28-августта Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган мушташ орун алды. Окуянын видеосу интернетке тарап, коомчулук аны кызуу талкуулап жатат. Анда 2 жаранды дагы бир 2 киши эс-учун жоготкончо сабап, эси ооп жаткандарды бети-башына секирип, тепкендерин көрүүгө болот. Токмоктолгон жарандардын туугандарынын айтымында, учурда жабырлануучулардын абалы оор. Алар шектүүлөрдүн тууганы милиция кызматында иштегендиктен, күнөөлүүлөр жазасыз кутулганы жатышат деп кооптонушууда.
“ЭЧ СЕБЕПСИЗ УРУП-ТЕПКИЛЕГЕН”
Токмоктолгон жарандар учурда эс-учун билбей, сүйлөй албай жатышкандыктан жаңжал эмнеден улам келип чыкканы белгисиз. Жабырлануучу У.Бнын эжеси Э.Б. “инимди жана анын досун сабаган кишилердин таасирдүү жерде иштеген агалары бар экен” деп, шектүүлөр өлкөдөн качып чыгып кетет деп кооптонуп жатканын айтат:
– Бул окуя 28-август күнү эртең мененки саат 06:40, 07:30 чамасында болуптур. Жабырлануучулардын бири У.Б. менин бир тууган иним болот. Иним досу экөө теңтуш, 1988-жылы туулган. Эки дос Орусияга дагы бир досун узатканы кетишкен. Үчөөнүн бири кийимин алганы кеткен убакта эки киши келип менин иним жана досу менен учурашыптыр. Эмнеден чыр чыкканы белгисиз, бир аз эле сүйлөшүп тургандан кийин эле бетке-башка чаап баштаптыр. Алар эси ооп жерге кулап калгандан кийин да башынын үстүнө чыгып тебелеп, тепкилешкен. Видеодон баары көрүнүп турат. Биз ошол эле күнү Бишкек шаардык Ленин РИИБине барып арыз жаздык. Андан 2 күн өткөндөн кийин барсак милиция окуя боюнча иш козгой элек экен. “Биздин башка иштерибиз бар” деп коюшту. Ошол себептен биз Ленин райондук прокуратурасына кайрылдык.
“ЗӨӨКҮРЛӨРДҮН АГАЛАРЫ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНДА ИШТЕЙТ ЭКЕН”
– Видеодон экөөнү сабап салган кишилер бейкапар унаасына түшүп кетип калышканын көрүүгө болот. Сабаган балдардын милиция кызматында иштеген агасы бар экен. Ал келип инимди сабаган балдарды Арча-Бешик конушундагы №2 милиция бөлүмчөсүнө алып барып, тескерисинче, менин иним менен досун күнөөлүү кылып “бизге тийишти” деп арыз жаздырып коюптур. Эртеси күнү коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматы менен чогуу барып, көчөдөгү камерага түшүп калган видеотасмадан таптакыр башка окуяны көрдүк. Биздин балдар аларга тийишпесе деле өчү бардай сабап, жырткычтык менен тепкилешиптир. Милиция кызматында иштеген агасы аркылуу жазадан качып, чет өлкөгө чыгып кетишпесе деп шектенип жатабыз. Анткени алардын аты-жөнү аныкталганы менен, кармала элек. Сабагандар жазасын мыйзам чегинде толук тартышын талап кылабыз.
Иним тууралуу айтсам, анын бетинин шишиктери тарай элек, башынан аябай катуу жаракат алыптыр. Баш сөөгү сынып, бетинин, жаагынын сөөктөрү майдаланып кетиптир. Операцияга даярдаш керек экен, дагы бир апта дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бетине пластик протез коюлат деп жатышат, бирок операциядан кийин кайра калыбына келеби, келбейби бул чоң суроо дешти врачтар.
“ЖЕЗДЕМ ӨЗҮНӨ КЕЛИП, БИРОК ЭЧ КИМДИ ТААНЫБАЙ ЖАТАТ”
Жабырлануучулардын бири М.Анын балдызы жездеси 5 күн дегенде өзүнө келип, бирок жакындарын, аялын да тааныбай жатканын айтат.
– Сабалгандардын бири М.А. менин жездем болот. Биз аларды эмнеге мынчалык мыкаачылык менен ур-тепкиге алганынын себебин билбей, түшүнө албай жатабыз. 10-15 жолу башына тепки жептир. Жездем эс-учун билбей 5 күн жаткандан кийин өзүнө келди. Көзүн ачканы менен, киши тааныбай жатат. Дарыгерлер томографияга тартабыз, анан операция жасалат деп жатышат. Эжем өзү да жүрөгү ооруйт. Укук коргоо органдарына сабаган жарандарга тиешелүү жазасын бериңиздер деп кайрылат элек. Алар соо эмес, бир нерсе ичип же чегип алышкандай. Адам болсо анчалык зөөкүрлүккө барышпайт болчу.
ИИМ: “ШЕКТҮҮНҮН ТУУГАНЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНДА ИШТЭЭРИ ЧЫН”
Жабырлануучулардын биринин эжеси Э.Б. аларды сабаган жарандардын агасы Казыбек Бапышев аттуу адам Чүй облустук ички иштер башкармалыгында иштейт деген маалымат бар экенин айтты. Биз аталган башкармалыктын басма сөз кызматы менен байланыштык. Маалымат кызматынан “учурда ал кызматкердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Ал аягына чыккандан кийин юридикалык баа берилет. Ага чейин бул боюнча комментарий бере албайбыз” деп билдиришти.
Ленин РИИБинин кызматкерлери шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович аттуу жарандар экенин аныктаган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
3-сентябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны болуп, бул маселе көтөрүлдү. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул боюнча суроого "ооба, чынында эле шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштейт. Биздин кызматкерлердин бул ишке кийлигишкени да чын. Иликтөө иштери аяктаары менен суроолорго жооп беребиз. Кылмышкерлер жакын арада табылат" деп билдирди.
Мыйзамды сыйлаган өлкөдө мындай окуя катталса министр токтоосуз отставкага кетмек.
Айпери Хожаева
koom@super.kg