КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА... ОШТО 1 ЖЫЛ МУРУН КАЗА ТАПКАН АДАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП ИНИСИ КАРМАЛДЫ

Ош шаарында бир тууган агасын өлтүрүп, ээн талаага алып барып өрттөп, көмүп салган деп шектелип, маркумдун 23 жаштагы иниси кармалды. Окуя 2018-жылдын сентябрь айында болгон. Бул окуяны көргөн күбө болгон эмес. Кыңыр иш жыл айланган соң билинип, шектүү кылмышты моюнуна алды.

“АГАСЫН ОРУСИЯГА КЕТТИ ДЕП КОЙЧУ ЭКЕН”

Ош ШИИББи бул окуя тууралуу төмөнкүчө маалымат таратты.

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Төлөйкөн айылынын тургундары тарабынан аталган айылдын жашоочусу А.у.Ж. жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабындагы ээн талаага көмүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматты тактоо, иликтөө иштери жүргүзүлгөн соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 23-сентябрда шектүүнү кармашкан. Ал Төлөйкөн айылынын 1996-жылы туулган А.у.А. аттуу тургуну экени маалым болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жасаган кылмышын моюнуна алды.

Ал өз агасын 2018-жылдын сентябрь айында, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөңгөлөктөрү менен кошо өрттөп, денесинин өрттөнгөндөн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берди. «Агам кичинекей кезимден баштап мени көп урушчу, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыңдай берчү, сабачу. Ал күнү да келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачууланып, от жаккан жерде турган темир көсөө менен башка чаап жибердим. Байкем жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын жансыз денесин эч кимге билдирбей жок кылуу үчүн талаага алып барып өрттөп, ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга «Орусияга кеттим» деп үйдөн чыгып кетти» деп айтып жүрдүм» деп көрсөтмө берди шектүү. Бул факт боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

“БИРӨӨГӨ АЙТСАҢ ӨЛТҮРӨМ ДЕП КОРКУТКАН”

Ош ШИИББинин маалымат катчысы Замир Сыдыков шектүү бул окуя тууралуу жакындарынын бирине айтып, бирок аны “бирөөгө айтсаң өлтүрөм” деп коркутканын кошумчалады.

-Апасы, карындаштары ошол күнү үйдө болгон эмес. Шектүүнүн айтымында, агасы мас болуп келип алып, дайыма чыр чыгарчу экен. Алардын атасы 2004-жылы каза болуп калыптыр. Аракечтиктин айынан үйүндөгүлөргө тынчтык бербегендиктен ал мас болуп келгенде баары ар кай жакка качып кетишчү экен. Кылмыш болгон күнү мас болуп келгенин билген апасы кыздарын алып үйдөн качып кеткен. Үйдө маркумдун иниси жалгыз калган. Агасын өлтүрүүгө анын мас болуп алып ачуусуна тийгени себеп болгонун айтууда. Төлөйкөн айылынын баш жагы эгин талаасы менен башталат. Андан кийин эч ким жашабаган адыр жана Ноокатка кеткен жол бар. Ошол жакка алып барып унаанын эски дөңгөлөктөрү менен чогуу агасын өрттөп, калган сөөктөрүн көмүп салган. Агасын өлтүрүп алганы тууралуу жакындарынын бирине айтып, бирок “бирөөгө айтсаң өлтүрөм” деп коркуткан.

“КОКУСТАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ”

Шектүү А.у.А. тергөө абагына 2 айга камалды. Ал кылган кылмышын моюнга алып, тергөөдө төмөнкүчө көрсөтмө берген.

- Ошол күнү кечки саат тогуздарда үйгө барсам үйдө эч ким жок экен. Апам карындаштарымды алып үйдөн чыгып кетишиптир. Кеч болуп калгандыктан үйдө жатып, уктап калгам. Бир убакта байкем 2 шише арак, пиво алып келди. Мени тургузуп мээмди жеп, эзип, болбогон нерселерди айтып ура баштады. Желкеме отвёртка менен аёосуз сайгылады. Мен чыдабай каршылык көрсөткөндө экөөбүз урушуп кеттик. Аны кокустан өлтүрүп алдым. Үйдө жаткан темир көсөө менен чаап жибердим. Ал цементке кулап түштү, ошондо каракуш мээси менен тийген окшойт. Бетине суу чачып өзүнө келтиргенге аракет кылдым. Бирок көзүн ачкан жок. Коркуп кеткенимден агамдын сөөгүн адырга алып барып, ээн жерге көмүп койдум. Ал күнү үйдө эч ким жок болгондуктан кылмышым тууралуу билбей калышты. Агамды сурагандарга “Орусияга иштегени кетти” деп коюп жүрдүм.

“ОРУСИЯГА КЕТТИ ДЕГЕНИНЕ ИШЕНИП ЖҮРГӨНБҮЗ”

Бул үй-бүлө тууралуу Төлөйкөн айылынын тургундарынан сурап көрдүк. Атын атагысы келбеген тургун маркумду дагы, шектүүнү дагы жакшы тааныйт. Каза болуп калган адам ичкиликтин айынан ажал тапканын айтат. Ичпесе кишиге зыяны жок жакшы адам эле дейт.

- Маркум А.у.Ж. чындыгында аракеч болуп кеткен. Бир ичкенде 10-15 күн арактан башы чыкпай жүрүп алчу. Соо кезинде жакшы эле жайдары киши болчу. 8-9 жылдан бери экскаватор айдап иштеп келген. Үй-бүлө кура элек, 28 жашка эми чыккан. Иниси мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окуган жок. Ош шаарында соода менен алектенип, үй-бүлөнү ошол жигит багып жүргөн. Апасы жана 2 карындашы айылда эле жашашат. Маркумдун Орусияга кетем дегенин укпаптырбыз. Бирок "Бишкекке барып иштеп келсем" дегенин кулагым чалган. Көптөн бери көрүнбөй калганынан Орусияга кетти дегенге ишенип эле жүргөм, анткени азыр кимдер гана ал жакка барып иштеп келген жок? Көрсө, андай эмес тура.

Кокустук дейбизби, башка түшкөн кырсык дейбизби, кандай болгон күндө да 30га чыкпай 1 адам каза болуп, анын артынан үй-бүлөнү баккан жаш жигит темир тор артына камалды. Ушундай окуялардын көбүнө ичкилик күнөөлүү экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок кейиштүү окуялар тыйылчудай эмес.Арак адамдардын тагдырына балта чаап, дагы канчанын өмүрүн алат?

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Dilbaranurdinova
2019-10-07 12:29:54
Чырактай бала омуру темир тордо отот туура кудайым ыйман берсин
+2
-adam
2019-10-07 16:08:42
Ичкиликтин артынан.
Балага женил эле жаза берилсе экен.
+9
ainura220888
2019-10-07 16:57:46
Апасы тосмо арыз жазып жалгыз бизди бакан бала деп чыгарып алса болбойт бекен? Бирок антейин десен чекеден бир туугандар олтуруп башташат. Женилиреек жаза алсын эми. Баары арактанда.
+1
Dushabolna
2019-10-11 12:39:55
Аракты жок кылса болбойт бекен э. Ошончо митинг кылабыз. Аракты жок кылууга Ким каршы чыгат. Аракты пайдасын Ким корду. Жок кылабыз деген ойго Ким кошулат экен э?
+1
Sagin87
2019-10-12 15:39:15
Окунучтуу
0
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан