Тирүүлүктүн бир тозогу – өз балаңдын бөлөк үйдө өскөнү. Болгондо да каалоом менен берген эмесмин. Элдикиндей жайнаган балам деле жок. Андан бери 20 жылга чукул убакыт өттү. Ушунча жыл өткөнүнө карабай кызымды алып кеткен күн алигиче көз алдыма тартылат. Кайнагам менен абысыным келип “кызды эмчектен чыгарып берели, сен бир аз тыңып, эс ал” дешти. Ушул бойдон өз кызымды өзүм колго ала албай калам деген ой кайдан болсун? Эмчектен чыгартып алайын деп эле сөзгө муюп калгам. 10 күндөн кийин алганы бардым. Өнөрү чыгып, көзгө урунуп калган бала аларга да кызык болду көрүнөт. “Коё тур, бала жакшы жүрөт, кийинки барганда өзүбүз ала барабыз, жүрө турсун бир аз” деп жолума салышты. Келиндик ыйманбы же өзүмдүн тартынчаактыгымбы, ичимден буркан-шаркан түшүп үйгө келдим. Алардан тартынып кучактап, өөп, эркелете да алган жокмун. Кызымды сагынуу менен бир ай өттү.
Бир күнү кайнагамдар келип калышты. Аларды көргөндө кызым келди деп алгач сүйүнүп кеткем. Бирок кызыбыз жок эле өздөрү келишти. Эмне болуп кетти деп коркуп турдум. Ушунчалык ыйбаа кылганымды айт. Ооз ачып кызымды сурагандан тартынып турдум. Дасторконго отурганда кайнагам жолдошума кайрылып кеп баштады:
– Эми, Кайрат, кыз биздин үйгө, биздин колго көнүп калды. Кызды бизге бергиле, силер али жашсыңар, дагы да балалуу болосуңар. Жеңең экөөбүз кеңешип силерге келдик,- дегенин укканда жаным жанчыла түштү. Буюмду алып жаткансып өздөрү чечип койгонуна жиним келди. Үн ката алган жокмун. Күйөөм жок десе экен деп турдум, бирок ал да унчуга алган жок. Азыркы жаштар болсо атырылып эле чыкпайт беле.
– Өзүбүз эле...- дегенде жеңебиз оозунан сөзүн жулуп:
– Биз эмне бөтөн киши белек? Көзүбүздүн карегиндей карайбыз. Каалаган учуруңарда барып турасыңар. Анын үстүнө жашсыңар, иштеп оокат кылгыла, ушинтип эле үйдө жүрө берет белеңер?!
Көзүмдүн жашын көл кылып кала бердим, көз алдымда өз баламды өз колумдан тартып алышты. Бул абалымды энелер гана түшүнсө керек. Анткен менен абысыным деле эне болчу да. Өздөрүнүн балдары турса биздин жалгыз чүрпөбүзгө көз арткандарына таң калам.
Жолдошум экөөбүздүн ортобузда тынымсыз кер-мур айтышуу башталды. “Баарын сен баштагансың, обу жоктонбой эле эмизип жүрө берсең, өзү чыгат эле да” деп мени күнөөлөп келет. Уруштук-талаштык. Кызды алабыз деп көп жолу бардык. Анысы аз келгенсип ушунча жылдан бери боюмда болбой койду. Врачтарга көрүнүп, канча аракет кылсак да Кудай бизге кайрадан наристе жытын ыраа көрбөдү. Балким, балалуу болсок аны багуу менен алпурушуп калар белек?..
Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди тиктеп отуруп чай ичкен жылдар чубалып өтө берди. Ошентип кызыбыз да чоңойду. Бара-бара кайнагамдар биздин барганыбыз көбөйгөнүн айтып жаман көрө башташты. Кызыбызга бизди жууткулары келбейт. Биз тапкан-ташыганыбызды кимге коротот элек? Кайра эле кызыбызга үйрүлөбүз. Кайсы эле ата-эненин “ата-апа” дегенди уккусу келбесин... “Байке, жеңе” деп кайрылат да бизге, кайдагы ата-апа? Тарбиясы да менин купулума толбойт. Менден бөтөн өссө дагы менин боор этим менен тең эмеспи. Барганда кызыма карата туура эмес мамилени, кайсы иш болбосун тындырбай жумшагандарын көргөндө жүрөгүм тилинип кетет. Өз колумда чоңойсо эркелеп чоңойбойт беле. “Бала чоңойгондо өзү таап алат, кимде болушту өзү тандайт, кимдин баласы экенин баары бир билет” дегенибиз менен, бөтөн өскөндүкү бөтөн эле болот экен. Чоңоюп эне-атасы биз экенин билсе дагы имерилип боор тарткан жок. Мен деле балага мээрим төгүп, камкор эне болгум келет. Эч бир жакындык жок болсо эне-баладай эзилишкен бактылуу учур кайдан болсун?.. Бул боштукту айла жок каалаган нерсесин алып берүү менен толтургум келет. Азыр кызым менен болгон байланышты ушул нерсе кармап турат. Дүкөн, базар кыдырган күнү өзүмдү бүтүн сезе түшөм. Кызымдын көздөрүнөн “эмнеге мени бөтөн колго бергенсиң?” деген таарынычты окуп эле турам. Көзүмдү ала качам. Сени колго алууга күчүм жетпеди. Ыйбаа кылдым дегенимди алсыздыгым катары бааладым. Кызым, энеңди кечир!
Жүрөгүң бүтүн бойдон балаңа байланып, жашоодо эне үчүн баланын орду такыр бөлөк экен. Унутуп сала албайсың, оюңдан түртүп чыгарып коё албайсың. Ата-эне, кандай жагдай болбосун балаңарды бөтөн колдо өстүрбөгүлө. Колуңар жетпей же үнүңөр жетпей мага окшоп далай сыздайсыңар.
Жаңыл