ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Айдар Калыс атасын көргөндө кучактап жиберди. Аруукени, экөөнүн жакындыгын билген жалгыз адам ушул эле. Бирок ыйлаган жок. Жүрөгү дүк-дүк согуп, көздөрүнүн ичи жашка толуп турса да күч менен басып турду. Кичинекей экенине карабай кайгысын, муңун жашырганды үйрөнгөн эле.

– Айдарды жакшы карагыла, жол алыс. Ошентсе да...- башка эмне айтарын билбеди. Айдарды карап бешенесинен сылап буларды айтты.

– Балам, кайсы бир күнү туулган айылыңа келесиң. Мен силердин үйдү карап турам. Көзүм тирүү болгончо карайм. Сен эр жеткениңде бизге, айылыңа келесиң. Сен мыкты жигит болосуң, Айдарым!

– Болом, Калыс ата...

– Жолуңар болсун, жалгыздын жалгызын жакшы карагыла, куда-кудагый. Эрнис да бир айыл эркелетип чоңойткон кадырлуу адамдардын баласы эле. Тагдыры минтип калды,- карыя көп нерсе айткысы келди. Бирок айтканымды түшүнөбү дегенсип токтоп калды. Айдар таята-таенесинин жетегинде кетти. Артына кайрылганда серейген абышканын карааны турган экен. Көзүнө жаш толгонуна карабай, башын чулгуй алдыга басты. Анда атасында да, энесинде да жок сапат бар эле. Турмуш канча жолу жыгылтса, ошончо жолу кайра күчтөнүп турган адамдардан болчу.


ххх

Эмне деп айтарын билбей Калыс ата тунжурап отуруп берди. Эрнис анын жүзүнөн эле эмне болгонун билди. “Айдарбы же Аруукеби?” деди ичи сыйрыла.

– Эмне болду?

– Айдарды тай жактары алып кетти. Баткенге кетишти. Жаңы эле узатып келдим.

– Аруукечи?

– Аны бирөөлөр асырап алышыптыр. Мындай учурда эч кандай маалымат беришпейт экен.

Эндирей түштү. Буттарынан ал кетип, шалак эте жерге отура калды. Ошол абалында бир топко чейин отура берди. Калыс атасы коштошуп, кантип чыгып кеткенин деле сезбей калды. Ушул күнгө чейин ал Айдарды жакшы көрөм деп ойлочу. Сүйгөн аялынан туулган үчүнбү, тун баласы болгон үчүнбү, ал дайыма Айдарды биринчи орунга койчу. Дал ушул мүнөттө гана кызы анын жанынын жарымы экенин сезди. Чачын алып жатканда эрдин кыса тиштеп отуруп бергени, тамак берсе ыраазы боло бетинен сылап койгону, тептегерек мөлтүрөгөн акылдуу көздөрү тартылды. Бакырып-бакырып алайын десе үнү чыкпады. Өмүрү кызын көрбөй каларын ойлогондо, ал атасы ким экенин билбей, таптакыр чоочун адамдардын колунда чоңоёрун ойлогондо куду жалын кирип кетип ичин өрттөп бараткандай сезилди. Камерада чогуу жаткандар аны таң кала тиктеп жатышты. Бир айдын ичинде кара чачтары бир талы калбай аппак болуп кеткен эле...

ххх

Айдар үчүн баары чоочун болчу. Кайсы бир сөздөр ага таптакыр жат эле. Чоочун адамдарды таята-таене дей албай кыйналды. Таякелери, алардын аялдары, балдары дагы бир жапайы жаныбарды алып келип койгондой аны сонуркап карашчу. Анан калса тайлары жөн гана адамдык милдетин аткарып койгондой, эч бир жакындык жок, иши кылып бир жээн жүрөт дегендей коомай карашчу. Бир гана таенеси...

– Айдар, сен эмнени жакшы көрөсүң?- деди бир күнү. Айдар ага түшүнбөй тиктеп калды.

– Эми велосипед тепкендиби, китеп окугандыбы, атка мингендиби?- Айдар бир нерсе деп айтайын деп бара жатып токтоп калды.

– Эч нерсени,- деди күңк эте.

– Апаңдын сүрөттөрүн көрөсүңбү, сенин курагыңдагы сүрөттөрү бар,- деди таенеси иши кылып бир нерсени сүйлөш үчүн.

– Мейли.

Алдындагы сүрөттөрдү тиктеп турду. Эки чачына бантик байланган өспүрүм кызды карап турду. “Ушубу менин апам?” деп койду оюнда кайдыгер гана.

– Ал аябай жакшы окучу. Мектепте ырдап, бийлеп да жүрдү. Балким, сен да ырдаганды жакшы көрөсүң...

– Жок, мен иштегенди жакшы көрөм. Мага бир иш таап бериңизчи,- деди ал таенесин суроолуу карап.

