ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ушундай болмок. Максаттын арам ою, досуна жасаган кыянаттыгы эртеби-кечпи баары бир билинмек. Эржан алдыдан чыга калганда экөөнүн тең көздөрү алайып, эмне дээрин билбей тайсалдап калышты. Эржандын түрү башкача эле, кичине эле шылтоо болсо Максатты жыга чапчудай тиштенип турган. Максат менен Асел экөөнүн мамилеси достук эмес экенин дароо эле байкады. Асел болсо эптеп учурашымыш болду да бөлмөсүнө кире качты. Өзүн күнөөлүү сезди. Эржан алгач Максат менен эркекче сөздү ачыктап алууну чечти.

– Ии, анан, жигиттин гүлү. Бирөөнүн ашыгы көзүңө жакшы көрүнүп кеттиби?

– Эржан, биз жөн эле...

– Көрүнүп турат, жөн эле экени...

– Канча болду?

– Эмне, канча болду?

– Канча болду сүйлөшүп жүргөнүңөргө?

Аселге деген сезимдерин ачык айтууга учур келгенин, жаап-жашыруунун кереги жок экенин түшүндү. Баштагыдай тайсалдабай, Эржандын көзүнө тике карады.

– 2 айдан ашты,- кантип калп айтып жибергенин өзү байкабай калды.

– Эмне?!

– Ооба, 2 айдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Мен да Аселди сүйүп калдым. Билем, иттик кылдым. Мындан башка жол жок болчу. Кечире алсаң кечир. Бирок Асел меники болот.

–Эмне-ее?- Максатты бет талаштыра бир урду. Мурдунан кан атып кетти. Муштум жеп карап турмак беле? Эржандын бетине да сокку былч этти. Экөө караңгы коридордо мушташып кетишти. Жатаканада жашагандар чыгып ажыратып калышпаса, экөө эмне болот эле белгисиз. Экөөнү эки жакка сүйрөп кетишти.

– Эржан! Убара болбо, Асел баары бир меники болот,- Максат артка карап кыйкырып калды.

– Көрөбүз!- Кийими айрылып, ызаланып турган Эржан ачуусун араң басты. Көп өтпөй бул чоочун жигитти жатаканадан чыгарып салышты.

ххх

Асел бөлмөдөн чыга алган жок. Актангысы, өзүң кабарсыз кетпедиңби деп таарынгысы келди, бирок анте албады. Жанагыдай түрү менен Эржан аны да аягыдай эмес. Түнү менен уктай албай чыкты. Эртең менен сыртка чыкса, эшиктин алдында Эржан күтүп туруптур. Маанайы жок учурашты.

– Жүрү, тигиндей барып сүйлөшүп алалычы,- деди Эржан. Экөө бир топко үнсүз басышты.

– Демек, башка жигит таап алгам дечи. Ошол жөнүндө сүйлөшпөйлүбү,- деди кызды какшыктай.

– Адегенде сенин айылдагы сүйүктүүң тууралуу кеп кылбайлыбы,- деген кыз Эржанды сынай карады.

– Кайсы сүйүктүүм?

– Укпайт, билбейт деген окшойсуң. Болочок жубайыңды айылдык кыз, той жакында дешет го?

– Дегендер ким экен ошо? Кайдагы бир ушакка ишенип алган сен да азамат экенсиң.

Көпкө турушту. Экөө тең ортодо түшүнбөстүк болгонун, ага Максат күнөөкөр экенин түшүнүштү. Таарынычтарды унутууга, мындан ары дайыма бирге болууга бири-бирине сөз беришти.

– Ушул жумада апам Бишкекке келет, ошондо сени менен тааныштырайын,- деди Эржан. Бул сунушу менен мамилеси олуттуу экенин кызга сездиргиси келди. Туура бир аптадан кийин Бишкектеги кафелердин биринде Эржан Аселди апасы менен тааныштырды. Ага Асел бир көргөндө эле жакты. Жигиттин үй-бүлөсү жагымдуу иштер менен чуркап калышты. Эржандын туугандары Аселге сөйкө салганы барууга даярдана баштады.

Максат унчукпай кала албады. Баягы окуядан кийин Аселге баарын ачык айтты. Аны сүйүп калганын, ансыз жашай албасын айтып актанып жатты. Асел анда көңүлү жок экенин, анын үстүнө болуп өткөн окуялардан кийин экөөнүн бирге болушу мүмкүн эмес экенин айтса да болгон жок. Басса-турса жолун тосуп, ээрчип туруп алды. Бир күнү Аселди ала качып кетүүнү ойлонду. Ала качып барып, көптөп отургузсак, жашабай каякка барат деди ичинен. Өмүрү бири-бирин көрбөгөндөр деле бир күндө табышып, бактылуу эле жашап жатышпайбы деди жаман ою. Бул ою күн санап бекемделе берди.

ххх

Кыргызда өмүрү кол тийбеген курулуш иштери тойго жакын шашылыш жасалат эмеспи. Эржан да «үйдү оңдоп-түзөйлү, короо-жайды иреттейли» деген өңдүү иштерге алаксып, Аселге сөйкө салуу жөрөлгөсү артка жылып кетти. Кыз тарап болсо Эржандын туугандарынын келишин күтүп камданып жатты.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MIRBOLOT
2019-10-14 13:41:48
Дөңгөлөк чимириле баштады го...
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-15 23:04:39
Мурунку санын кайдан тапса болот?
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан