БИР БҮРКҮМ. АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН 220 ЖЫЛДЫГЫ ӨТКӨРҮЛӨТ...
“Россия инвестициялык банкы” («Росинбанк») “Керемет банк” деген аталыш менен Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү.
Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Бахрейн жана Иордания өлкөлөрүнө элчилик кызматына Самаргүл Адамкулованын талапкерлигин жактырды.
Алымбек датканын 220 жылдык мааракеси ноябрда Ош облусунда өткөрүлөт.
Саламаттыкты сактоо министрлигине Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди.
Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында бериле баштайт.
Кыргызстанда унаалар үчүн эки жол белгиси пайда болду — "Үйрөнчүк айдоочу" жана "Таксомотор".
Бишкек мэриясы: "Жунусалиев көчөсүн оңдоп-түзөө үчүн 312 бак-дарак кыйылышы мүмкүн".
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси: "Жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөдү".
Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта жабыркагандардын бири М.У. жарым-жартылай эс-тутумун жоготту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.