– Кандай иш?

– Билбейм, суу ташып, камыр жасап, нан кылып, короо шыпырып...

– Андай иштерди кылгандай сен кыз белең?

– Билбейм, мен бош отургум келбейт.

– Жеңелериңди көрдүң го, алардын баары ошол иштерди кылат, козум. А сен болгону ойно, жакшы оку, кээде таятаңа талаага жардам бер.

Айдар жаңы жашоосуна таң кала ийинин куушурду. Ал эс тартканы балдар менен ойноп деле күн өткөрбөптүр. Чоң энесине жардам берчү, кийин өзү тиричилигин кылчу. Бул жерде бир короодо үч келин жашайт экен. Бардык жумуштарды алар кылат. Үйдүн эркектери өз жумуштары менен, таятасы көп учурда үйдө. Бирок ал киши менен эч тил табыша албады. Такыр эле жат кишидей карачу. Сүрдүү, чоң киши эле. Калыс атасындай болуп тамашалап, Айдарым деп эркелетип, уктагыча элдик эпосторду окутуп, өзү майдалап түшүндүрүп эрмектебейт эле. Ойлоп көрсө, Айдардын эң бактылуу күндөрү өз айылында калган экен. Чоң энесин, Аруукени, атасын, Калыс карыяны эстегенде ичи күйүп кетер эле.

Бул жакта иш жок болгону үчүн Айдар эми жан талашып эле китеп окумайга өттү. Эч ким көрбөгөн, билбеген жерге барат да китеп окуйт. Анан да алма жеп отуруп китеп окуганга эмне жетсин? Таятасы алыстан Айдарды карап турду да, шуу үшкүрүп алды. Так эле кызынын көчүрмөсү. Ал дагы китептен баш көтөрбөгөн кыз эле. Бирок жароокер болчу, бул болсо көзүн ала качып сүйлөгүсү келбейт. Алгач небересин көрмөксөн, байкамаксан болгону менен, кийин балага билгизбей аңдыганга өттү. “Атасы кайсар да бир, баласы кайда бармак эле?” дегендей ой менен жүрчү башында. Жаңылыптыр. Акылдуу экени көзүндө турбайбы. Китеп алып бактардын арасына кирип кеткенин алыстан байкайт. Бир жолу байкап турса кичинекей небереси жыгылып кетти, эң биринчи аттап жетип Айдар тургузду. Кийимин күүп, чекесинен сылап бир нерселерди кобурап баланы сооротконун байкады. Шадыраңдаган берки неберелерине караганда башкача бала болчу.

– Айдар,- деди бир күнү.

– Ии,- бала жанына келип карап калды. Тикчийген курч көздөрүнөн жалтана түштү да, колундагы китепке көз чаптырды.

– Сен бул китепти түшүнөсүңбү?

– Ооба, “Сынган кылыч” бул.

– Сен өз жашыңа чак китептерди окусаңчы.

– Мен түшүнөм,- деди бала.

Колуна кайра китебин берип таята терс бурулду.

– Байбиче, бул балада бир нерсе бар. Биздин балдар менен деле жакындашып кетчүдөй эмес, райондун борборундагы лицейге берсекпи?

– Кантип ташыйбыз?

– Мен эмне иш кылат элем? Эртең менен алып барып, түштө курсагын тойгузуп, дагы бир спорт ийримине берсек кечинде келип калабыз. Мен ансыз да күндө эле районго каттап жатпайымбы.

– Өзүң бил, бирок жалгыз Айдарды ал жактан окутсак уулдарың таарынбас бекен?- деди аялы сактана.

– Антпейт, “жетим көрсөң маңдайынан сылап өт” деген пайгамбарыбыздын сөзү бар. Уулдарыңдын балдары ата-энесинин маңдайында тайраңдап жүрөт. Ушул мектептин алдыңкылары болуп алсынчы.

Бул үйдө таятанын чечими мыйзам болчу. Өзү өмүр бою аскер адамы болуп жүрүп пенсияга чыккан. Айдардын тагдыры ошентип чечилди да калды. Таятасынын эски унаасына түшүп, районго мектепке кетип баратканда берки балдардын ичи күйгөнү, ай. Кызыгы, Айдар өзү үчүн жасалып жаткан бул аракетти сүйүнүп деле кабыл албады. Баланын мээсинде бир гана ой бар эле. “Арууке кантти? Менсиз ким менен уктап жатат? Төшөгүнө сийип койсо эч ким урбады бекен? Чачын ким өрүп берип жатат?” Ал эми анын жолдуулугуна ичи тарып жаткандар анын тозогу эмне экенин эч билишчү эмес...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MIRBOLOT
2019-10-14 13:43:09
Жакшы жазылган чыгарма экен.
+4
Baku88
2019-10-15 05:12:28
Ой журогум ай эмне мынча ыйлатат
+1
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан