Чүй облусунун Кемин шаарында 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылып, ал каршылык көрсөткөндө өлтүргөн деп шектелип 20 жаштагы жаран кармалган. 22-сентябрь күнү кыздын жансыз денеси Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен табылды. Маркум Аэлита Иманкадырованын жакындарынын айтымында, кыз самбо менен 2 жылдан бери машыгып келген. Кошуналары "ал кол салган адамга оңой эле жеңилип бермек эмес" деп жатышат.
«КЫЗДЫ ЭЭН ИМАРАТТА ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматы бул окуя боюнча мындайча маалымат таратты.
– 22-сентябь күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 57 жаштагы аял кайрылган. Ал арызында 20-сентябрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы небересин табууга жардам сураган. Ыкчам топ издөөгө чыгып, Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен өспүрүм кыздын жансыз денесин табышкан. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Бул кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти кармады. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон К.А. аттуу Кашкелең айылынын тургуну экени белгилүү болду.
Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, 20-сентябрда саат 21:30 чамасында кылмышка шектүү мас абалда келе жатып жолдон өспүрүм кызды көрүп калган. Ал кызды зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барган. Кыз ага каршылык көрсөткөндө, шектүү аны сабап салган. Мунун кесепетинен өспүрүм каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө жүрүүдө.
«БУЗУК ЭСКИ ҮЙДҮН ИЧИНЕН КЫЗЫМДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИН ТАПТЫМ»
Маркум кызды багып чоңойткон таенеси Бүбира Асанова кыздын жансыз денесин ээн калган имараттан өзү тапканын айтат.
– Неберем 20-сентябрь күнү курбу кызыма барып келейин деп үйдөн чыккан. Ал курбусу жаныбызда эле, 2-3 үй ары жакта жашайт. Анын үйүндө 5-10 мүнөт эле отуруптур. Ал кызды да чоң энеси багат. Сүйлөшсөм «кызың 5 мүнөттөй туруп эле кеткен. Мен кызымды чыгарбай койгом» деди. Анан классташтары сейил бакка чогулалы деп телефон чалышыптыр. Бизге жакын жерде сейил бак бар, жаштар эс алып, чогулуп отуруп калышканын көрөбүз. Тиги курбусу чыкпагандан кийин кызым классташтары чогулган жерге барыптыр. Негизи кызым бир жакка бейчеки чыкпайт болчу, көзөмөлдөп турчумун. Алар менен жолугуп, үйгө кайтканда ушул окуя болуптур. Ал биздин подъездде жашаган бала деп эле коркпой жанынан өтө берсе керек.
Кызым түнү үйгө келбегенинен эртең менен милицияга барып арыз жаздым. Алар «эч кайда кетпей үйдө болуңуз, керек болсоңуз чалабыз» дешти. Анан бир аздан кийин «кызыңыздын күбөлүгүн, өзүңүздүн паспортуңузду алып келиңиз» деп чакырышты. Сурагандарын алып барып берип, кайтып келе жатып үйгө жакын калганда эмнегедир бир нерсе артка тартты. Кайрылып барып, чөптөрдү аралап өтүп таштанды имараттын подъездин карасам, кызымдын курткасы жатыптыр. Ала коюп тааныдым да, кошуна келинге телефон чалдым. Ал, дагы башка кошуналар болуп келип, менин жанымда болушту. Кызым жоголду деген күнү классташтары, уулумдун достору издеп, ал тамга кирбеген киши калбаптыр. Анда кызымдын денеси жок болчу экен. Жерди тытмалап карап жатып, телефонун, телефонунун сыртын көрүп калдым. Ички бөлмөлөрүнүн биринде канга боёлуп кызым жатыптыр...
«САМБО МЕНЕН МАШЫКЧУ, ЗӨӨКҮРДҮ ОҢОЙ ЭЛЕ ТҮРТҮП САЛМАК»
– Кызымдын денесинен тамтык калбаптыр. Башынын 4 жери жарылганын сөөгүн жууп жатып өзүм көрдүм. Моюну сынып же чыгып кеткен окшойт, жууп жатканымда шылкылдап жатты. Колунун бир манжасында тырмагы болсо, биринде жок. Жандалбастап жерди тырмалаган окшойт, байкуш кызым. Экспертиза дайындалып, сиңдилерим барып келишти. Милиция «эмне менен муунттуң?» деп сураса шектүү «бутум менен минтип бастым» деп көрсөтүп бериптир. Кызым өзү спорттун самбо түрү менен машыкчу. 2 жылдан бери мелдештерге катышып жүргөн, быйыл бутун оорутуп алып, 1 жумадан бери бара элек болчу. Өзү кичинекей арык болгону менен шамдагай эле. Мас жигитти оңой эле түртүп салып качып кете алмак.
Мен 58 жашка чыгып калдым. Күйөөмдүн көзү өтүп кеткенине 7-8 жыл болду. 5 уулум жана жалгыз кызым бар. Кызымдын биринчи турмушу жакшы болбой ажырашып кеткенде неберем Аэлитаны 14 күндүгүнөн баштап өзүм багып чоңойтком. Өзүм талаага чыгып ар кандай жумушта жалданып иштейм. Ушул неберемди эч кимден, эч нерседен кем кылбаганга аракет кылып жашап келгем. Эки уулум өткөн жылы удаа каза болуп калышты. Бир уулум өзүнчө жашайт, үй-бүлөлүү. Кенже уулум 11-класста окуйт, ошол уулум менен Аэлита менин колумда болчу.
Жашоо шартым ушундай, сыз үйдө жашайбыз. Аэлитам кол арага жарап, үй оокаттарын жасаган тирегим эле. Окутсам, келечегин куруп берсем деп ниеттенчүмүн. Мен көргөн азаптуу күндү көрбөсүн деп тырышчумун. Өзүнүн апасы менен эже-сиңдидей болчу, менин эле кызым болуп калган. Жаныбарларды жакшы көрчү, кичинекей балдар менен бакка чыгып ойноп, жаш бала эле болчу да. Өзү менен тең өспүрүм кыздардай боёнуп жигит жандаган да жок.
Кылмышка шектелип кармалган бала Кеминден эле болот. Жаныбызда аракеч кошунабыз бар. Ошонун үйүндө батирде турчу экен, кызыма көз салып жүрсө керек да. Элден жакында эле түрмөдөн чыккан экен деп уктум.
«ЭРКЕК МҮНӨЗ, ЖӨНӨКӨЙ КЫЗ БОЛЧУ»
Көзүнүн жашын тыйбай ыйлаган таенесине сабыр тилегенден башка эч нерсе дей албадык. Маркумдун мектептеги жетишкендиктери, кулк-мүнөзү тууралуу класс жетекчиси Чынаркүл Мурадилова буларды айтып берди.
– Класс жетекчи катары үй-бүлөсү менен тыгыз иштешчүбүз. 11-класста окуган байкеси, таенеси болуп үчөө жашашчу. Байкеси менен ынак болчу, экөө күрөшүп, чогуу машыгып жүрүшчү экен. Сабактан чыкканда да байкеси ээрчитип, чогуу кетишчү. Аэлита эркек мүнөз, тайманбас, жөнөкөй кыз болчу. Окуусу орто, бирок берген тапшырмаларды жакшы аткарып келчү. Классташ кыздары менен да, балдары менен да ынтымактуу болчу. Өзүнүн апасы келип турчу. Былтыр кызын сурап бир жолу жыйналышка катышып кеткен.
«ОШОЛ КҮНҮ 16 ЖАШАР ДАГЫ БИР КЫЗ КИШИ КОЛДУУ БОЛГОН»
Кылмыш катталган аймак бала-бакыра үчүн кооптуу экенин айтып, жергиликтүү тургундар окуя тууралуу көргөн-билгендерин баяндап беришти. Атын атагысы келбеген кошунасы кылмышка шектелип кармалган адам атайын жатак-мектепте тарбияланып чыкканын айтат.
– Каза болгон өспүрүм кыз жашаган батирдин маңдайында бир орус киши жашайт. Шектүү деп кармалган Аман аттуу жигиттин ошол үйгө кирип-чыгып жүргөнүн көргөм. Мен ал баланы жакшы деле тааныбайм, ата-энеси Кашкелеңде турушат. Атасы 2 жолу үйлөнүп, бул бала өгөй эненин колунда чоңойгон. Аны көрүп "бул жакта эмне кылып жүрөсүң?" деп сурасам, ошол үйгө батирге чыкканын айткан. Билишимче, акыл-эси кеч өөрчүгөн балдар тарбияланган жатак-мектепте окуп, ал жактан да айдалып кеткен экен. Ал буга чейин да «зордуктоо» беренеси менен соттолуп чыкканы маалым. Аэлитаны жоголду деп издеп жүргөн күнү ушул эле аймакта 2003-жылкы өспүрүм кызды жерге беришти. Аны да белгисиз бирөөлөр зордуктап, анан өлтүрүп кетишиптир деп уктук. Ал кыз да эшикке чыгып эле 3-4 сааттан кийин короосунун жанында жансыз денеси табылыптыр. Алып келип таштап кетишиптир дейт. Анын өлүмүнө шектүү кармала элек.
«БИЗДИН АЙМАК КООПТУУ БОЛГОНДУКТАН «13-РАЙОН» ДЕП КОЮШАТ»
– Милиция ишти аягына чейин тыкыр териштирсе экен. Мен шектүү бул ишти жалгыз өзү жасады дегенге күмөнүм бар. Карапайым элдин балдарын коргоого алуу деген бийликтин оюна келбейт. Биздин аймакта балдардын коопсуздугуна кам көрүү каралган эмес. Шаардын бул бөлүгүн «13-район» деп коюшат. Кылмыштуулук күч алган, таштанды аймакка окшош. Каралбай калган ээн жайлар көп. Өзүңөр көрдүңөр, кыздын жансыз денеси табылган имарат таштанды таштоочу жай, даараткана болуп бүткөн. Ушул эле жерден былтыр бир келиндин жансыз денеси табылган. Мурда бул имаратта мамлекеттик кызматта иштегендер жашачу. Бул район ушундай кооптуу экенине карабай, батир акысы арзан болгон үчүн гана жашайбыз. Боевик, согуш тууралуу тасма тарта тургандай эле коркунучтуу жер.
Ушул имараттарды жергиликтүү бийлик же баланска алып иштетип же болбосо элдин менчигине чечип берсе, биз да темселеп батирлебей оңдоп-түзөп, таштандыдан арылтып, иретке келтирип жашайт элек. Ушундай кароосуз калган имараттар көп болгондуктан кылмыштуулук күч алып жатат.
Айпери Хожаева
koom@super.kg