Күчтүүлүк эмне? Жүрөгүңдү жарып бараткан дартыңды айта албай жаш аралаш күлүмсүрөөбү? Же эч бир нерсеге кармана албай учуп баратканыңда да өзүңдү эмес, артыңда кала тургандарды ойлонуубу? Чындап күчтүүлүк эмне? Кээде бүтүн жашооң уучуңа сыйбай тоголонуп бараткандай сезесиң. Кайсы бир чечим сенден гана көз каранды болот. Сен оң жакка бурсаң оң, сол жакка бурсаң солго кетерин билесиң. Баарынан жаманы, сенин жакындарыңдын тагдыры да бул чечимден көз каранды. Ушундай бир чечим чыгарууга аргасыз болдуң беле? Мен дайыма болдум. Жоопкерчиликтен канчалык качпайын, кайсы бир күчтүү ийинге таянгым келгенине карабай ар дайым чечим чыгарганга аргасыз элем. Мен таянган ийиндерим шалдырап турганда аргасыз бутума турууга туура келди. Көптөр мени "күчтүү аялсың" дейт. Билген билер, бирок менин билишимче, дүйнөдөгү эң чабал аял менмин! Мен жалгыздыкты жеңдим, жокчулукту жеңдим, жыгылган жеримден туруп жолумду кайра баштаганды билдим. Жакындарымды коргогонду билдим.
Баарына күчүм жеткен менин кечиргенге күчүм жетпеди. Жүрөгүмдөгү ызаны жеңе албай койдум. Сен мага, менин сүйүүмө кыянат кылганыңды эч кечире албадым. Көп жерге бардым. Психолог менен жолуктум, медитация менен алек болдум. Өзүмдү каздым. Бирок баарын дарылаган мезгил да муну дарылай алган жок. Анткени жараланган элем. Катуу жараладың мени. Жарам эскирбеди. Миллион аялдар өтө алган, көтөрүп жашап кете алган, аттап кете алган, көз жума алган нерсеге мен көз жума албадым.
Өзүң да байкабайсың, ушуга чейин мени түшүнбөгөн көз караш менен карап келесиң. “Эркектин баары бура басат, дүйнө коңторулуп кеттиби?” дегендей көз караш. “Эркекти чөнтөккө салып жүрө тургандай буюм беле?” дегендер да жок эмес. Балким, өтө өзүмчүлдүрмүн. Балким, өтө өзүмдү сүйөттүрмүн. Болушу мүмкүн. Бир билгеним, дүйнөмдү аңтарып кеттиң. Карманарга эч нерсе калтырбадың. Эртең күн чыкпай калат десе ишенишим мүмкүн, бирок сенин менин артымдан кыянаттык кыларыңды, болгондо да жакын курбум менен кыянаттык кыларыңды эч күтпөгөм. Балким, экөөңдү тең жакшы билгеним үчүн, экөөңдүн тең жүрөгүмдө ордуң бар болгон үчүн ушунчалык оор кабыл алдым. А сен дагы эле түшүнбөйсүң. Дагы деле менден кечирим суроо менен убарасың. Эмне дейин? Эмне дей алам?
Эсиңдеби, дайым кол кармашып жүрчү элек. Базарга барсак да, конокко барсак да колумду колуңдан чыгарбай жүрчүсүң. Алакандарыбыздын жылуулугу азыр да жүрөгүмдүн бир жерлеринде сакталып турат. Болбогон нерсеге каткырып, жөн жерден эле жиндилик кылчу элек. Талашып-тартышкан, урушуп-талашкан, сүйүп-сүйүлгөн эң керемет күндөрүбүз болду. Менимче, экөөбүз тең ошол күндөрдүн баркын билбедик. Сен мени эң талуу жеримден урдуң, а мен сени кечире албадым. Жашообуз өтүп жатат. Башка бир максаттар, башка тилектер, башка ойлор. Күн мурункудай тийип, шамал болуп, кар жаап, жамгыр алдында калып... Баары бар, болгону биз жокпуз!
Мен бүгүн сенден кечирим сурайм. Жок болуп кеткен биздин дүйнөбүзгө менин да күнөөм бар. Мени кечир, жүрөгүм али сен деп согуп жатканына, дагы деле эл арасында сени көздөрүм издеп жатканына, эми деле үшүп калбасын деп сага жылуу байпак токуп жатканыма, дагы эле тамак жасасам сени "эмне ичти болду экен?" деп кылт эткен ойлорума карабай мен сени кечире албайм.
Сени кечире албаганым үчүн, ызамды жеңгенге күчүм калбаганы үчүн сен бүгүн мени кечир! Суранам сенден...
Мунара