– Сен мени түшүнсөң, бул ишти мен эмне үчүн кылганымды сурасаң...
– Сурабайм!
– Ар дайым ушундайсың.
– Ушундаймын, жакшысын таап ал.
– Сага эмнеге үйлөндүм экен?
– Кеч эмес, ажырашып, каалаганыңа үйлөн.
– Токточу болду, кийим-кечеңди жыйыштырганга жетишесиң, коё турчу. Бир сүйлөшөлүчү...
– Эмнени сүйлөшөбүз? Мен... Мен сенин көзүңдө ар дайымкыдай катамын. Мен сенин жашооңдогу эң чоң катамын. Муну билем. Өкүнүп жүргөнүңдү да билем.
– Келесоо десе, мен сени сүйөм!
– Сүйбө! Мени минтип сүйүштүн кереги жок. Эзип, өзүң дагы эзилип сүйүштүн кереги жок. Сүйөсүңбү, бактылуу кыл. Ар бир күлкүм үчүн күрөш. Бүгүн эки ооз жакшы сөз айтасың, эртең кайра эле кыялдарыңдын жетегинде кетесиң. Сенин чоң кыялдарыңдын аркасында жөргөмүштөй болуп жашагандан тажадым мен. Уктуңбу, тажадым! Эркектер, эмнеге мындайсыңар? Чоң бир нерсеге жетүүнү кыялданып аласыңар, ал жолдогу кезиккен бардык нерсени төгүп-чачып кечип кете бересиңер. Эч нерсе токтото албайт. Ал эми сенин жаныңда жылуу төшөгүң бар, сүйүндүргөн балаң бар, көзүң менен тең айланган аялың бар. Бирок эч качан көрбөйсүң. Мен чарчадым. Сенин кыялдарыңдын жанында кичирейгенден тажадым. Сени менен кошо ал жакка жүгүргөндөн тажадым.
– Ой тобо, күйөөсүнүн байышын каалабаган биринчи аялды жолуктурдум. Каргыш тийгирдики, ал дагы менин катыным болду.
– Катын дебе мени...
– Эмне, кызсыңбы?
– ...
Аял жыйнап жаткан кийимдерин ыргытып жиберип отуруп калды. Буркурап ыйлап жатты. Күйөөсү жанына келди да, батынбай акырын кучактаганга аракет кылды. Тиги дирт эте чегине берди. Эркек бир бурчта башын мыкчып, аял бир бурчта ыйлап жатты.
– Аз калды, ушул ишим оңунан чыкса...
– А мен сени менен кошо улам бир нерседен үмүт эткенден чарчадым. Сенин тобокелдериңден, жер которгонуңдан, иш которгонуңдан чарчадым. Мен көп адамдарды, ызы-чууну сүйбөгөн адаммын. Мага аз эле нерсе керек. Мен канчалык кичине дүйнө каалаган сайын сен ошончолук чоң дүйнө каалайсың. Сага баары “браво!” деп кол чаап турганын каалайсың. А мен жеке баракчама сүрөт киргизгенден, элдин назарында болгондон качам. А сен элдин баары сага суктанып туруусун каалайсың. Мына, ушул биздин айырмабыз.
– Мен силер үчүн чуркап жүрөм го.
– Өзүңдү алдаба, сен мен же балдарыбыз үчүн эмес, өзүңдүң амбицияң үчүн чуркап жүрөсүң. Ал болсо ажыдаар сымал сени оп тартып баратат. Байыш керек, бутка туруш керек. Калганы кийин дейсиң. А менин кийинкиге калтыргым келбейт. Мен жашоону азыр жашагым келет. Бүгүн, уктуңбу? Сен байыганча биз үй-бүлөлүк эс алууга чыкпай, эч жерге барбай күтүп турабызбы? Тойгузуп жиберди ушул сөздөрүң.
– Эмне кыл дейсиң, баарын жайына коёюнбу?
– Эмне кыласың билбейм, мени жана балдарды өзүң менен кошо уйпалаба. Жетишет! Балдар балалыгынын даамын татсын. Бул жерге көнүп баратса алып барып экинчи шаарга которосуң, андан кайра башка жерге. Гүл бир жерге тамыр алганды жакшы көрөт. Улам-улам топурагынан ажырата берсең ал дагы соолуйт. Түшүнсөң... Мени да жайыма кой, айланама чийиниңди чийбе, “жок, муну кийбе, жок, мындай сүйлөбө, жок, чачыңды мындай кыл”. Дүйнө сенин айланаңда гана айланбайт. Жок дегенде бир жолу өмүрүңдө менин эмне каалаарым тууралуу ойлонуп койсоң болобу?
– Демек, мен жаман ата болуп чыга келдим, ээ, кандай сонун, тим эле керемет...
– Жаман деген жокмун. Бирок эч качан биз сенин маанилүү бөлүгүң боло албадык. Сенин чоң кыялдарыңдын алдында биз тебелендиде калдык. Мен тырмыштым, айланкөчөк болгон жашооңду токтотмокко, бир ирмем болсо да тынчтыкты үйрөткөнгө аябай аракет кылдым, бирок болбоду. Сен айтчы эмне каалайсың?
– Бай болгонду, бутка турганды.
– Көрдүңбү, бактылуу болууну деп эч айта албайсың. А мен жөн эле бактылуу болгум келет.
– Кетесиңби?
– ...
– Кетпе, кел баарын башынан баштайлы, мен оңолом, сөз берем. Мен силерди кыйнадым, билем, аябай кыйналдыңар, бирок ушул жолу иштерим оңунан чыгат. Ишенчи.
Аял бүк түштү. Ар дайым ушундай. Чечимди чыгарган менен, анын көздөрүн көргөн сайын артка чегинет. Бул жолу да...
– Көрөсүң, баары жакшы болот,- деп шыбырады эркеги. Кең көкүрөгүнө жүзүн катып ыйлап жаткан ал да макул боло башын ийкеди. Үмүттүн оту жылт этти. Экөө тең үмүттүн шамына жылынып турушту. Шурудай чачырап колдон түшүп бараткан, чайпалып төгүлүп бараткан бакытын аярлап турушту. Эртең эмне болорун ким билет?..
Айлин. Д