ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ошондо кайсы жакка барасыз?- айдоочу сурады.

– Аэропортко. Мен мекениме кетем.

– Аа… Жакшы.

Ушинтип чечти. Ушул чечими аны кубандырып жиберди. Болду. Мындан кийин анын жашоосу өзгөрөт. Акыркы окуялар көп нерсеге көзүн ачты. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү болуп маанилүү боло турган нерселерди ал биринчи коюп жүрүптүр. Балким, жашоосуна ыраазы болбой жүргөнү ошондон болгон чыгар. Ал бай экен го. Акчасы жок деле бай экен го. Ата-энеси күлүп тосуп алат. Качан барбасын анын келгенине чын ниетинен кубанышат. Кичинекей иниси аны катуу сагынганын айтып, моюнуна асылаттыр. Мындан артык эмне байлык болушу мүмкүн? Башкасын тапса болот. Эң негизги маанилүү байлыгы жанында экен. Апасынын кучагына кулаарын кыз кыялдана элестетип алды.

ххх

Гуля да дароо эле таксини аэропортко айдатты. Кетет. Болду. Кыздарына барат. Энесине барат. Жылдап көрүшпөй калышты. Эми баары башкача болот. Күн сайын таң эрте туруп кичине кыздарынын чачтарын тарап, сонун кийинтип мектепке өзү жетелеп барчу болот. Анан апасы экөө көпкө сырдашып, сүт кошулган ысык чайдан шашпай ууртап отурушат. Апасы кыздары кандай чоңойгонун, улуу небереси камкор экенин, сиңдисин бапестеп апасы алыскы Түркияда жүргөндө дайыма кучактап уктап жүргөнүн, өз оюнан токуп Түркиядагы апасы тууралуу сонун жомок айтып бергенин айтып берер. А кичинекей кызы көз алдына жомоктун сулуу каарманына окшош апасын элестетип, бактылуу жылмайган бойдон уктап далай таттуу түштөрдү көргөнүн божурап отурар.

Керемет! Керемет ирмемдер күтүп турат алдыда. Кыздарын эч нерседен кем кылбай багат. Башкысы, аман болушсун, оорушпасын. Ошол чоң олжо.

– Аэропортко айдаңыз! Азыр Кыргызстанды көздөй учак бар болду бекен?- айдоочудан жылмая сурады.

– Бар чыгар. Сиз шашылышпы?

– Ооба. Кыздарымды сагындым. Эми мен алардын жанынан чыкпайм.

ххх

Качан чачылган үйдү жыйнап бүткөндө гана Шайыр чарчаңкы түрдө отургучка шалак эте отуруп калды.

Кудай сактады деди ал ичинен. Шыпты тиктеп бир саамга отурду. Балконго чыкты да, көктү карады.

“Билип-билбей кетирген күнөөлөрүмдү кечирсең экен. Кечире көр! Туура жолго багыттачы мени. Адашып жүргөндөн чарчадым. Сен кечиримдүүсүң, билем. Сен мени угасың, билем. Мага да бакыт берчи. Кичинекей эле. Мен ыраазы болмокмун. Ооба, ооба, баарын талкалаган өзүммүн. Бирок кечир. Сен ырайымдуусуң. Ата-энеме баргым келет. Мени үйүмө алып барчы. Кандай ката кетирсем да күйпөлөктөп мени актаганга аракет кылган, мен үчүн дайыма жүрөгү ачык апама алып барчы. Мени кыя албай кечирип, кучагына кысып тосуп алчу атама алып барчы. Алар мени кечирсе экен!”

Көктү тиктеп бир топко кобурап тура берди өзүнчө. Анан капыстан Гуля менен Розаны эстеп кетти. “Силер да бактылуу болсоңор экен” деди акырын гана.

ххх

Ашканадагы диванга отурган бойдон уктап кетиптир. Капыстан басылган эшиктин коңгуроосу ойготуп жиберди.

– Ким болуп кетти таң атпай?

Сыртта таң эми атып бараткан.

– Ким бул?

– Мен Гуля.

Шарт эшикти ачты. Гуля эжеси муңдуу жылмайып карап туруптур.

– Сиз эмне?

– Мен кечинде учам Кыргызстанга. Шаку, сага канча акча керек эле?

– Сиз...

– Бол, кайра ойлонуп кете элегимде айт. 20 миң доллар жетеби?

– Бирок...

– Айтпайсыңбы, жетеби?

– Ооба, ооба. Мен мүмкүнчүлүк табылары менен сизге кайтарып берем.

– Жок, бул карызга эмес. Ошол оорукчан кызга алып барып бер! Мени сактап калдың, Шаку. Ыраазымын. Сен өлүмдөн алып калбасаң, кыздарымды, энемди көрбөй калмакмын. Аэропортто отуруп алып ушунун баарын ойлондум. Ошол Кыргызстандан келген кызга колуңдан келсе менин атымдан рахмат айтып койчу. Ал жакшы иштерге себепчи болду. Балким, ал болбогондо мен…

– Рахмат, Гуля эже! Шайыр аны бекем кучактап жиберди.

ххх

Оорукана бул күнү Шайырга аябай алыс сезиле берди. Оой, азыр жакшы кабарды укканда кантишер экен? Жыргап кубанышар. Өзүнчө кудуңдап бара жатат.

– Алло, Сабира, кандайсыңар? Мен бүгүн да келе жатам силерге.

– Жакшыбыз. Кечээ сиз бизди абдан кубанттыңыз. Чоң рахмат сизге. Анель ага клоун келип кеткенин дарыгерлерге чейин айтып берип мактанып жатат. Мен сизге ыраазымын.

– А мен бүгүн сиздерге андан да сонун жаңылык менен бара жатам. Сыртка чыксаңыздар.

ххх

– Шайыр эже-е…- кыз темтеңдеп чуркап келип Шайырды кучактап калды.

– Кандайсың, алтын кыз? Ден соолук жакшыбы?

– Жакшы.

– Эми баары сонун болот, буюрса. Сабира, Анель, мен акча таптым. 20 миң доллар.

– Эмне дейсиң?- Сабира ыйлап жиберчүдөй карап калды.

– Таптым дейм.

Сабира эч нерсе дей албай калды. Бышактаган бойдон эле Шайырды кучактап өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлай берди. Ким ойлоптур бир кезде аны кор кылган эркектин канынан жаралган балага жардам берет деп.

– Ыйлабагыла. Баары жакшы болот эми. Силер дарыланып бүтсөңөр Кыргызстанга чогуу кетебиз. Башкаларды ыйлаба дегени менен, Шайырдын өзүнүн деле көзүнөн жаш куюлуп жатты.

ххх

Шайыр түш көрүп жатты. Учак асманга көтөрүлгөндө эле уйкуга кеткен болчу. Бала аны жылмайып карап жатты. Бул жолу ал сулуу экен. Мурду, башы кыйшайбаган. Болпоюп гана жылмайып турат. «Менин балам го» деп ичинен ойлонду.

– Мени кечирчи, ээ? Мен…

Ойгонуп кетти. Сөзүн толук айта албай калды.

Бир топ убакыттан соң учак Бишкекке келип конду. Чемодандарды сүйрөп бара жатышкан Сабира экөө.

– Шайыр эже, сизге чалып жатышат.

Анель анын телефону менен ойноп жүргөн. Чалуу келгенде чуркап көтөрүп келди.

– Ким болду экен?

Экран бетин карады. «Атам» деп жазылып турган телефондун бетинде. Кыздын көздөрү жашка толо түштү.

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Beka0007
2019-09-09 09:28:14
Мен биринчи деп коёюнчу мен деле
+2
Aidar.001
2019-09-11 01:38:52
Beka0007,десен муйуз мага чыгып кетиптир го
Ишенбесен башыны кармалап корсон муйуз жок сенде, а менде чыкты
0
Dilbaranurdinova
2019-09-09 10:06:05
Бактылуу болсон болду Шайыр
+4
Nestana95
2019-09-09 11:10:22
Ошондо Шайыр дагы кеттиби КР.га
+1
MIRBOLOT
2019-09-09 11:42:16
Бүттү го, чыгарма!
+1
Nestana95
2019-09-11 03:16:27
MIRBOLOT,аягы дегенди окубапмын,дагы эле кутуп аткам жанысын
0
saipi
2019-09-09 13:25:15
Айбандай чыгарма экен. Ушуга ушунча убактымды коротуп окуп журдумбу?
-3
Avrora2017
2019-09-09 16:26:45
Jomoktoi
+1
asdef
2019-09-10 07:42:59
Хеппи энд
0
pero5184
2019-09-28 14:09:07
Сонун чыгарма акчаны бакыт деп адашкандар үчүн
0
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан