ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Айдар баш көтөрүп эле бөбөгүн карады. Бул үйдөгү балдардан чочуганыбы, же чоочун үйдө корунганыбы бүрүшүп, куурчагын кармап агасынын бутунун үстүнө жатып алыптыр.

– Аруш?

– Абака, кетеличи,- деп ыйламсырап жиберди.

– Ыйлаба, үйгө кетебиз. Мен жакшы болуп калбадымбы.

Арууке көзүн бакырайта тиктеп турду да, агасынын моюнунан бекем кучактап алды.

– Сага бирөө тийиштиби?

– Жок.

– Эмне болду?

– Сен мени таштап кетпейсиңби?- деди тиги көзүн мөлтүрөтүп. Көз карашында ушунчалык сурануу бар эле, Айдар ыйлагысы келип кетти. Чымыркана тиштенип жашын араң токтотту. Алсырап турган эле, араң башын көтөрдү. Кыз өзүнчө сүйлөнө берди.

– Бул үйдөгү эже жаман экен, мени урушту. Балдары куурчагымдын чачын жулуп салышты. Мени “Арууке сийгек” дешти. Мен...

Айдар эптеп кийинип, төшөгүн жыйып, карындашын ээрчитип сыртка чыкты. Калыс атасы короодо отурган экен, сербейген экөөнү көрүп чочуп кетти.

– Айдар, сен кайда?

– Калыс ата, биз кетели. Арууке үйгө барам дейт.

– Сен али жакшы боло элексиң, бир аз күчүңө кир, анан кет. Эт алып келдим, эжең шорпо жасап жатат.

– Жок, биз үйгө баралы.

Канча айтса да көгөрүп туруп алды бала. Акыры экөөнү узата карап ойлонуп кала берди. Кечке маал тамагын ичип алып карыя сыртка жөнөп калды. Колтугунда бир нерсе катып алгандай.

– Ата, түндө кайда барасыз, жарыктык?

– Менби? Тиги Эрнистин балдарынын жанына. Айдар дагы деле жакшы боло элек.

– Бул эмне?- деди кызы дөмпөйүп турган атасынын күрмөсүн карап.

– Нан алдым, сен дагы тиги шорподон банкага куюп бере сал. Бир жилик этин да сал.

– Ата?

– Бол, кызым,- анын түшүнүксүз көз карашын байкабагандай атасы кесе сүйлөдү. Аргасыз тамагын куюп берип атасын жөнөтүп жиберди. Калыс атасы келгенде экөө кужулдашып бир нерсе кылып жатышкан экен. Карыяны көрүп экөөнүн тең кабагы күндөй жаркырап кетти.

– Сиз келдиңизби?

– Келдим, балам. Муну ысыгында ичип ала койгула. Эти да бар. Баса, силердикине жатайын деп келдим. Айдар, балам, сен өткөндө Курманбекти атасы Тейитбек сайып алган жерине келгенсиң. Тамак ичкенден кийин ошол жеринен уланталы.

Карыя өзү билбей балдардын дүйнөсүнө жакшылыктын үрөнүн себелеп жатты. Кийин чоңойгондо Айдар эчен жолу ушул карынын жакшылыктарын эстечү. Жамандык менен жакшылыктын, ак менен каранын, адилетсиздик менен теңсиздиктин ажырымын ушул ата үйрөттү ага. Жөн эле саймедиреп “мындай бол, тигиндей бол” деп сүйлөй берчү эмес. Өзүндө катып койгон китептерди алып келип окутуп, өзү угуп, Айдар түшүнбөй калган жерлерин жакшы түшүндүрүп берчү. “Жакшылык кыл, балам, бирөөгө жакшылык кылгандан артык бакыт жок” дечү эле. Ошондо баланын дили өрттөнүп “атам эмнеге ушундай адам болбоду, атам эмнеге эч кимге жакшылык кылбай жашады?” деп ойлочу. Чоң адамдардын терс ойлору, амбициясы ал кезде көкүрөгүнө жат болчу. Чоңойгондо түшүндү, бирок анда деле дүйнөсү таза боюнча калды. Балким, дал ушул карыянын тарбиясынан ал көкүрөгү таза, күчтүү, бирок баары бир жаралуу болуп чоңойду.

ххх

Убакыт өтүп жатты. Тирүүлүк өз арабасын айланта берди. Ушул айланкөчөктүн ичинде кыргыздын бир айылында эки чүрпө да өз күнүн көрүп жатты. Алар эч кимге керек эмес болчу. Экөө да бири-биринен башка адамга муктаж болбогонго үйрөнүштү. Эч кимсиз жашап жатышкандарына 1 жыл болуп калды. Атасы калтырып кеткен сандыктагы акчанын аягына чыгып бара жатты. Айдар бул акча түгөнсө эмне кылуу керек деген санаага түшө баштады.

– Арууке, тынч турчу,- дейт ал бөбөгүнүн чачын өрүп жатып.

– Базардан мага эмне алып бересиң?- дейт тентек көзүн жылтылдатып. Анын көз карашына агасы туруштук бере албаарын билет сезимтал кыз.

– Билбейм, акчабызды үнөмдөшүбүз керек,- деди бала түнөрүп. Аны менен кыздын иши жок, күзгүнүн алдында шоктоно берди. Жини келип тарак менен башын нукуп койду эле, тиги башы жулунуп кеткенсип бакырып ыйлап калды. Кечке ыйлады. Көздөрү кызарып чыкканда гана араң токтоду.

– Эмне, эч нерсе алып бербейсиңби?

– Билбейм, Аруш, сен таарынбачы. Мен...

– Макул, сага таарынбайм. Эч нерсе алып бербе, бирок мага жиниңди келтирбечи, ээ?

– Макул.

10 жашында “эртең эмне болот?” деген түйшүктүн камына түштү бала.

ххх

Эрнис булуттарды тиктеп турду. Бул жакта жатканында жаз эле, эми кайра жаз келди. Айылы тоого жакын жайгашкандыктан, бул учурда жаан-чачын көп болчу эле. Кайра эле жүрөгүн тызылдаткан бушаймандык. “Эмне болушту экен? Чоңоюп калышкандыр”. Айылдан достору, кээде Калыс карыя келет. Досторунан балдарын батынып сурай албайт, бирок карыя келгенде майда-чүйдөсүнө чейин сурайт. Сүрөттөрүн сурайт. Акыркы сүрөтүндө Аруукенин чачтары сербейип өсүп калыптыр, аны өрүп коюптур. Мөлтүрөп суроолуу караган каректерин көргөндө каны башына тээп кете тургандай сезилди. Айдар болсо кабагы салыңкы, бир нерсени ойлонуп тургандай санаалуу түшкөн экен.

– Жакшы турушат, кээде мен барып турам, кээде биздин үйгө келишет. Кам санаба,- дейт оозу бош Калыс атасы.

– Чыгам, буюрса, амнистияга илинип калармын. Эптеп ушул тордон чыксам...- деп кыжынып жатты Эрнис.

– Эмне кыласың?

– Балдарымдын жанынан чыкпайт элем. Ох, Калыс ата, акмак болдум мен. Мен аларды такыр жашоомдо жок деп ойлочумун. Жашоомдун маңызы эки балам экенин билгенимде ушул келесоолуктарды кылат белем? Асияга ыза болдум, өзүм аны кетирип, өкүнүчтөн андан башка эч нерсени көрбөй калдым. Арууке кантип төрөлгөнү эсимде жок, Айдар кантип чоңойду, эсимде жок, энем байкушка топурак сала албай калдым. Ушунун баары Асия үчүн болду. Ал болсо...

– Кабары жок. Төркүн жагынан деле эч ким билбейт,- деди карыя эмнени сурай турганын алдын ала билип.

– Ал тирүү эле, өлгөн болсо сезет элем. Бирок мен үчүн өлдү. Ал өлдү, бирок балдарым бар. Эптеп ушул жерден чыгып кетсем...

Куду капаска түшкөн жырткычтай айласыз эле. Ошол айласыздыгына да көнүп калбай ичинде дагы деле буркан-шаркан...

ххх

– Мага жумуш бериңизчи...

– Сен кипкичине баласың, колуңдан эмне келет?

– Суу сугарышам, кулак байлаганды билем.

– А мунуңду эмне кыласың?- деди тиги киши сексейип колун оозуна салып турган кызды карап.

– Отургузуп коём, ал ыйлабайт, байке.

– Талаадан келе жатканда кантесиңер? Араба келе жатканда башка нерсе жүктөйм. Үстүнө экөөңдү отургузуп койсом учуп кетсеңерчи.

– Жөө деле келебиз, жакын эле го.

– Мейли, ишемби күнү кел. Окууң бар да, ээ, сенин?

Эртеси түшкө тамагын алып, жанына карындашын ээрчитип алып арабага түшүп жөнөп калышты. Араба үстүндө бараткан кандай сонун?! Тиги киши элдик ырларды сызылта ырдайт экен. Ого бетер балдардын көңүлү ачылып, куду майрамга бараткандай жымыңдашып коёт. Аруукени чөмөлө жасап отургузуп коюшту. Кечке тызылдап чуркап кулак байлап, жан дили менен жардамдашкан балага ыраазы болдубу же аядыбы, иши бүткөндө тиги киши 500 сом кулагына кыстарып койду.

– Айыл жакын, чуркап жетип аласыңар. Мен башка жакка барам,- деди тиги киши.

– Рахмат, байке...

Айдар колундагы 500 сомду карап ишенип-ишенбей турду. Бул Айдардын биринчи жумушу, биринчи эмгек акысы эле. Көздөрү жайнаганычы...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ady-88
2019-09-16 10:11:45
Биринчилер корунбойтго
-1
dobrajelatel
2019-09-16 12:29:38
Эээх Айдар.
+2
Dilbaranurdinova
2019-09-16 12:42:49
Ыйлагым келдииии апасы атасынын кылганын балдары тартыш керекпиле....)))
+2
Shokoladka94
2019-09-16 15:03:26
Ушу чыгарма жүрөк ооруу кылат го мени, балдардын кыйналганына чыдабайм. Мындай балдарды жолуктурсам эч кимди укпай багып алат элем
+4
Aikassol
2019-09-16 16:48:04
Окууган сайын журогум ооруйт.
+3
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан