+1
Jazka_1991
2019-09-02 19:31:19
Juroktu oorutat baikuw bala
0
Nuri_260913
2019-09-03 10:35:58
Бул сериал журокту оорутуп бутту го. Акыры бактылуу болушса экен иши кылып...
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-09-03 22:51:00
Кино тартыш керек экен
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан